№791 29-декабрь-4-январь 2018-ж.
Шыңгыр күлкүсү менен далай мырзаларды эстен тандырган белгилүү америкалык актриса Камерон Диас 2015-жылы рок-музыкант Бенжи Мэдденге турмушка чыккандан бери көп коомчулукка чыкпай калган эле. 45 жаштагы актриса эми гана эне болууга даярданып жолдошу экөө бала асырап алууну пландап жатканын америкалык журналисттер жазып чыгышты. Камерондун жакындарынын айтымында, актриса АКШда төрөлбөгөн чет өлкөдөн бала асырап алууну каалап жатыптыр. Эске салсак, Камерон Диас турмушка чыккандан кийин эмне үчүн карьерасын таштап үй-бүлөнү тандаганынын себебин айтып маек берген. Анда «Мен өзүмдү толук кандуу сезишим керек болду. Көбүрөөк убактымды жолдошума бөлүүнү туура көрдүм. Анткени мени ушул нерсе бактылуу кылып жатат» деген.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |