ЖЭЭНБЕКОВ МЕНЕН НАЗАРБАЕВ ЧЕК АРАДАГЫ КӨЙГӨЙДҮ ЧЕЧҮҮЧҮ «ЖОЛ КАРТАСЫНА» ЫРААЗЫ

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл

6-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу сүйлөшүштү. Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, сүйлөшүү Кыргыз тараптын демилгеси менен ишке ашкан.
Анда мамлекет башчылары Кыргыз-Казак чек арасындагы абал боюнча 2-декабрда эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан кол коюлган «жол картасы» боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын билдиришти. Ошондой эле эки президент Кыргыз-Казак өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын келечегин талкуулашкан. Андан сырткары президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга жасалчу сапары тууралуу сүйлөшүштү.
Айта кетсек, Кыргыз-Казак чек арасында текшерүү 10-октябрда катаалдашып, жарандардын жана жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө ыңгайсыздык жаралган. 2-декабрда Астанада чек арадагы кырдаалды жөнгө салууну караган «жол картасына» кол коюлгандан кийин тоскоолдуктар жоюлду. «Жол картасы» боюнча маселени чечүүнү эки президент Беларустагы ЖККУнун жыйынында макулдашкан.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо