Шавкат Мирзийоев: «КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ БИЗДИН ЭҢ ЖАКЫН КОҢШУБУЗ. БИЗДЕ ЧЕК АРА БОЛБОШУ КЕРЕК»

№789 15-21-декабрь, 2017-жыл

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-14-декабрь күндөрү Өзбекстанга расмий иш сапары менен барды. Бул анын президенттик кызматтагы башка өлкөгө жасаган алгачкы расмий иш сапары болду. 13-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин жолугушуусу өттү. Журналисттерге маалымат берүү учурунда Сооронбай Жээнбеков: «Чек ара боюнча келишимге кол коюлган. Тоскоолдуктар алынды. Чек аранын калган тилкелерин делимитациялоо иштерин активдештиришибиз керек. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча эки өлкөнүн жумушчу тобу ушул жылдын 25-декабрында жолугушат»,- деди. Ал эми өзбек лидери Шавкат Мирзийоев Жээнбековду президент болуп шайланганы менен куттуктап, «Кыргыз өлкөсүнүн эли туура тандоо жасады" деп билдирди. «Кыргыз-өзбек тарыхында мындай кызматташтык болгон эмес. Эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү бул жылы 250 миллион долларды түздү. Биздин эң жакын кошунабыз – Кыргыз өлкөсү. Бизде чек ара болбошу керек»,- деп айтты Мирзийоев.
Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге «Данакер» орденин тапшырды.
Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында бир нече тармак боюнча 6 документке кол коюлду. Алар 2018-2021-жылдары Өзбекстандын өкмөтү менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу тууралуу программа, Өзбекстандын Профсоюздар федерациясы менен Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын ортосунда кызматташуу тууралуу макулдашуу жана башкалар.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо