ЖЭЭНБЕКОВДУН ИНАУГУРАЦИЯСЫНА БАШКА ӨЛКӨ ПРЕЗИДЕНТТЕРИ ЧАКЫРЫЛБАЙТ

№784 10-16-ноябрь, 2017-ж.

Эгемендүү Кыргыздын тарыхындагы 5-президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт. Президент Алмазбек Атамбаевдин 3-ноябрдагы жарлыгынын негизинде Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү иштерин уюштуруу комитети жүргүзүүдө. Аталган комитетти президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов жетектөөдө. Ант берүү аземине канча каражат жумшалары азырынча айтыла элек.
Инаугурация «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын, өкмөт мүчөлөрүнүн, сот бийлигинин өкүлдөрүнүн, Кыргыз өлкөсүндөгү элчилердин катышуусунда өтөт. Чет өлкөлүк президенттерден эч кимиси чакырылган эмес.
Буга чейинки президенттердин инаугурациялары Ак үйдө, «Ала-Тоо» аянтында жана филармониянын имаратында өткөн. Ошондой эле мындай аземдерге чет өлкөнүн президенттери баштаган жогорку даражалуу коноктор катышып келген. Айта кетсек, биринчи президент Аскар Акаевдин ант берүү аземи 2 жолу өкмөт үйүндө, үчүнчүсүндө филармониянын имаратында өткөн. Ал эми Курманбек Бакиевдин инаугурациясы «Ала-Тоо» аянтында өткөн. Бул иш-чарага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын Федерация Кеңешинин спикери Сергей Миронов сыяктуу чет элдик коноктор катышкан.

Кыргыздын биринчи аял президенти Роза Отунбаева болсо Улуттук филармониянын имаратында ант берген. Анда да башка өлкөлөрдүн жетекчилери чакырылган эмес, иш-чарага Кыргызстандагы башка өлкөлөрдүн элчилери жана эл аралык уюмдардын жетекчилери гана катышкан. Учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ант берүү аземи да Улуттук филармониянын имаратында өтүп, ага Грузиянын президенти Михаил Саакашвили, Казакстан менен Тажикстандын премьер-министрлери катышкан.

Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо