ВИЦЕ-СПИКЕРЛИК КРЕСЛО «АТА МЕКЕНГЕ» ТИЕБИ ЖЕ «РАЖгабы»?

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл

Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова парламенттин 6-декабрдагы жыйынында төраганын орун басары кызматынан өз каалоосу менен кетерин жарыялады. Эл өкүлдөрү анын өтүнүчүн канааттандырды. Өмүрбекова вице-спикерликти 1,5 жылдан бери аркалап келе жаткан.
Вице-спикердин ордуна учурда оппозициядагы эки фракция өз талапкерлерин сунуштаганы жатышат. «Ата Мекен» фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов көрсөтүлөрү белгилүү болсо, «Республика-Ата Журттан» депутат Курманкул Зулушев сунушталмакчы. Бул маселени адегенде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карап, кийин жалпы добуш берүүгө чыгарылат.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо