МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИН ЭМИ ЖУРНАЛИСТ БАШКАРАТ

№783 3-9-ноябрь, 2017-ж.

28-октябрда Түгөлбай Казаков маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан өз каалоосу менен кеткен. Ал акыркы айларда министрликтин дарегине карата сын-пикирлердин көбөйүп кеткени кызматтан кетүүгө түрткөнүн билдирди. Алардын акыркысы Бишкектеги тарых музейинде сакталып турган баалуу экспонат IV-V кылымдарга таандык мумиянын жерге көмүлүшү болду. Көшөгө артында Түгөлбай Казаковдун кызматтан кетишине жаш ырчыларды кызматка дайындоо, аларга мамлекеттик сыйлыктардын берилиши, андан улам жаралган коомчулуктагы талкуу себепчи болгондугу айтылууда. Мисалга алсак, Түгөлбай Казаков жетектеген министрликтеги комиссия мүчөлөрү ырчы Самара Каримованы Эмгек сиңирген артист наамына көрсөтүү болбогону, ал ырчы наамга президенттик аппарат тарабынан сунушталганын маалымат жыйында айтышкан эле. Ак үйдөгү чоңдорго мындай жарыя жакпай калган өңдүү.
Казаковдун ордуна мурун Билим берүү жана илим министрлигин жетектеп келген, учурда президенттик аппараттын башчысынын орун басары Эльвира Сариева кызматка келери айтылган. Бирок бул сөздөрдү Сариева төгүндөгөн.
30-октябрда өкмөт тарабынан маданият министри кызматына "Азаттык" радиосунун, ЭлТР жана КТРК телеканалдарынын жетекчи кызматтарында иштеп келген журналист Султан Жумагулов сунушталып, Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылды.
Адилет Керимбек уулу 
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо