-
ОШ–ТАШКЕНТ авиакаттамы 2018-жылдан тарта иштей баштайт. Учурда Бишкек–Ташкент каттамы бар. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.
-
КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ 10 айдын жыйынтыгында 1 миллиард 368 миллион долларлык товар экспорттоп, 3 миллиард 561миллион долларлык товар импорттогон.
-
2016-жылы КУРГАК УЧУККА кабылган 550 кыргызстандык эмгек мигранты катталган. Алардын 439у Орусиядан келгендер.
-
Кыргыз өлкөсүнүн көпчүлүк жарандары ДИНИЙ БИЛИМДИ Пакистан, Египет, Иордания, Түркия жана Сауд Аравиясынан алышат.
-
БИШКЕК-КАЗАНЬ (Орусия) багыты боюнча темир жол каттамы ишке кирди. Каттам ар шейшемби күнү ишке ашырылат.
-
Парламент депутаттары ОРТО-ТОКОЙ суу сактагычын башкарууну Өзбекстандан Кыргыз өлкөсүнө өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
-
Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынан депутат ИСХАК ПИРМАТОВ парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды. Буга чейин комитетти учурдагы биринчи вице-премьер-министр, депутат Аскарбек Шадиев жетектеп келген.
- 1994-2004-жылдары чыккан үлгүдөгү паспорт ээлери үчүн БИОМЕТРИКАЛЫК ПАСПОРТТУ бекер даярдоо 2017-жылдын 31-декабрында аягына чыгат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
-
Кыргыз өлкөсү 2016-жылы Кыргыз тарапка өттү деп жарыяланган Ысык-Көлдөгү 4 ПАНСИОНАТТЫ кайра Өзбекстанга кайтарып берүүдө.
-
Өлкөдө ушул жылдын 11 айында 820 адам ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН каза болгон. Бул тууралуу ИИМдин башчысы Улан Исраилов билдирди.
-
АЛИНА ШАИКОВА Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды. Мурда ал Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп иштеген.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg