ЗАКИРБЕК ДҮЙШӨНБЕК УУЛУ, КОМУЗЧУ: «АЯЛ КИШИ ЭРКЕКТИН КӨҢҮЛ БУРУУСУН КҮТӨРҮН БИЛЕМ. ЖУБАЙЫМА ОШОЛ НЕРСЕНИ БЕРЕ АЛГАН ЖОКМУН»

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл

– Закирбек, саламатсыңбы? Жеке турмушума байланыштуу бурулуш болду деп жатасың, кепти өзүң баштасаң...
- Жакшы, рахмат. Үйдүн ички саясаты сыртка чыкпашы керек эле. Бирок атың эл-журтка таанылып калгандан кийин артыңдан кеп кылып же таптакыр туура эмес маалымат да таратышат экен. Чыгармачыл адамдын жубайы болуш оор окшойт. Жубайым менен ажырашып кеттим. Мен гастроль менен үйдөн көп кетем. Ушул нерсеге жубайым чыдай албай койду. Буга чейин төркүнүнө бир нече жолу кетип калды. Бир жолу алып келдим, эки жолу алып келдим, кайра-кайра барып алып келе беришке намыс да жол бербей калат экен. Акыркы жолкусунда үйдөн жубайым эмес, өзүм чыгып кеттим. Чыгып кеткениме жарым жыл болуп калды. Биз ата-энем менен чогуу жашачубуз. Ошону менен үйгө кайрылып барган жокмун. Ортодо үч балабыз бар, балдарымды талаага таштабайм.

– Ошондо кызганычтын айынан ажырашып кеттиңерби?
- Негизги себеби кызганыч болуп калды окшойт. Ал эле кызганып туруп алды дебейм, менден да кетти. Чыгармачылык – бул менин өмүрүм, жашоом, азыгым, бала кезимден каныма бүткөн ыйык тумарым. Бул өнөрдү таштай албаган соң гастролго да чыгам. Үйгө келгенде үй-бүлөм менен жетелешип кино, концертке эс алууга алып чыга албадым. Аял киши эркектин көңүл буруусун күтөрүн деле түшүнөм, бирок ошол нерсени бере алган жок окшойм. Эмне кылайын болгон мүнөзүм ушундай болсо? Кесибимди да, мүнөзүмдү да өзгөртө албагандыгым менин күнөөм болуп калды. Келинчегим кетип калганда үй-бүлөмдү сактап калайын деп алып келем. Бир жума жакшы жашагансыйбыз, анан кайра эле мурунку таз кейпибизге түшүп калабыз. Ал деле чыгармачыл адам, музыкалык окуу жайда чогуу окуганбыз. Бирок кийин кесибин алмаштырып фармацевт болуп кетти.

– Билишимче, силер классташсыңар, чогуу окуп, көп жыл сүйлөштүңөр. Бири-бириңерди жакшы эле таанып-билдиңер дегендей...
- Ооба, учурунда сезим болгон. Сүйлөшүп жүргөндө деле таарынычтар көп болгон. Балалуу болгондон кийин апам «эки балалуу болсоңор баары жакшы болот» деп бизди жашап кетсин деп кармап турду. Эки балалуу болгондон кийин деле оңолуп кеткен жокпуз. «Үч бала менен каякка бармак элек?» деп экөөбүз тең аракет кылдык, тагдырыбыз бир эмес экен.

– Балдарыңдын улуусу окуп калса керек...
- Менин сарсанаа болгонум эле балдар. Чоң кишилердин кагылышынан балдардын жабыр тартышын каалабайм. Биздин укум-тукумубузда ажырашкандар болгон эмес. Башында мамилебиз болбой, келинчегим кайра-кайра кетип калып жатканда «кантип ажырашам, ажырашат деген эмне шумдук?» деп жаман болгом. Негизи жашоо деген оор экен. Жаш кезде биз аны ойлобойт турбайбызбы. Кайын журттан да жагымсыз кептерди көп уктум. Ошонун баары адамга таасир этет экен. Азыр убакыттын өтүшү менен ажырашкан жалгыз мен эмес экенимди, ажырашкандан кийин деле жашоо бар экенин кабыл алып, көнүп калдым.

– Жарым жыл мурун социалдык тармактардын биринде өздүк баракчаңа сүйүктүүсүн тапты деп белгиледиң эле...
- Ошону ким, эмнеге жасаганын билбей калдым. Интернеттеги өздүк баракчаларымды кээде ачык таштап унутуп кетип калам. Бул окуя келинчегим менен урушуп жүргөндө жазылган нерсе болду. Ал «өзүң эле кылдың» деп менден көрсө, мен андан көрдүм. Келинчегим кызганып, улам уруш чыгара бергенинен интернеттеги бардык баракчаларымды «өзүң көзөмөлдө, ким эмне жазса каалаганыңдай жооп бер» деп тапшыргам. Тааныбаган эле бирөө «кандайсың?» деп жазса деле көңүлүнө жакын ала берет эле.
Жеке жашоом азыр тынч. Сүйүктүүмдү таба элекмин. Кыргыз улуттук консерваторияда студенттерге комуздан сабак берип жатам. Жумушумду жакшы көрөм. Быйыл мугалимдикти аркалап жатканыма эки жыл болду. Андан сырткары жеке чыгармачылыгым менен алекмин. Музыкаларды, чыгармаларды жазып жүрөм.

– Күү чыгарарыңды да билебиз, ошол жаатта кеп салсаң.
- Өзүм чыгарган беш күү бар. Бирөөнү чертип жүрөм. Калгандары быша элек, улам бир жерин оңдоп жүрөм. Фольклордук ансамблдерге өзүнчө, эстрадалык вариантка өзүнчө ылайыктап жазган жана башка аспаптар менен дуэт кылууга ылайыктуу чыгармалар да бар.

– Алдыда жеке концертиңди берүүнү пландаштырган жоксуңбу?
- 2017-жыл Маданият жана тарых жылы эмес беле. Ушул жылы жеке концертимди берсем деп кыялданып жүрдүм эле, бирок жетишпей калдым. Эстрадалык ырды ала турган болсок, алардын аранжировкасын жасоо оңой. Аз убакыттын ичинде жасап койсо болот. Күүнүн аранжировкасын жасоо бир кыйла татаал жана көп убакытты алат. Келе жаткан жылы жазында концерт берейин деп жатам. Ага чейин күүлөрдүн аранжировкалары бүтүп калат, буюрса.

– Чыгармачылыкта жүргөнүңө канча жыл болду?
- Чыгармачылыкка мен бала кезимден эле аралашкам. Алты жашымдан сахнанын күчүн сездим. Ошондон бери арадан 21 жыл өтүптүр. Алты жашымдан эле гастролго, чет өлкөгө көп чыктым. «Саамал» фольклордук тобунун солисти элем. Бир нече жылдан кийин бул топ жоюлуп кетти. Азыр «Хан-Теңири» тобунда солистмин. Таланттуу жаштардан өзүм ансамбль ачсамбы деген ой-максаттарымды бышырып жүрөм. Башка улуттун аспаптарын комуздун формасында жасап, өзгөчөлүк киргизсемби деп аракет кылып жатам.

– Атай Огонбаевдин ролун ойнодуң, актёрдук да чеберчилигиң бар экен да?
- Жай мезгилинде сентябрга чейин Атай Огонбаев тууралуу даректүү тасма тартылды. Атай атабыздын кичине чагын башка бирөө ойноду. Улуу комузчу болгону 49 гана жаш жашаган. Мен анын 10 жылдык өмүрүн чагылдырып 39-49 жашын ойнодум. Документалдуу фильм болгондуктан көп сүйлөгөн жокмун. Грим менен келбетимди окшоштурушту. Бир аз эле текст бар болчу, аны кагаздан карап туруп эле айтып койдум, калганы жалаң күү чертмей болду. Тасма 2-октябрда көрсөтүлдү. Тартуучу топтун ушул эле фильмди эми көркөм тасма катары тартуу идеялары бар.

– Рахмат маегиңе, ой-тилектериң орундалсын.

«Атай Огонбаевдин образын жаратуу мен үчүн чоң сыймык».
«Жубайым экөөбүз жакшы максаттар менен баш коштук эле, тагдырыбыз эки бөлөк экен».
«Сахнада алты жашымдан бери жүрөм».
Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу казак домбрачысы Ержан Жаменкеев менен болгон таймаштан кийин эл арасында аты таанылган эле.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(33)
12.12.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Талантын тащкындасын.Эми уй-булоонду сактап кала албапсын,бир жагынан чык эми.
12.12.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Тааныбайм
13.12.2017. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Stervamyn,кыргыз болуп туруп кыргыз комузчуларын билбеген уят! [moderated]дан карап видеолорун,жакшылап таанып алыныз, кругозор үчүн. Азыркы залкар комузчулардын сап башында турат!
12.12.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+42
Онорлуу жигит,сериалдын 2-сериясында жубайынын маегин кутобуз)))
12.12.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Dembele84, haha tochno
12.12.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Красавчик экен бирок
12.12.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
иииий жаман болуптур.Мунозу жумшак ,токтоо бала эле...
19.12.2017. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mela,мунозубы андай эмес болушу керек ушу)))))
12.12.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уважаю и люблю)))
12.12.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Иий аялы чыдап коё албаптыр да...Балким табышаар,ким билет.
12.12.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тааныбайт экенмин, бирок бактылуу болушсун кайрадан табышып.
12.12.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Ушул эркектер аялынардын конулун алыш ушунчалык кыйынбы?Менин жолдошум дагы иштейт келет уктайт кетет.Мен дагы уйбулом айланып конул ачып отургум келет Убакыт тапса болот го жок чарчадым озунор бара бергиле дейт.Айла жок багып жатат Деп чыдайм.Бут нерсеге убакыт тапса болот эгер каалоо болсо
12.12.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Айланып келип эле аялына оодарыптыр куноону. Уй бетин корбосо кайдан уй булону сактап калмак эле.
12.12.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Куйоосу конул бура албайт деп эле кете берсе ажырашпаган уй було калмак эмес. Аялы эми уч баласы менен козун караган эркекти тапса жакшы...ичип сабап корсулдап бакпаган эркекти деле куйоо кылып жашагандар канча. Акыркы кундору эркектерди эле жамандап калдык. Бирок обу жоктонгон аялдар кобойуп кетти. Куйоом коп акча тапса, мени эркелетип эле каалаганымды кылып турса деп эле кыял менен жашап реалдуулукка чыдабаган кыздар четтен чыгат. Ортодо балдар эле кыйналат. Аялдар сабырын жоготту
12.12.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыгармачылык ийгилик сизге ар дайым жакшылыктар жар болсун сизге.
12.12.2017. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куноонун баары бул балада окшойт создорунун маанисинен уже жыйынтык чыгарып койдум,аракет кылдым жашап кетели деп кайра кайра алып келдим дептир ошол кеткенине озун себепчи болуп жатаканын озун сезген жоксунбу?Талаалап эле журоберсен анан зачем уйлондун?Бактылуу жашап калышын учун балдарынды ойлосон гостролду азыраак кылып семяна коп конул болушун керек эле!Ажырашкан 1эле Мен эмесмин деп Ушинтип 1рини 1ри коруп ажырашкандардын саны кобойду...
12.12.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эгиздер тагдыры деген кинодо да ойноду беле Г.Асанованын иниси болуп?
12.12.2017. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Закир жакшы үй-бүлөөнүн уулу,эми тагдыр келишпесе кыйын,эркектен да өткөн бул жерде,бирок үй-бүлөөнү сактап калуу 80% аялдан көз каранды,майда нерселердин баарын териштире бербей,көрмөксөн,укмаксан болуп койсо баары өтүп кетет.
12.12.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Закир жакшы үй-бүлөөнүн уулу,эми тагдыр келишпесе кыйын,эркектен да өткөн бул жерде,бирок үй-бүлөөнү сактап калуу 80% аялдан көз каранды,майда нерселердин баарын териштире бербей,көрмөксөн,укмаксан болуп койсо баары өтүп кетет.
13.12.2017. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаман аял кетем деп коркутат болуп акыры кетип тыныптыр да,күйөөсү үйүн таштай качканына караганда,жетээр жерине жеткирсе керек аялы.Деги тынч жашайынчы деди да акыры байкуш.Тийип жатканда деле билген да кандай адамга тийгенин,мындан кыйын артистердин деле аялдары жашап жүрүшөт кетпей этпей эле
13.12.2017. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
азыр жашы отуп калган чыгармачыл адамдар,аялдарына рахмат айтып келишет,убагында чыдады,баарын которду деп,аял заты кичине сабырдуу болсок,балдарды ойлоп,аялга эр.эркекке аял табылат.ортодо балдарга кыйын,озу тушунуктуу,токтоо эле бала экен,ишине ийгилик
13.12.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уйду таштап чыгып кеттим дегенине караганда кобуроок тыйын таап кокурогуну которуп калгансын го.ошол аялын канча жолу жаканды агартып ысыгына ысып,суугуна тонуп журду экен жанын кыйнап?Анан эле эркектер айрыкча шоу чойронуку суттон ак болуп чыга келесин.кийинки санда келинчегин чындыкты айтса керек жанарага окшоп.
13.12.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шопурду ээрим дебе, ырчыны аялым дебе деген чын да озу. Ырчылар ээрда, аял да болуп бере алышпайт. Гастролдоп журушсо жубайына конул бурганы убактысы болмок беле. Аман эле болгулачы .
13.12.2017. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде иши кылса баарына аял куноолу,когала койдой кылып сабаса да аял куноолу,куйоосу олтуруп коцсо деле аял куноолуу,уй бетин корбой Назира,Гулжайна менен кундоп тундоп гастролдо журсо деле уйундо калган аял куноолуу.
14.12.2017. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыркы учурда эки миллион кыргыз ар кайсы өлкөлөрдө гастрольдо, жылдап үйгө келбей жүргөндөр бар, аларга караганда артисттер бир жылда көп болсо 10 же 20 күн эле үйдө болбойт.
14.12.2017. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызганыч деген ушинтип ажырашууга жеткирет тура. Бир интервюсунда ото коп жыл кыз жигит болуп журдук деген. Бири биринен зеригишип кетсе керек
14.12.2017. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки тараптада куноо бар Закир аялына конул бурбай гастролдон келбесе аялы уй жумушчусундай эле мунун ата-энесин,балдарын карап уйдо олтурса, бироону таап алгандыр деп жашоодон конулу калып кеткендир,аялына келсек ээри жанынан чыкпай конулун бир гана аялына буруп козун карап олтурса анан кетпесе керек эле,эми жыйынтык экоонун келишпестигиген балдары запкы жеп мээримге зар болуп журушот.
14.12.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Закирди жакшы корчу элем
15.12.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
менин куйоом алыста болсо да тынбай чалып турат. бассам турсам оюмдасынар деп алдап коет суйунуп калам ишеничим артат.
16.12.2017. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аял чыдаш керек,бироо менен жатканын кармабагандан кийин .Эл адамы болгондо кийин куйормандар болот.Кайрат Нуртас керек болсо аялым жок деп жургон го,миллион кыз жазса керек эле.Ошону аялы тушунуп жургонда.
18.12.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
MIRAN, анын аялы ханышадай жашады да 10жыл)) салыштырчу адамды таапсынар)
16.12.2017. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээ азыр ажырабай дайым жанында жүргөндөр аз болсо керек баары эле мигрант болуп иштеп эле жүрөт чет жакта жылдап келе албай ага караганда булар жакыныраак элего сабырдуу болуш менен шүгүр да кылганды үйрнүш керек
14.01.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу казак домбрачысы Ержан Жаменкеев менен болгон таймаштан кийин эл арасында аты таанылган эле" дегенге кошулбайт элем, анткени Закирбек бул таймашка чейин эле таанымал болчу.

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо