№790 22-28-декабрь, 2017-жыл
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, алпаруучу Турусбек Жумалиевдин үй-бүлөсүндө наристе үнү жаңырды. Жаңы жыл алдында небере жытын искеп, маңдайы жарыла кубанган Турусбек Жумалиев сезимдери менен бөлүштү.
“20-декабрда келиним Аида Жаңы жыл алдында мага үчүнчү неберемди белек кылды. Уул бала төрөлүп, учурда атын койгонго ысым таппай жатам. Жыл жакшы жаңылыктар менен жыйынтыкталды. Өзүм жетектеген “Ар-Өнөр” театрымдын 5 жылдыгын ийгиликтүү өткөрүп алдым. Жергебизде алгылыктуу иш алып барганыңыз үчүн деп курулуш компаниялардын бири көп кабаттуу үйдөн батир белек кылды. Келиним башыбызга баш кошту”,- дейт. Алпаруучунун небереси өмүрлүү болсун!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |