ЖЭЭНБЕКОВ КЫРГЫЗ-КАЗАК МАМИЛЕСИН ОҢДОО МЕНЕН АЛЕК

№791 28-декабрь-5-январь 2018-ж.

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-26-декабрда расмий иш сапары менен Казакстанда болду. Кыргыз-Казак мамилесинде саясий араздашуулардан улам келишпестиктер жаралып, эки өлкө чегинде казак тараптын демилгеси менен катаал текшерүү пайда болуп, мындан улам көптөгөн ишкерлер жабыр тартышкан эле. Жээнбековдун бул сапары Нурсултан Назарбаев менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин мамилесинде кеткен жараканы оңдоого арналды. Сапар алкагында Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен тар жана кең чөйрөдө жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууда өлкө башчы дүйнөдө кыргыз менен казактай жакын эл жок экенин айтып, Назарбаевди «агабыз, аксакалыбыз» деп атап, «стратегиялык байланышты жакшыртууга бардык аракетимди жумшайм. Бүгүн биз мамлекеттик чек ара боюнча тарыхый документке кол койдук» деди.
Ал эми Нурсултан Назарбаев Жээнбековдун сапарынан толук канааттанганын айтып, маселелердин баары чечилүүгө тийиш экендигин билдирди. «26 жылдан бери эгемендүү мамлекет болуп жашап жатабыз. Ушул мезгилде Казакстан Кыргыз өлкөсүнө бир да жамандык жасаган жок. Бул жакшы көрүнүш. Себеби биз келебиз, кетебиз. Эки эл калат. Биздин ортобузда чечилбей турган маселе болбошу керек»,- деди Назарбаев.
Тараптардын жолугушуусунан кийин 2 документке кол коюлду. Биринчиси, Кыргыз-Казак чек арасын демаркациялоо, экинчиси, чек арадагы режим жөнүндө макулдашуу. Буга чейин мурунку президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-Казак чек арасындагы 800 метрдей тилке маселе жаратып келерин, Казак тарап келишимге кол коюудан баш тартып жатканын айткан. Жээнбеков ошол келишимге кол коюуга жетишти, бирок Бишкектен Кеминге бараткан жолдогу бул тилке кандай, кимдин пайдасына чечилгени ачыктала элек.
Сооронбай Жээнбеков мындан сырткары Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолукту. Кыргыз ажосу сапарын Орусияга карай улап, Москвада өткөн КМШ өлкө башчыларынын бейрасмий жолугушуусуна катышып кайтты.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо