МЫРЗАЛАР ҮЧҮН АКТУАЛДУУ БУТ КИЙИМДЕР

№783 3-9-ноябрь, 2017-ж.

Бут кийим – гардеробдогу негизги кийим. Андыктан алдыдагы 2017-2018-жылдагы кышта мырзалар үчүн кандай бут кийимдер актуалдуу экенин байкап көрөлү. Булгаарыдан, замшадан, нубуктан тигилген классикалык кончу узун өтүктөр, спорттук бут кийимдер модада болот. Ошондой эле жылдын актуалдуу түстөрү – кара, күрөң, хаки, кара-көк, кочкул кызыл.


БОТИНКА.

Кончу узун милитари же кэжуал стилиндеги (боосу бар) ботинка бул сезондо модада.

  1. Эмнелер менен жарашат? Водолазка, рубашка, жынсы шым, спорттук кийимдер, пальто, дублёнка жана булгаары күрмө.
  2. Эмнелер менен кийгенге болбойт? Классикалык костюм-шым.


ЧЕЛСИ.

Эң ыңгайлуу бут кийимдердин бири. Эки капталында резинасы бар болгондуктан, кийип-чечкенге ыңгайлуу.

  1. Классикалык костюм-шым, бомбер, пиджак, пальто.
  2. Спорттук кийимдер, кенен жынсы шым, булгаары күрмөнүн косуха түрү.


ДЕРБИ.

Быйыл дагы трендде болмокчу. Бул бут кийимди сүйүүчүлөр аны күз, кыш мезгилдеринде кийип жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анткени кончу узун, ичи жылуулатылган түрү катуу суукта сиздин модалуу болушуңузга шарт түзүп, бардык кийимдин түрлөрү менен кийүүгө болот.

  1. Кара түстөгү дербини классикалык костюм-шым, пиджак, пальто менен, ал эми күрөң түстө же замша болсо жынсы, спорттук жана кэжуал стилиндеги кийимдер менен айкалыштыруу кажет.



СНИКЕРС.

Активдүү жашоо образындагы мырзалар суу өткөрбөгөн, бышык спорттук бут кийимдерге басым жасашат. Таманы платформа болгон сникерс бут кийим кийүү менен жылдын модалуу мырзасы боло аласыз.

  1. Спорттук пуловер, жынсы шым, косуха, капюшондуу күрмө.
  2. Классикалык рубашка жана шым, костюм, пальто.



ӨТҮК.

Табитиңиз классикалык стилге ыктаса, анда эки капталында сыдырма, башында темири же саймасы бар өтүктү тандасаңыз жаңылбайсыз.

  1. Рубашка, костюм-шым, пальто.
  2. Спорттук кийимдер, кенен жынсы шымдар, капюшондуу узун күрмө.



МОКАСИНЫ.

Кыштын актуалдуу бут кийимдеринин катарында. Ичи мех, материалы – булгаары, замша. Кургак аба ырайында көчөгө кийип чыксаңыз жеңил, ыңгайлуу. Мокасины спорттук же классикалык деп бөлүнбөйт. Андыктан кийимдер менен айкалыштырууда этият болуңуз.

  1. Кэжуал стилиндеги кийимдер, күрмө, пальто.
  2. Классикалык костюм-шым.



Мындан тышкары көрүнүшү сойлоп жүрүүчүлөрдүн (рептилия) терисин элестеткен бут кийимдер өз актуалдуулугун жоготпой, модада.

  1. Классикалык рубашка, костюм-шым, булгаары күрмө, пальто.
  2. Спорттук кийимдер, кенен жынсы шым, капюшондуу күрмө.


Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(5)
07.11.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Охоо буларды кийип алып эле магазиндерде журо берчу го эркектерибиз.Ишти ким кылат анда?
09.11.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы акчан болсо ала берсен
09.11.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы акчан болсо ала берсен
09.11.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кайсы магазинде экен
10.11.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Максат такой милый.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо