-

Жогорку Сот
«СЕНТЯБРЬ» ТЕЛЕКАНАЛЫН жабуу боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
-
Учурда керектөөчүлөрдүн ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНА болгон карызы 1 миллиард 668,5 миллион сомду түзөт. Бул 2017-жылдын январына салыштырмалуу 11,3 пайызга аз. Аталган маалыматты Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев билдирди.
-
Кыргыз-Кытай ЧЕК АРАСЫНДАГЫ «Торугарт», «Эркеч-Там» көзөмөл-өткөрүү бекеттери Кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жыл майрамына карата 30-декабрдан 2-январга чейин жабылат.
-
Кытай-Кыргыз-Өзбекстан багыты боюнча курулуучу ТЕМИР ЖОЛДУН акыркы картасы 2018-жылдын апрель айында такталып бүтөт.
-
Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери асынып каза болгон кыздын ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИН видеого тартып, WhatsApp аркылуу таратканы үчүн кызматтан бошотулду.
-
АКШ жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз өлкөсүнө САСЫК ТУМООГО каршы жардам иретинде 105 миң дозалык вакцина тапшырды.
-
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын "Адилеттүү Орусия" фракциясы өлкөгө кирген ар бир МИГРАНТ үчүн 5 доллардан 15 долларга чейин салык алууну сунуштады.
-
2017-жылдын 11 айында Экономикалык кылмыштарга КАРШЫ КҮРӨШҮҮ мамлекеттик кызматы 3 миллиард сомго чапчыган 1395 экономикалык укук бузууларды аныктаган.
-
Чүйдө 23-декабрда 13 ЖАШТАГЫ КЫЗ ТӨРӨДҮ. Анын организми төрөткө даяр болбогондуктан, операция жолу менен көз жарган. Азырынча ымыркайдын атасы ким экендиги айтыла элек.
-
2018-жылдын 1-январынан тарта БИОМЕТРИКАЛЫК ПАСПОРТТУН баасы 320 сомду түзөт. Бул эски үлгүдөгү ID картанын баасынан 110 сомго арзан.
-
Жалал-Абад облусундагы ОРТО-ТОКОЙ суу сактагычындагы көзөмөлдү Кыргыз өлкөсүнө өткөрүү боюнча макулдашууну Жогорку Кеңештин депутаттары 3-окууда колдоду.
-
Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү бардык МЕКТЕПТЕРДИ 2018-жылдын 1-сентябрынан тарта 5 күндүк окуу тартибине өткөрүүнү сунушташууда.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg