КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ КЫЛЫЧБЕК СУЛТАН КОРЕЯДА ИШЕНИМ ГРАМОТАСЫНЫН КӨЧҮРМӨСҮН ТАПШЫРДЫ

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл

Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султан 1-декабрда Сеул шаарында аталган өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Ли Вук Хёнго Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчилигинен маалымдашты.
Маалыматка караганда, жолугушууда эки тарап кызматташууну мындан ары да өркүндөтүү жолдорун талкуулашкан. Баарлашуунун жүрүшүндө Ли Вук Хён Кылычбек Султанды атайын жана ыйгарым укуктуу элчилик кызматына киришкени менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, Кылычбек Султан ушул жылдын 28-октябрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгынын негизинде Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалган. Кылычбек Султан 2012-2013-жылдары социалдык өнүгүү министри, 2014-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси, 2016-2017-жылдары Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи-тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп иштеп келген.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо