№788 8-14-декабрь, 2017-жыл
Босогодо Ит жылы. Астролог Жанар Кадыралиев «бул жылды Венера планетасы башкарат. Ал сулуулуктун, назиктиктин планетасы болгондуктан баарыбыз келбетибизге каранып, сулуу, назик болгонго аракеттенишибиз керек» дейт. Ал эми карьерада, жеке жашоодо, ден соолукта кандай жагдай-шарттар орун алат, астрологдун прогнозу менен чогуу таанышалы.
КОЙ (21.03-20.04)
БУКАЧАР (21.04-20.05)
БУКАЧАР-ЧЫЧКАН
Агрессивдүүлүгүн ооздуктаса чет өлкөдөгү тааныштары, өнөктөштөрү менен мамилени жакшырта алышат. Орундалбай келген максаттарыңызды планга коркпой киргизе берсеңиз болот, жеңил жана бат чечилет. Күз айларында күтүүсүз душмандар пайда болуп, бут тосуулар орун алат.БУКАЧАР-УЙ
Жашыруун иш жасоодон качыңыз, ишке ашышы күмөн. Массалык маалымат каражаттарына маек берүүдө же кандайдыр бир иш жасоодо абайлаңыз, талкуу чордонунда калышыңыз мүмкүн. Жай мезгилинин аягында үйүңүзгө кут кирип, жакшылыгыңызды жакындарыңыз менен бөлүшөсүз. Таза абада жөө басууну адатка айлантыңыз.БУКАЧАР-ЖОЛБОРС
Жылдын башы жашооңузга стабилдүүлүк тартуулайт. Июнь-июль айларында өнөктөштөр, кесиптештер менен мамилелер жакшырат, бирок келишпестиктер да орун алат. Буга өзүмчүлдүгүңүз себепкер экенин кеч түшүнүп, бармак тиштейсиз. Андыктан башкалардын оюн да уга билүүңүз шарт.БУКАЧАР-КОЁН
Саясатчы жана чыгармачыл адамдар үчүн ийгиликтүү жыл. Буга чейин жасаган иштери алкоого алынып, сыйлыктарга ээ болуу мүмкүнчүлүгү жогору. Ишкерликте буга чейин солгундаган мамилелер жай этегинде кайра жакшырып, ийгиликке жетелейт. Үй-бүлөлүүлөр жаңы роман куруудан абайлоосу керек, бат ачыкка чыгып кетиши толук мүмкүн.БУКАЧАР-БАЛЫК
Активдүүлүгүңүздү көрсөтө билсеңиз, бир убакта бир нече багытта иш алып барып жакындарыңызды таң калтырасыз. Башка улуттагы же чет элдик жарандар менен иш алып баруу чоң киреше алып келет. Акча деп ден соолукту унутта калтырбаңыз, бөйрөк ооруңуз козголушу мүмкүн. БУКАЧАР-ЖЫЛАН
Жакындарыңызга жетиштүү көңүл бөлбөгөнүңүздөн улам үй-бүлөдө маселелер жаралат. Иштеп жаткан мекемеңизде орун алмашуулар жүрүп, жумуштан кетүү же кетпөө маселесине такаласыз. Жети өлчөп бир кесиңиз, анткени жумуш табууңуз айларга созулушу мүмкүн. БУКАЧАР-ЖЫЛКЫ
Шашылыш чечим кабыл албай акырын иштей бериңиз, жыйынтыгы сизди кубандырат. Мураска кыймылсыз мүлк же буюм алып сүйүнөсүз. Келишпестиктер болот. Унчукпасаңыз, тоодой балекеттен кутуласыз. Караңгыда жалгыз жүрүүдө сак болуңуз, болбосо тоноого туш келесиз. БУКАЧАР-КОЙ
Капчыгыңыз бирде кампайса, бирде бөксөрүп турат. Сарамжал пайдалансаңыз, үйүңүздү эмерек менен толуктай аласыз. Соода тармагында иштегендерге чоң киреше август айында кирет. Чет өлкөдө эс алып келүү планыңызды алдыңкы сапка койсоңуз, сөзсүз орундалат. БУКАЧАР-МАЙМЫЛ
Жыл башында сот системине байланышкан окуя орун алып, ал августта гана сиз тарапка чечилет. Эски достор менен байланыш кайра жакшырып, алар тараптан жаңы иш баштоо сунушу түшөт. Дароо чечим кабыл алууга ашыкпаңыз. БУКАЧАР-ТООК
Өзгөчө карт бойдоктор үчүн үй-бүлөнү түптөөгө ылайыктуу жыл. Үй-бүлөлүү адамдарда эски сүйүүлөрү менен байланыш түзүлөт. Өтө жакын болбоңуз, көйгөй жаратат. Каржы тармагыңызды жыл башынан баштап кылдат көзөмөлдөбөсөңүз, жыл соңунда карызга батуу коркунучу бар.БУКАЧАР-ИТ
Сизди колдогондор көбөйөт, жумушта да, үйдө да. Таасирдүү, бийликтеги тааныштарыңыздын колдоосу менен ийгиликке чөмүлөсүз. Ар бир сөзүңүздү электен өткөрүп сүйлөңүз, туугандардын арасынан бирөөнү катуу таарынтып алуу коркунучу бар. Жыл соңунда жакындарыңыздын бири ооруп сизди убайымга салат.БУКАЧАР-ДОҢУЗ
Бул жылы жалкоолукту капка салып, элден четтебей аракеттенсеңиз, көзгө көрүнөрлүк, оозго алынарлык жумуш бүтүрөсүз. Август айында жумушка байланыштуу сапарга чыгууңуз күтүлүүдө. Күз айларында тобокелчиликке баруу сунушталбайт, көйгөй жаралат. Ден соолукту чыңдап алууга жакшы жыл.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
БӨЙӨН (22.06-22.07)
БӨЙӨН-ЧЫЧКАН
Жалкоолукту жеңе албасаңыз, акчасыз калышыңыз толук ыктымал. Эски достор, эски тааныштар ортосунда мамилелер жанданып, мурда баштаган ишиңизди кайра жандантууга жетишесиз. Атаандаштар менен тил табышасыз. Түгөйүңүз же жубайыңыз менен мамилени бекемдөөгө август айы ылайык. БӨЙӨН-УЙ
Сиздин эң башкы кемчилигиңиз – кенебестигиңиз. Ошонун айынан көйгөйлөр жаралып, көп иштерден кол жууйсуз. Өнөкөт баш ооруңуз козголот. Андыктан көп убактыңызды эс алууга арнаңыз. Маанилүү, чоң акча жумшалчу иш баштаардан мурун ишенген адамдарыңыздан кеңеш алыңыз. Август айында сизди жагымдуу жаңылык күтөт. БӨЙӨН-ЖОЛБОРС
Жети өлчөп бир кесиңиз. Ойлонулбаган бир эле кадамыңыз ашыкча чыгымга алып келет. Кызыктуу, пайдалуу көрүнгөн сунуштар болсо дароо кабыл албаңыз, алдамчылардын тузагына илинесиз. Саякатка чыгууда абайлабасаңыз, жаракатка кабылуу коркунучу жогору.БӨЙӨН-КОЁН
Карьераңызда чукул бурулуштар күтүлөт. Ал бурулуштар жакшылыктарга жетелеп, кирешеңиз көбөйөт. Жыл башында анча-мынча көйгөйлөр жаралат. Аны бийликтеги тааныштар аркылуу чечесиз. Досторду, жакындарды таарынтып алуудан сак болуңуз. БӨЙӨН-БАЛЫК
Тойлорго бай жыл. Түгөйүңүздү табуу да буюрган. Үзүрлүү эмгектин негизинде сизге акча жабышат. Жаңы долбоорлордон, жетекчилик кызматтан баш тартпаңыз, жемишин татуучу күн алыс эмес. Кеч күздө үй-бүлөңүздү бузган адам пайда болот, азгырыктан оолак болуңуз.БӨЙӨН-ЖЫЛАН
Мыкты идея, долбоорлорду керектүү адамдарга сунуштап, жардамга муктаждарга кол суна бериңиз. Жайында күйөрмандарыңыз көбөйөт. Алардын арасынан болочоктогу түгөйүңүздү кезиктиришиңиз мүмкүн. Каржыга байланыштуу маселе жаралып, банктан насыяга акча алышыңыз ыктымал. БӨЙӨН-ЖЫЛКЫ
Билимиңиз, иш-тажрыйбаңыз, жөндөмдүүлүгүңүздөн улам жаңы жумуш орду сунушталат. Сунуштарды четке какпаңыз, кадырлуу тааныштарды күтүп, кадыр-баркыңыз көтөрүлүп, акчаңыз көбөйөт. Депозит ачууга жетишесиз. Жеке жашооңузду ысык сезимдер курчайт. БӨЙӨН-КОЙ
Көңүлүңүз көксөп көптөн бери жетпей жүргөн үй алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Өзүңүздөн акча аябайсыз. Келбетиңизге көп көңүл бурасыз, сулуулук салонуна, спорт залга барып, өзүңүзгө ырахат тартуулайсыз. Сүйүктүүңүзгө көңүл бурууну унутпаңыз, таарынычтар орун алышы мүмкүн. БӨЙӨН-МАЙМЫЛ
Узак убакытка эс алууга чыгасыз же жашаган ордуңузду алмаштырасыз. Эгер орун которууга мүмкүнчүлүк болбосо өзүңүздү жаңы багытта издеп көрөсүз. Философиялык китептерди окуп, йога менен машыгасыз. Бир сөз менен айтканда, өзүңүздү сүйүп, баалай баштайсыз.БӨЙӨН-ТООК
Жылдын биринчи жарымы жана жыл аягы сизге позитивдүү маанай тартуулайт. Июль-августта акча тартыштыгы жаралып, жакын адамыңыз колдоо көрсөтөт. Бир нече жумуш орундары сунушталат, жүрөгүңүздү угуңуз.
БӨЙӨН-ИТ
Ден соолугуңузга байланыштуу көйгөйлөр чыгуусу мүмкүн. Саламаттыгыңызды чыңдап, анан башка жумуштарга киришпесеңиз, өнөкөт ооруга айланышы мүмкүн. Жумушта өзүңүздүн көз карашыңызды коргой алсаңыз, каржылык жаатта ийгилик күтүлөт. Жеке жашоодо олуттуу чечимдерди кабыл алууга туура келет.БӨЙӨН-ДОҢУЗ
Бул жыл сиз үчүн достуктун жана кызматташтыктын жылы болот. Бир орунда отура бербей, болушунча ачык болууга аракет кылыңыз. Анткени ачыктык, адамдар менен тил табыша билүү сизди ийгиликке жетелейт.
Арстан, бийкеч, тараза, чаян жылдыздарынын астротөлгөсүн кийинки саныбыздан окуйсуздар.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |