САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№393 14-20-май, 2010-ж.

Өмүрбек Текебаев: “АК ЖОЛДУН” КОЛДООСУ МЕНЕН
ПРЕЗИДЕНТ БОЛГОНДОН КӨРӨ...”

Өмүрбек Текебаев: “Ак жол” партиясынын колдоосу менен президент болгондон көрө Кыргызстандын жөнөкөй жараны болгонум жакшы”,- деп билдирди. Анын айтымында, “Ак жолчулар” Убактылуу өкмөткө: “Келгиле, биз силерди легитимдештиребиз, анан иштей баштайсыңар”,- деп кайрылышкан. “Убактылуу өкмөттүн бир дагы өкүлү мындай кадамга барбайт”,- дейт “Ата Мекен лидери.
Ошентип, буга чейин эле тиги жээктен бул жээкке өтө качмай илдеттен алыс саясатчы катары бааланып келген Өмүрбек мырза өз принциптеринен тайбай турганын дагы бир ирет далилдеди.


АЙРЫМ КҮЧТӨР БАШ АЛАМАНДЫК ЖАРАТУУ НИЕТИНДЕ

12-майда “Жаш тегин” жаштар кыймылынын 2 миңден ашуун өкүлү баш калаадагы эски аянтка чогулуп, митинг өткөрүштү. Анда жаштар Убактылуу өкмөттү сындап, Курманбек Бакиевдин кармала электигине, чек аралардын ачылбай жатышына жана күйүүчү майлардын кымбаттап кетишине нааразычылыктарын билдиришти. Дал ушундай пикирлерин билдирип жаткан бул топтун чыныгы максаты, жүзү кийинчерээк билинди десе болот. Тактап айтканда, алар Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин жактоочулары экендиги белгилүү болду. Топ башында жүргөндөр чогулган элге “Шаарды Түлеев тартипке алып келет”, “Бизге Түлеевдей лидер керек” деген жазуусу бар баракчаларды таратышты. Ошондой эле чогулгандар: “Убактылуу өкмөт элдин алдына чыгып жооп берсин. Болбосо, өзүбүз кирип алып чыгабыз”,- деп кыйкырып жатышты. Эч ким чыкпаган соң чогулган топ тарап кетти.
Бул топко жооп иретинде Убактылуу өкмөттүн жактоочулары жана КСДПнын мүчөлөрү “Форум” ишканасынын алдында чогулуп, шаарды аралай басышып, саат 18 чамасында эски аянтка келишти. Утурумдук өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев жактоочулардын алдына чыгып сөз сүйлөдү. Ал: “Убактылуу өкмөттүн ишин сынга алып, бүгүн акция уюштургандардын ичинде чагымчы-провакаторлор бар”,- деп баса белгиледи. Ал ошондой эле өлкөнү ыдыраткысы келген топтордун максаты ишке ашпасын билдирип, чек араны ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.


ОРУСИЯ ДАЯРДАП ЖАТКАН ХАНЗААДА УШУЛБУ?

Апрель окуяларынан кийин “Орусия Кыргызстанга президент кылуу үчүн бирөөнүү даярдап жүрүптүр. Ал генерал Эргеш Алиевдин небереси имиш” деген кептер эл арасында кеңири таркаган. Милиция кызматында кыргыздардан чыккан биринчи генерал Эргеш Алиев экендигин, учурда ИИМ академиясы дал ушул инсандын атында экендигин көпчүлүк биле бербесе керек. Мына ушул генералдын небереси Бахтияр Алиев В.Путин таптап жаткан кадр экендиги буга чейин ара-чолодо айтыла калып жүргөн.
Ошол Бахтияр Алиев Кыргызстандын жарандарына 11-майда Zpress агенттиги аркылуу кайрылуу жасап, Кыргызстан бүгүнкү күндө күчтүү бийлик­ке, күчтүү кризис-менеджерге муктаж болуп тургандыгын билдирген. Тактай кетсек, генерал-майор Бахтияр Алиев учурда Орусия Федерациясынын Коопсуздук кызматында иштейт.


МИТИНГЧИЛЕРГЕ ОК АТКАН 8 СНАЙПЕР КАРМАЛДЫ

“11-май күнү 5 снайпер колго түшүп, дагы кармалган 3 снайпер түштүктөн Бишкекке алынып келинет”,- дейт Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орунбасары Азимбек Бекназаров. Аларга “7-апрелде Ак үйдүн чатырынан демонстранттарга ок аткан” деген күнөө коюлуп, учурда снайперлер тергөөдө суракка алынышууда. А.Бекназаровдун айтымында, 50 снайпердин винтовкасы табылып, алар аркылуу снайперлердин кай жерден аткандыгын аныктап жатышат.


ЭКС-МИНИСТР КАМАККА АЛЫНДЫ

“Мурунку Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов Баш прокуратура тарабынан кармалды”,- деп аталган органдын Басма сөз кызматы билдирет. Азыркы учурда Т.Турдумамбетов буга чейин козголгон кылмыш иши боюнча тергөө тобу тарабынан суракка алынууда. Экс-министр мырзага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, андан сырткары “Түндүкэлектро” Ачык акционердик коомун төмөндөтүлгөн баада мыйзамсыз менчиктештирип берген” деген күнөө коюлууда.


ОШТО ОРУН ТАЛАШ

13-майда Ош шаарында Убактылуу өкмөткө каршы көз караштагылардын митинги башталып, Курманбек Бакиевдин тушунда Ош облусунун губернатору болуп турган Мамасадык Бакировдун тарапташтары обладминистрацияны басып алышты.
Милиция кызматкерлери нааразычылык акциясын сырттан көзөмөлдөшүп, аралашышкан жок. Убактылуу өкмөт тарабынан дайындалган губернатордун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков чыгып, эки тарап сүйлөшүү жүргүзүштү. Бирок анын жыйынтыгы тууралуу маалымат белгисиз бойдон калууда.
Облустук администрацияны басып алышкандан кийин М.Бакировдун тарапташтары атайын топ түзүп, имаратты коргоого алышты. “Алар ушундай эле аракеттерди Жалал-Абадда, Баткенде да жасоону максат кылышууда” деген кептер бар.


MEGACOM КОМПАНИЯСЫНЫН ИШИ
ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАБАЙТ

Акыркы айларда аталган компаниянын мүлкүн мыйзамсыз басып алуу аракеттери болгон. Бирок Убактылуу өкмөт жеке менчик ээсинин кызыкчылыгын коргоп, азыркы учурда компания тийиштүү сапаттагы кызматты толук аткарууда. MegaCom компаниясынын баш директору Андрей Силичтин айтымында, жумуш жана кызмат көрсөтүү үзгүлтүккө учурабай, 2010-жылдын биринчи чейреги боюнча 250 миллион сом салык төлөшкөн. “Баш прокуратура жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Алексей Елисеев, Евгений Гуревич жана башкаларга карата кылмыш иши козголду. Алар MegaCom компаниясынын уставдык капиталынын 51 пайызын мыйзамсыз басып алгандары үчүн айыпталышууда”,- дейт ал.
Ал эми юрист Аюр Доржиевдин маалыматына таянсак, аталган компания буга чейинки мыйзамсыз иш-аракеттердин айынан 20 миллионго жакын каржылык жоготууга дуушар болгон.


Окурмандын ою

НАРИМАН ТҮЛЕЕВДИН ЧЫНЫГЫ ЖҮЗҮ КАНДАЙ?

7-апрель окуясынан кийин Бишкектин мурунку мэри Н.Түлеевдин “мен саясатчы эмесмин, мен чарбачыл адаммын” дегенин көптөгөн гезиттер жазып чыгышты эле. Бирок 12-май күнү Жогорку Кеңештин имаратынын жанында Түлеевдин жактоочуларынын митинг өткөрүп жаткандыгын көрдүм. Ушундан улам өзүмдүн жарандык оюмду билдирүүнү туура таптым.
Экс-мэрдин миңге жакын адамды аянтка алып чыкканы түрдүү күмөндү туудурат. Аны борбор шаардын оңолушуна чоңң салым кошту деп келебиз. Чынында, айтылган жумуштун баары мэрдин милдетине кирери анык эмеспи. Шаардын акчасын шаарга эле сарптап жатты. Былтыркы жылы мэрия аткарган иштерди бирден тизмелеп, кудум каражаттын баарын Н.Түлеев өз чөнтөгүнөн чыгарып жасаткандай сүйлөп жатышты. Бирок баш калаанын көчөлөрүн, жолдорун кыйратып оңдогон жок го. Орто-Сай” базарынын айланасындагы, 6-7-кичирайондордогу, Туңгуч тараптагы жолдорду көз алдыга келтирип, “шаарды оңдоду” деген кеп менен макул болбой кетесиң. Тескерисинче, апрелден бери шаарыбыздын ар кайсы көчө-жолдорун жамап-жазгап, бир топ оңдоп жиберишти. Атүгүл таштандылардан тазалоо иши да азыр мурдагыдан жакшы жүрүп жатканы байкалууда.
Акыркы күндөрү экс-мэрдин айланасында болуп жаткан иштер Түлеев канчалык “саясатчы эмесмин, чарбачылмын” деп кыйкырбасын, түпкүрүндө саясий кызыкчылык бар экенин айгинелейт.

Актан, Бишкек шаары.

Айбек Кочкоров, Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
17.05.2010. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер саясатты жон гана чагылдырышынарды суранам, же болбосо жон эле койгула. ордунар бар го. окурмандын ою дегенинер жаккан жок! иреенжитет
17.05.2010. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элди атыш учун 50 снайперди кайсыл акмак жалдады? Же мамлекеттин мулкунон алган акчанар батпай калдыбы? Ошол снайперлердин бири озунорду атат го бир кум.
18.05.2010. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окурман Актандын оюна кошулам. Ооба, ал кылышы керек болгон ишти кылды да. Андан да көп кылышы керек болчу. Бишкек укмуш болуп кеттиби? Суперинфо ушинтип, окурмандардын ойлорун да берип жатканыңар жакшы деп эсептейм.
18.05.2010. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россия тиешебиз жок дешет,а бирок менин оюмча алардын Кыргызстанга,анын кен-байлыктарына болгон кызыгуусу абдан кучтуу деп ойлойм.
19.05.2010. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул бийлик алмашууга Россия эле туртку болду деп ойлойм.
19.05.2010. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Россиядан Владимир Путиндин окуучусу генерал Алиевдин небереси президенттикке ат салышат экен" деген эл арасында сөз бар. Буга кандай дейсиз?
- Андай башка өлкөлөрдүн шакирттерин Кыргызстандын эч бир кызматына жолотпош керек. Анын үстүнө ФСБнын кызматкери болсо... Мисалы, миң чет өлкөдөбү же башка облустарда иштеген окуучуларыма тапшырма берсем, алар аткарышат. Мен да, устатыбыз Макен Исаковдун айткан буйругуна
19.05.2010. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эми руханий окуу жолу, а саясый маселеде абдан коркунучтуу окуяларга айланып кетиши мүмкүн. Мисалы, Кудай сактасын, албетте, эгер окуучусу президент болсо, Путин "ар бир губернатордун жардамчысын, шаар мэрлеринин 20%ын, Ысык-Көлдүн губернаторун орус улутунан кыласың, банктардын жетекчисин орустан коесуң, 5 жылдын ичинде парламенттин 30%ы орустан болуш керек, 10 жылдын ичинде Кыргызстанды Россиянын карамагына өткөрүүгө элди арг
19.05.2010. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
presskg.com/uch/10/0513_6.htm
okugula kirgizdar
20.05.2010. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
presskg.com/uch/10/0513_6.htm
okugula kirgizdar

Окудум. жалан эле Барктабасовдун рекламасы экен да. менин оюмча чын эле Барктабасов элим жерим деген адам болсо бийликке мыйзамдуу турдо талапкерлигин койсо керек эле. 2005-жылдагыдай болуп ак уйго атака жасабай.
20.05.2010. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми туугандар.мен алгач оппозитсияны жактырбай каршы чыгып журдум.Азыр болсо канчалык жактырбасак да колдошубуз керек.Мезгил ушуну талап кылып жатат.Мыйзам жолуна тезирээк киришибиз керек."Эн жаман система дагы системасыздыктан жакшы".Антпесек ар ким ар жерде пикет уюштура берип дагы бийлик алмашып кетиши мумкун.Дагы бир жолу бийлик алмашса унутпагыла ОРУСТАРГА КУЛ БОЛУП КАЛЫШЫБЫЗ ыктымал.Себеби АКШнын Ооганстанга жасаганын жасайт.Аскерлерин тынчтык сактайбыз деп алып келип акырындап басат.
20.05.2010. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жириновский КЫРГЫЗСТАНДЫ орустарга кошобуз деген арам оюну айтып жатат.Орустар дагы ушундай болсо силерге жакшы болот деп атышат.Биз аларга кошулсак алардагы жумушчу куч,азык-тулук,эт маселеси чечилет дешет.Аларды колдогон атуулдарыбыз да бар.Эски СССРди энсеген.Карап эле корсонор жумушчу куч болот экенбиз аларга.Башкача айтканда кулдары.Туугандар ойлонолу.КЫРГЗЫСТАН келечеги кен олко.Мен жашоомду олкомо арнагам.Бул жолго кепиним менен кошо чыккам.Аллах КГнин келечеги учун курошуп журуп олууну б
20.05.2010. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СССРди энсегендерге айтарым.Ал мезгилде баарынар жумуш менен камсыз болгонсунар.Бирок,кандай жумуш.Кыргыздардын басссымдуу болугу жайлоодо,талаада жургон го кара жумушта иштеп.Жалан айлыкка иштешкен.Керээлден кечке.Кеминде 10 жыл иштеп,Совет бир уй берсе суйунуп.Оз алдынарча 5 жыл иштесенер деле ошол уйду салып аласынар.Азыр иштебей жатабыз кобубуз бекерчилик деп.Ошого жашоо томон.Советте кунуго иштейсин эзилип кара жумушта.Айырмасы ошол азаыр деле оз алдынча ошончолук иштесек ийгилик жаратабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо