САПАР ИСАКОВ КЫШКЫ ТУРИСТТИК СЕЗОНГО СТАРТ БЕРДИ

№792 5-11-январь, 2018-жыл

Премьер-министр Сапар Исаков 30-декабрда Чүйдүн Аламүдүн районунда жайгашкан «Чуңкурчак» тоо лыжа базасында кышкы туристтик сезондун ачылышына катышты. Быйыл калың кар декабрдын аягында жааганына байланыштуу 2017-2018-жылкы кышкы туристтик сезон кечирээк башталды. Өкмөт башчы Сапар Исаковдун айтымында, кышкы туризм үчүн өлкөгө келген туристтердин саны жылдан-жылга өсүүдө. «Быйылкы лыжа тебүү мезгили мыкты болот деп ойлойм. Эс алуучулар үчүн жакшы шарттарды түзгөнгө аракет кылабыз»,- деди Исаков. Өкмөт башчы Кыргыз өлкөсү кышкы туризм боюнча ири потенциалга ээ экенин айтып, бул багытта алгылыктуу иштер жасалышы керектигин кошумчалады.
Айта кетсек, өлкөдө азыркы тапта 20дан ашуун тоо лыжа базасы иштейт. Бирок басымдуу бөлүгү керектүү шарттар менен камсыздалган эмес.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо