-

Кыргыз кызы
АСЕЛ САРТБАЕВА баш болгон окумуштуулар тобу вакциналарды тоңдурбай туруп сактоонун инновациялык ыкмасын иштеп чыгышканы үчүн химия тармагындагы эл аралык «IChemE Global Awards 2017» сыйлыгын алышты.
-
Орусиялык «Енисей» футболдук клубунун коргоочусу ВАЛЕРИЙ КИЧИН мындан ары Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командасында ойноодон баш тартты. Кичин акыркы жолу улуттук курам менен ушул жылдын 28-мартында Макао менен болгон оюнга катышкан.
-
7-ноябрга караган түнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу КАНАТ ХАСАНОВДУН үйүнө белгисиз адамдар кирип, Текебаевдин сот ишине тийиштүү документтерди уурдап кетишти.
-
Кыргызда Орто Азия жана Чыгыш Европага салыштырмалуу ТЕСТИЕР БАЛДАР кара жумушка көп иштетилет. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун «Бизнес биримдик менен диалог: бизнес стратегиясында жашы жете элек балдарды иштетүүнүн алдын алуу» аттуу иш-чаранын алкагында айтылды.
-
15-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев президенттик кызматындагы жыйынтыктоочу МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫН өткөрөт.
-
Ноябрдын аягында Кыргызда 2000 сомдук ЖАҢЫ КУПЮРА чыгарылат. Бул банкнота Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата чектелген көлөмдө чыгарылмакчы.
-
Колумбия университетинин магистранты МУРАД ОМОЕВ премьер-министрге кеңешчи болуп дайындалды. Ал 1979-жылы Токмокто туулган. 1999-жылы АКШда Graceland колледжинен экономика жаатында билим алып, бакалавр даражасын алган.
-
Миграция кызматынын билдирүүсүндө, өткөн жылы Кыргызстанда 175 адам КУЛЧУЛУКТАН куткарылган. Алардын тең жарымы кыз-келиндер.
-
Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жетекчиси Ыманалы Саркуловдун билдиришине караганда, 2017-жылдын 10 айында Кыргызстандын жолдорунда 695 КИШИ каза болгон.
-
Жогорку Кеңештин 9-ноябрдагы жыйынында «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат ЗАРЫЛБЕК РЫСАЛИЕВ автоунааларда өрт өчүргүч, видеокаттоочу камера болуусун милдеттендирүү керектигин сунуштады.
Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg