КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ АКЧА КОТОРУУЛАР БОЮНЧА РЕЙТИНГДЕ АЛДЫҢКЫ САПТА

№782 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж

Дүйнөлүк банктын "Европа жана Борбордук Азиядагы миграция жана мобилдүүлүк" аталышындагы докладынын билдирүүсү боюнча, Кыргыз мамлекети акча которуулар боюнча алдыңкы орунда турат. Ага ылайык, Кыргыз Республикасына чет өлкөдөн которулган акчалардын көлөмү Ички дүң продукциясынын 37 пайызын түзөт. Бул көрсөткүч Европа жана Борбор Азия боюнча 1-орунда болсо, экинчиде 28 пайыз көрсөткүчү менен Тажикстан ээлеген. “Миграциянын өнүгүүсү Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн макроэкономикалык туруктуулугун жана атаандаштыкка туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн азайтат. Акча которуулар товарды пайдаланууга жакшы таасирин берет, өтүмдүүлүгү жогору товарлардын баасынын өсүшү тышкы соодага кетчү товарлардын баасынын көтөрүлүшүнө алып келерин айтышат”,- деп айтылат докладда. Ошондой эле Дүйнөлүк банктын адистери кыргыз бийлигин жергиликтүү өндүрүштөрдү ЕАЭБдин стандартына дал келтирүү иштерин илгерилетиши керектигин билдиришти.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2017-жылдын алгачкы алты айында чет жакта иштеген мигранттардан Кыргыз өлкөсүнө которулган акчалардын суммасы 1 миллиард 300 миллион долларды түзгөн.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо