Борончу Кудайбергенов, куудул: «МЕНИН ТОЗОК ЖАШООМ ӨЗ АТА-ЭНЕМДИН КОЛУНА БАРГАНДА БАШТАЛДЫ»

№787 1-7-декабрь, 2017-ж.

«АТАМДЫН УКРАИНАЛЫК АЯЛЫН КУБАЛАП ЖИБЕРИШКЕН»
– Балалыгыма кайрылардан мурун кимдин баласы экениме бир аз токтолоюн. Атам Улуу Ата Мекендик согушка катышкан киши, эки жолу немистердин колуна түшүп, аман калган. Концлагерден кутулуп чыккандан кийин бутунан жарадар болуп бир айылда калып калса, ал айылды да немистер басып алыптыр. Кинодогудай бүт айыл элин чогултуп сарайга камап, эшик, терезелерин жыгач менен кагып бекитип, өрттөп жиберишкен экен. Сарайдын бир жагы жакшы күйбөй түтөй баштаганда атам дагы бирөө менен ошол жакты бузуп качып чыккан экен. Ажалы жок экен да. Согуш бүткөндө атам Кыргызстанда деле согуш болуп немистер басып алса керек деп, Украинада үйлөнүп, ошол жакта калып калат. Үйдөгүлөргө кат жазып, бул жакта согуш болбогонун, тууган-урук аман-эсен экенин билет. Аялы менен Нарынга келсе, «бул каапыр болуп кетиптир» деп туугандар баласы Курманбек байкебизди алып калып, энесин кетирип жиберишет. Ал киши ошол учурда каякка кетерин деле билбесе керек, Жумгалдын борборунда жашап жүрүп каза болду. Турмушка да чыккан жок.
Кийин туугандар атабызга биздин апабызды алып беришкен. Апам атамдан 20 жашка кичүү. Апам биринчи аялын билет да, кээде тамашалап «майрамдарда куттуктап койсоң боло, барып келбейсиңби» деп атама тийишип калчу. Ал ансайын атам «жөн турчу, ай» деп калчу. Атам трактор айдап, чабан болуп жүрдү. Мен ата-энемдин чабан кезиндеги төрөлгөн ортончу баласымын.

«ЖЕТИГЕ ЧЫККАНДА КАТУУ СЫНДЫМ»
– Төрөлгөнүмө 2 ай болгондо «тоодон кыйналабыз» деп мени атамдын көзү өтүп кеткен агасынын байбичесине берип коюшуптур. Ал кемпир суранса «бага албайт болуш керек, кайра берет» деп тоодон бешикке бөлөп, бешиги менен берип жиберишет. Бир күн күтүшөт жок, үч күн күтүшөт жок. Ырысбүбү апамдын мени бала кылып алганын түшүнүп, өзүмдүн апам Асый ыйлаптыр. Мен чоң апамды апам деп билчүмүн. Азыр ойлосом, мени бирөөнүн баласы дебей, өзү жебегенди жедирип, кийбегенди кийгизип эрке өстүрүптүр. Баланын шагы сынып калат дебей айрымдар «муну эмне мынча чоёктотосуң, бер өзүнүн ата-энесине. Бул чоңойгуча сен өлүп каласың. Сени бакпагандан кийин муну эмне багасың?» дей беришчү. Апам алар менен урушат. Өз балдарынан мени артык көргөн окшойт, алар да мени жаман көрүшчү. Апамдын улуу баласы мен эс тартып калганда аял алды. Жеңем мени жакшы көрүп эркелетейин десе керек, көтөргөндө ыйлап буттарын тепкилеп салыптырмын. Анан ал келин ыйлап, «мен кетем же бул баланы бергиле ата-энесине» деп шарт коёт. Байкуш апам жаңы алган келинин кетирип жибермек беле, мени кетирет да.
Мен чоңойгон үй менен өз ата-энемдин үйүн бир эле кошунабыз бөлүп турчу. Менин тозок жашоом өз ата-энеме кайрылып келгенде башталды. Бир туугандарымды бир тууган дей албайм, алар дагы мени чоочундай кабыл алышты. Уруша кеткенде «өзүңдүн балдарың биринчи тийишти, өзүңдүн балдарыңды кой дебейсиңби» деп айтам. Эрке өскөн бала элем, ошентип жетиге чыкканда катуу сындым. Ырысбүбү апам экөөбүз ортодогу кошунабыздын эшигинин алдынан жолукчубуз. Бир туугандарым «тур, сени чакырып жатат» дешет, апам келгенин дароо түшүнүп көчөгө чыгам. Чөнтөгүнө момпосуйларын салып келет, «мени минтишти, тигинтишти, алып кет» деп ыйлайм. Ал да ыйлайт. Бул көрүнүш күнүгө кайталанчу. Ошентип жүрүп жүрөгү ооруду окшойт, жарым жылдан кийин каза болуп калды. Баягы таянар тоом, даттанар адамым жок калды. Ким ыза кылса эле жашынып алып ыйлайм. Ошол күндөн тарта башкача чоңойдум. Куудул болуп калганымдын да бир себеби ушул болсо керек. Башымдан кайгылуу күндөрдү көп өткөргөндүктөн, элдин жылмайып жүрүшүн каалап калдым.

«АПАМДЫН ТИЗЕСИНЕ БАШЫМДЫ КОЮП ЖАТКЫМ КЕЛЧҮ»
– Бир туугандарым, ата-энем да мени өздөрүнөн алыс кармашты. Балким, өздөрүнө билинбейт. Момпосуй, кийим алып келсе көнгөнүндөй эле байкеме, иниме берет. Мага ашса берет, ашпаса бербейт. Апам бир жактан келе жатканда бир туугандарым «апам келе жатат» деп алдынан тосуп чуркашса, мен чуркай албайм. Жүгүрүп барган күндө деле «ушул деле балам» деп мээримин төгүп, башымдан сылабайт эле. Башкалар «апам мага муну алып берди, атам минтип айтты» деп мактанышса мен жетим баладай болуп четте турам. Кадимкидей апамдын тизесине башымды коюп жаткым келчү. Апам да ачык эле «мен тиги баламды жакшы көрөм. Бетиңе эле айтайын, Борончу, сени жакшы көрбөйм» деп калчу.

«КОЛХОЗГО ЖАРДАМ БЕРИП, ГЕРМАНИЯГА ДА БАРМАЙ БОЛГОНБУЗ»
– Апам жакшы көрсө экен деп үйдөгү жумуштардын баарын, тамактын түрүн жасачумун. Классташтарым көрбөсүн деп кой короого кирип алып, үйүлгөн шейшептерди жууйм. Камыр жууруп, нан жасайм. Бир күнү камыр жууруп коюп сабакка бардым. Экинчи агамдын келинчеги мугалим болчу. Класска кирип келгенде баарыбыз «саламатсызбы?» деп ордубуздан турганда эле «саламатчылык, отургула. Борончу, сен үйгө бар, камыр ачып калды, нан сал» деди. Классташтардын баары күлүп ийишти, мен кызарган боюнча үйгө кеттим.
7-8-класста окуп калганымда колхозго жардам берип, кыркынга, чөп чабыкка барып иштеп жүрдүк. 18 баланын бригадири элем. Биз жакшы иштегендиктен Германияга жолдомо бермей болушту. Суусамырда "Данияр менен Жамиля" деген бизге окшогон балдар, кыздардын эмгекчил тобу чыгып, алар да колхозго жардам кылышыптыр. Алар бизге караганда акылдуулук кылып тобунун атын Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы каармандардын атынан коюшуптур. Кыскасы, саясат болуп кетти окшойт, Германияга биз эмес, алар кетишти. Бирок биздин эмгек акыбызды колго карматып, автобус менен Ысык-Көлдү айланып эс алып келгиле деп,
3 кой да салып беришкен.

«БИР ТОПКО ЧЕЙИН АРТИСТ ЭКЕНИМДИ КАБЫЛ АЛБАЙ ЖҮРҮШТҮ»
– Азыр жамандык, жакшылык болсо деле башка бир туугандарым чогула калып кеңешишет. Менин бар-жогумду бир туугандарым капарга деле алышпайт. Апам ыраматылык айылдан шаарга келгенде башка балдарына баштык көтөрүп келет да, мага алып келбейт эле. Мени туугандарыбызга 2 айлык кезимде берген өздөрү, кайра мени күнөөлүү кылып коюшкандарына эч түшүнчү эмесмин. Шаардан айылга барганымда апам жадырап-жайнап тосуп алчу эмес. Үйлөнгөндөн кийин деле чоочун бирөөнүн үйүнө баргандай болуп жүрчүмүн. Жакшы тосуп алса экен, көңүлү көтөрүлсүн деп адегенде баламды киргизип «чоң апа, мен келдим» дедиртчүмүн. Мени өтө капа кылганы, экинчи баламдын атын куудул, олуя атабыздын атынан Куйручук деп койбодум беле. Куудулга куран окутуп, айыл аксакалдарынан бата алайын деп айыл элин үйгө чакыргам. Анда ата-энемдин көзү өтүп кеткен, агам «сен өз ата-энеңе куран окутпай бирөөнүн атасына куран окутасың» деп казанда бышып жаткан эт менен кошо баккан апамдын үйүнө кубалаганы жүрөгүмдө. Мен намаз окуйм, аны милдет кылбайм, намаз окуган сайын ата-энеме куран окуйм.

"Жайлоодо бороон-чапкында төрөлүп, атымды Борончу коюшуптур".
"Апам кийин келинчегимди жакшы көрүп калды".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(44)
05.12.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Окуп алып ыйлагым келди
05.12.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
rayana2015,мен дагы. Биздин да бир агабыз таэнемин колунда осуп, 4-классында "жетим " калган. Курган бизге кошула албай, бугунку кунго чейин "башка". Жетим болчу ушундай. Эстесем боорум ооруйт дагы эле.
05.12.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Жаңы келген женеси кызык го, жаш балага тенелип, алдап койсо болот эле да. Бир туугандары да абдан начар экен бышып жаткан этти алдыртып. Баарына ыйман берсин.
05.12.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Туура айтыптыр Борончу, ата эне бергенда кичинесинде куноолуу албетте, мен да он айында бердим кызымды чон энесине шартка байланыштуу азыр башка балдарым жанымда ал алыста, мурун ыйлай берчум азыр журогумо муз тонгон сыяктуу, мээрим бере албайм, себебин билбейм, барган сайын кичинелериме болуша кетем мени жакшы корбойсуз дей берет ал дагы кичине бирдеме болсо эле, сезеттир да,же басканын корбодум же биринчи суйлогонун же биринчи класска жетелеп барбадым,сен куноолусун дейм куйоомо,айла жок
05.12.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ата энелер деле кызыктай болушат озу. Балдарын болуп жарып.
05.12.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жазыксыз балада эмне күнөө. Ата-энеси туура эмес кылышыптыр.Борончу байке ата-энеден албай калган мээримиңизди уул-кызыңызга төгүңүз. Алар бактылуу болуп чоңоюшсун. Алардын мээрими сизге кайтат
05.12.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
апасына таарынычы күч экен.таарынгандай эле кылыптыр апасы.
05.12.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бирок, чын да. Ата энесине куран окутпай туруп, каяктагы кишиге окутат. Эми аты бар, элге таанымал кишидир. Бирок, ата энесичи? Жаман болсо деле биринчи ата энесине куран окутуп, анан"идеалына" кааласа, Көкөтөйдүн ашын берсин. Ата энеси дагы өз баласын бөлгөн туура эмес.
05.12.2017. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
radostmoya,кайдан билдин ата энесине куран окутпаганын?? Окутуп эле жургондур...ошо куну куйручука окутайын дептир жа...туура эмес кылган бир туугандары ата энеси
05.12.2017. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир чети, дуйнодо мен кыйын дегендер ата-энесинин мээримине тойбой, жакшы корунуш учун аракетчил болуп, ошол бойдон коп нерсеге жетишкендер. Кудай ушундай тагдырды жазыптыр мандайына, балким мындай нерсени башынан откорбогондо катардагы эле адам бойдон калып, аты чыкмак эместир.
05.12.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Боорум ооруду. Бирок жашоодо унушдай учурлар бар, менда тушунбойм. Баланы оздору таштап, анданда болуп конул буруп калышат. Балада эмне куноо
05.12.2017. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Окуп отуруп аябай кайгырдым. Сизди ушундай кыйынчылыкта чонойду деп эч ойлогон эмесмин. Кулуп жадырап журсо жакшы турмушта оссо керек деп ойлогом.
06.12.2017. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата-энесинин кылганы албетте туура эмес. Ата эне ошентип жээрип атса,алардан УлГУ алган балдар деле бир боорум эле деп чекесинен сыламак беле.Куноо кобуроок энесинде болчу экен.Алла куноолорун кечирген болсун!
06.12.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тиги женелерине эмне бар эле дейм да. Бири уйдон кууп чыгып,бири классташтарынын алдында нан бышыр деп,шагын сындырып. Азыр келиндерде уят жок, тастандап дейбиз. Ар доордо ушундай сасыткылар бар болгон,боло берет. Кайненеси деле арасат оттун ортосунда калып,эзилип жүрүп каза болдуда. Жеңе сөөрөй себепкер болгонун абийири сезген бекен кеч болсода. Боорум ооруп кетти Борончу байкеге
Shahrizaada түзөттү 2017-12-06 00:25:57
06.12.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тагдыр дейт муну. Көңүлүңүз өтө ооруган экен. Сизге бул сабак болуп, балдарыңызга, неберелериңизге мээримиңизди төгүңүз, намазыңыз кабыл болсун.
06.12.2017. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оа турмушта көрүп жүрбөйбүзү ушундай бөлүп жарган аталарды же апаларды сөзсүз кезиктиресин.биринчи турмушунан бузулган балдары болсо аларга аз көңүл буруп жашап жаткан күйөөсүнүн балдарын аздектеп бапестеп баккандан бар.ата энеге билинбейт мүмкүн бирок бала сезет.бул нерсени өз көзүбүз м.н кезиктиребиз.аттиң ээх психологиясын бала кезинен эле өлтүргөнго.Бирок кандай болгон күндө да апаны атабызды сыйлаш керек,айла жок бир күн өз катасын түшүнөтүр.кудайым озү таразалап коёт баарысын
mairamkan2011 түзөттү 2017-12-06 02:01:20
06.12.2017. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен теманы окуганда ойлогом,куудулдугуна салып бир окуяны айткан го деп,корсо сахнада кулгрну менен ,жеке жашоодо ызаланып журот экен да агабыз...Аялыныз бала чаканыз менен бирге бакубат омур сурунуз!!!
06.12.2017. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен да окуп алып ыйладым.менин да уулум ата энемде жакында алып келем жаныма.озум мээрим тогуп остуром буйруса.
06.12.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арманы аттын башындай экен да шордуунун
06.12.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ыйлап алдым окуп,менин да башымдан ушундай кундор отту,эстесем азыр да ыйлайм,эмнеге берген оздору дагы эмнеге балдардын арасынан болуп турат деп.
07.12.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уйго алам эмес кучук,мышык алып келип баксанда мээрим менен банасынго.7жашар балада эмне куноо.Торогон апасынын дээринде мэжрими жок экен да.Торогон балан эмес Кочодо кетип жаткан ьалаыйлап калсада ыйлагын келет го
07.12.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элди кулдуруп куудул болгону менен, басып откон жаштыгы конул жылытаарлык эмес экенда.
07.12.2017. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Боке боюнуз даагы жакшы ушунча өсүптүр,башка адам болгондо куудул болмок турсун жашоодон да тажап асынып алат беле ийгилик
07.12.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгеери балага катуу эле мамиле кылышчу экен..азыркыдай тайтактаган балдар аз болчу
08.12.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kroxa,ошентсе да башка балдарынан болуп карабаш керек болчу да,эркелетпесе да жээригени жаман болуптур.
08.12.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жеткинчек баланын сарайдын ичинде додо кирлерди жууп атканын,турлоп тамак жасап атканын (ата-энесине жагайын деп)элестетип алып зээним кейип козумо жаш тегеренди...апасынын суйкумдуу коз карашына бир ирет ээ болоюн деп зарыккандырсыз...
Бороончу байкени мурда сыйласам азыр эки эсе урмат менен башкача коз менен карап калдым,сизге ийгилик,уй-булолук бакыт жана ден-соолук каалайм!Онорунуз оркундой берсин!
08.12.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай окунучтуу
08.12.2017. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул макаланы окугандан бери,ой басып ушунчалык боорум ооруду Борончу байкеге.
09.12.2017. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байке ботон жерде чоноюп оз бир туугандардан алыс чонойгондо ошондой болуп калат экен мен дагы 4жашымда тайне таятанын колунда чоноюп куйоого тийгенче ошол кишилердин колунда болдум, бирок тилеке каршы таятам 10классымда каза болуп калды,озум таятамдын эрке кызы элем аябай оор болду(((( тайнем мени особо деле жакшы корчу эмес жээрип саяксын деп, мен дагы Жумгалдын Байзак деген айылынан болом тубум,бирок тайларда Сокулукта чонойдум.Таятам каза болгондо ошондо билдим мен жалгыздык эмне экенин
09.12.2017. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курсагын,сагынуу жалгызсыроо,озунду эч кимге кереги жок сезуу деген сыноо мени бир заматта токтоо муноз ойчул кылып койду болбосо шайыр,ачык айрым,тарсылдаган кыз элем
09.12.2017. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сизди мен аябай тушунуп жатам озумдой элестетип кеттим,кичинекей кезимде мамамды атамды куткон кундор,менин алсыздыгымды пайдаланып таежемен сабоо жегенимди,кичинекей болсом да уйдогулорго жагыш учун кылган эмгегим мээнетимди эстесем элге жагыныш учун кылып жургон оокаттардан азыр аябай конул калган бирок жашоого быштым баарынан тын кыз болдум эрки кучтуу,эч кимден коркпогон ташбоор кыз болдум эне мээрими деген эмне экенин билбей чонойгон ошого карабай дайыма кулуп жаркылдаган кыз болдум
09.12.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаркылдап журсон телегейи тегиз корунот эле тагдырдын оор жолун откорупсун бирок турмушка бышыпсын Эми балдарынды мээримге бологуло аялын экоон кийнки жашоон жакшы болсун кыргызда макал бар мурун байыган байыбайт кийин бацыган тайыбайт
10.12.2017. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх бул Берген маегин окуп алып козумо тамчы жаш келди,бул байке 7 жашында оз ата-энесинин колдуна барса,менин иним журогумдун жарымы болгон Уларбегим 7 жашында башка бироонун уйуно коноко барган бойдон келбей калды,эх ошол кундор иними канча жолу алайлы деп аракет кылсак да ыйлакташып бизге бергиле деп туруп алгандары козумон кетбейт,7 жашка чейин бизде болсо 7 жыл аларда болду калган жылы эчкимге буйрубады,шум ажал алып кете Берли 14 жашында,быйыл 19 чыкмак эле айласыздан кондук жоктугуна.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо