HI-TECH NEWS

№783 3-9-ноябрь, 2017-ж.

АМЕРИКАЛЫКТАР ТҮЗСҮЗ КҮН БАТАРЕЯСЫН ОЙЛОП ТАБЫШТЫ

Мичиган университетинин изилдөөчүлөрүнүн бул күн батареялары келечекте электр энергияны үнөмдөөчү жакшы табылга болорун Science Daily басылмасына билдиришти. Мындай панель универсалдуу болуп, аны чатырдын, унаанын жана ири имараттардын айнектеринин ордуна колдонуп, күндөн энергия алса болот. Алардын эсебинде эгерде америкалыктар массалык түрдө ушундай панелдерди колдонушса, ал АКШнын электр энергияны керектөөсүнүн 40 пайызын жабат. «АКШда 5-7 миллиард чарчы метрге чейин айнек беттери бар, эгерде ошонун баары ушундай түзсүз күн батареясы менен жабылса, анда бул келечекте арзан энергия берген күн генератору болот»,- дейт университеттин окумуштуусу Ричард Лунт.

ЯПОНИЯЛЫКТАР ТАМАК ЖЕП ЖАТКАНДА ҮН ЧЫГАРБАЙ ТУРГАН ВИЛКА ОЙЛОП ТАБЫШТЫ

Япониянын «Nissin» компаниясы чыгарган акылдуу вилка Otohiko деп аталып, көлөмү кадимки вилкалардан чоңураак. Өндүрүүчүлөр аны үнүн чыгарбай жей албагандарга арнаганын айтышат. Вилкада орнотулган микрофон кесме желип жаткандагы үндү Bluetooth аркылуу алдын ала туташылган смартфонго жиберет. Баасы 130 доллардан кем болбойт.

БИРИНЧИ ЖОЛУ РОБОТКО ЖАРАНДЫК БЕРИЛДИ

Жасалма интеллекттин ээси София болгону 1 жашта. Ал 2016-жылы «Hanson Robotics» компаниясы тарабынан чыгарылып, сырткы келбети актриса Одри Хепбёрндун модели катары түзүлгөн. Аталган роботко Эр-Риядда өткөн экономикалык конференцияда Сауд Арабия өлкөсүнүн жарандыгы берилди.
Андроидге бул иш-чарада сөз берилгенде София роботтор адамзатка жардам берүүсү башкы максат экендигин белгиледи. Аталган жасалма интеллект 2016-жылы «Адамзатты жок кыласыңбы?» деген суроого «ооба» деп жооп берип, кийин «бул тамаша» деп айтканы менен таанылган. Робот атайын 60тан ашык механизм, көздөрүндө камералар жана эмоцияларды билдире алган программалар менен камтылган.


Алтынай Тынышова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
09.11.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аха значить оюнда бар экен да бизди жок кылыш, акмак. Уяты жок. Жолуман чыкпа да, кармасам сазайыны берем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо