ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ ДЕПУТАТТЫК МАНДАТЫНАН АЖЫРАТЫЛДЫ

№783 3-9-ноябрь, 2017-ж.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча 1-ноябрда чечим кабыл алды. БШКнын жыйынында анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечимине «каршы» добуш берген мүчөлөр да болду. «Каршы» деп добуш берген БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова бул чечим негизсиз экендигин билдирип, «20-ноябрда Жогорку Сот Текебаевге карата буга чейин чыккан райондук өкүмдүн, шаардык соттун чечиминин ишке ашуусун токтотуп койсо эмне болот?» деген суроо салды. 2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ министри Дүйшөнкул Чотоновго карата райондук соттун алардын ар бирин сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган. 24-октябрда жактоочу Чынара Жакупбекова Текебаев боюнча соттордун өкүмүнө макул эместик билдирип, Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылган. Абдрахматова Шаардык соттун чечими БШКга 28-октябрда келип түшкөнүн, мыйзамда белгиленген 30 күн 28-октябрдан тарта эсептелиши керектигин айтууда.
Ал эми БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Өмүрбек Текебаевге карата шаардык соттун чечими бир ай мурун 2-октябрда чыкканына таянып, «эсеп шаардык соттун чечими чыккан күндөн тарта саналат» деген позицияны карманууда.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Өмүрбек Текебаевдин ордуна Жогорку Кеңештин депутаты болуп Искендер Гаипкулов келет. Текебаев учурда №47-түзөтүү колониясында жазасын өтөөдө.

Адилет Керимбек уулу 
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо