ОЛИМПИАДАДАН ЧЕТТЕТИЛГЕН ОРУСИЯ КЫРГЫЗДАРДЫ ДА КАТЫШПООГО ЧАКЫРДЫ

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Виталий Милонов Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилигине 2018-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарынан баш тартууну сунуштады. Милонов мындай сунуш менен Казакстан, Беларусь жана БРИКС өлкөлөрүнүн улуттук Олимпиада комитеттерине да кайрылган. Депутат аталган өлкөлөр Олимпиадага катышуудан баш тартып, Орусияга тилектештик билдириши керек дейт. «Орусиянын Олимпиададан четтетилиши саясий мүнөздө болуп жатканын баарыбыз билип турабыз. Бүгүн Орусия болсо, эртең сиздин өлкөңүз мындай кысымга туш болбойт деп ким кепилдик бере алат?»- дейт Милонов. Кыргыз улуттук Олимпиада комитети жана өлкө жетекчилиги бул сунушка пикирин билдире элек.
Айта кетсек, Эл аралык Олимпиада комитети Орусияны 2018-жылы Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтчү Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу укугунан ажыратты. Буга Орусиянын бийлиги уруксат берген допинг программасы себеп болгон. Мындан сырткары Эл аралык комитет Орусияны "Сочи Олимпиадасын бурмалаган, талаптарды аткарбай келет" деп айыптоодо.
Кыргыз өлкөсү 1994-жылдан бери Кышкы Олимпиада оюндарына катышып келет. Бирок бир да жолу медалга жеткен эмес.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо