АСКАРБЕК ШАДИЕВ – КЫРГЫЗДАГЫ АЛГАЧКЫ ДЕПУТАТ-ЧИНОВНИК

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл

Жогорку Кеңештин депутаттары 6-декабрда биринчи вице-премьер-министрлик кызматка «Бир бол» фракциясынан депутат Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин жактырды. Добуш берүүгө 98 эл өкүлү катышып, баары колдошту. Шадиевди премьер-министр Сапар Исаков сунуштап, парламенттин тийиштүү комитетинин колдоосуна ээ болгон. 7-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков аны аталган кызматка дайындады. Шадиев өкмөттүн отун-энергетика тармагын тескемекчи.
1-декабрдан тарта күчүнө кирген Конституциядагы айрым өзгөрүүлөргө ылайык, Аскарбек Шадиев бир эле учурда биринчи вице-премьер-министр да, парламент депутаты да болуп иштей алат. Ал буга чейин парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетин жетектеп келген.
Парламент жыйынында премьер-министр Исаков Шадиевди экс-президент Алмазбек Атамбаев менен иштешкен тажрыйбалуу саясатчы экенин айтып: «Тарыхта алгачкы жолу депутат биринчи вице-премьер-министр болуп, мандатын сактап калууда. Аскарбек Шадиев парламент менен өкмөттүн ортосундагы бекем көпүрө болот»,- деди.
Баш мыйзамга ылайык, биринчи вице-премьер-министр болуп шайланган Аскарбек Шадиев мындан ары парламенттин жыйындарында добуш берип, кадимки депутаттык статуста талкууларга катышууга укуктуу. Эгер өкмөттөн кетсе депутаттык орду сакталат. Аскарбек Шадиев учурда 48 жашта. Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. Буга чейин Баткен облусунун губернатору, Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты, энергетика жана өнөр жай министри болуп иштеген.
Айта кетсек, биринчи вице-премьер-министрлик орун 23-ноябрдан бери бош турган. Аталган кызматты ага чейин учурдагы вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов ээлеп келген.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо