Бир бүркүм. СЕГИЗБАЕВ МЕНЕН ИСРАИЛОВГО ГЕНЕРАЛДЫК НААМДАР ТАПШЫРЫЛДЫ...

№783 3-9-ноябрь, 2017-ж.

  • 30-октябрдан тарта президент Алмазбек Атамбаев эмгек өргүүсүнө чыкты. ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮНДӨ өлкө башчы Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки улуттук өнүгүү стратегиясынын долбоорунун акыркы вариантынын үстүнөн иштээри айтылды.
  • Кыргыз өлкөсү жолдордун сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде 122-ОРУНДУ ээледи. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун расмий сайты жазып чыкты.
  • Өзгөчө кырдаалдар министри билдиргендей, жыл башынан бери жаратылыш кырсыктарынан улам келтирилген чыгым 896 МИЛЛИОН сомду түздү. 9 айда 318 өзгөчө кырдаал катталып, анын ичинен 104ү кар көчкү, 67си жер көчкү, 46сы сел жана 12 жолу катуу шамал болгон.
  • Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Улан Исраиловго, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевге жана ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровго ГЕНЕРАЛ-МАЙОРУ НААМДАРЫН тапшырды.
  • Социалдык фонд билдиргендей, өлкөдө 1009 адам 20 миң сомдон ПЕНСИЯ алат. Пенсиянын орточо өлчөмү 5 520 сомду түзөт.
  • Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти болуп академик, техника илимдеринин доктору МУРАТ ЖУМАТАЕВ шайланды.
  • Бишкек шаарындагы Түштүк магистралда «НЕФТИЧИЛЕР АЛЛЕЯСЫ» ачылды.
  • Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Кыргыз өлкөсү бизнес жүргүзүүдөгү жеңилдиктер индексинде 190 мамлекеттин ичинен 77-ОРУНДУ ээледи.
  • БУУнун билдирүүсү боюнча, өлкөдөгү балдардын 57 пайызы үй-бүлөдө ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА дуушар болот.
  • ИИМдин билдирүүсү боюнча, 2017-жылы 9 ай ичинде АДАМ САТУУ боюнча 4 кылмыш катталган.
  • 2016-жылы АРАКЕЧТИКТЕН 24 адам көз жумган. Бул тууралуу Республикалык наркология борбору билдирди.
  • КСДП фракциясынын депутаты АСЕЛЬ КОДУРАНОВА вице-спикерликке дайындалды.
  • 7-8-НОЯБРЬ – Ата-бабаларды жана тарыхты эскерүү күнү катары белгиленет.


Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо