БИР БҮРКҮМ. ПУТИН 4-ИРЕТ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШАТ...

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл

  • 6-декабрда Жогорку Кеңеште жаңы депутат ЗАКИР ШАРАПОВ ант берди. Ал жакында көз жумган «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Улан Чолпонбаевдин ордуна мандат алган.
  • Көк бөрү оюну ЮНЕСКОНУН материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргыз өлкөсүнүн атынан катталды.
  • Орусиянын президенти ВЛАДИМИР ПУТИН Орусияда 2018-жылы өтүүчү президенттик шайлоого катышарын билдирди. Ал буга чейин 3 ирет президент болуп шайланган.
  • Кыргыз мамлекетинин жогорку окуу жайларында билим алууга келген ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИН көбү индиялыктар жана казакстандыктар. Эң азы Европа өлкөлөрүнөн келгендер.
  • Түрк маданиятынын эл аралык уюму ("Түрксой") 2018-жылды «АЙТМАТОВ ЖЫЛЫ» деп жарыялады. Эске салсак, 2018-жылы Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет.
  • БАЛЫКЧЫ шаарынын экс-мэри Сатыбек Шамшудиновду сөккөн Балыкчынын азыркы мэри Алмазбек Мамбетов соттун чечими менен 2 миң сом айыпка жыгылды.
  • ОШ ОБЛУСУНДА ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 6818 адам жашайт.
  • Учурда Кыргыз өлкөсүндө 17 КАМСЫЗДАНДЫРУУЧУ уюм иш алып барууда. Алардын саны 2012-жылдан бери 2 эсе өскөн.
  • Кыргыз жарандары Сербия өлкөсүндө 90 күнгө чейин ВИЗАСЫЗ жүрсө болот. Аталган келишимге тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин Сербияга иш сапары алкагында кол коюлду.
  • Жаш активисттер өспүрүмдөргө терс таасир берет деген жүйө менен Кыргыз өлкөсүндө ПОРНОГРАФИЯЛЫК сайттарга тыюу салууну сунушташууда.
  • Республика аймагында 87 өзгөчө КОРУККА АЛЫНГАН АЙМАК бар. Алар өлкө аймагынын 1 миллион 476 миң гектар аянтын түзөт же болбосо 7,38 пайызын ээлейт.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо