ПРОКУРАТУРА КАНАТ ИСАЕВДИ 20 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТУУНУ СУРАДЫ

№791 28-декабрь-5-январь 2018-ж.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын мурдагы лидери, депутат Канат Исаевге каршы козголгон кылмыш иши каралып жатат. Прокурорлор Исаевдин күнөөсү толугу менен далилденгенин айтып, соттон аны 20 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону суранышты. Ошондой эле ушул кылмыш ишинин алкагында айыпталып жаткан 6 жаранды 9 жылдан 18 жылга чейин камакка алууну сунуштады.
Айта кетсек, Канат Исаевге Башкы прокуратура "2008-
2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган"
деп айыптап, 303-берене (коррупция) боюнча кылмыш ишин козгогон. 2016-жылдын ноябрында иш кайрадан жанданган болчу. Исаевди 20 жылга эркинен ажыратуу ушул кылмыш ишинин негизинде суралууда.
Мындан сырткары үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында Канат Исаевге карата Башкы прокуратура тарабынан дагы бир кылмыш иши козголгон. Ал «президенттик шайлоо учурунда бийликти басып алууга камынган» деп айыпталып, 2-октябрда камакка алынган. Сот Исаевди 2018-жылдын 30-январына чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо