ДЕПУТАТТАР АВТОУНААСЫН ГАЗ МЕНЕН ЖҮРҮҮГӨ ӨТКӨРГӨН АЙДООЧУЛАРГА ЖЕҢИЛДИК БЕРҮҮНҮ СУНУШТАШТЫ

№792 5-11-январь, 2018-жыл

Өлкөдөгү газ менен жүргөн автоунаалардын ээлерине жеңилдиктер берилиши керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев айтып чыкты. Депутат газ менен жүргөн автоунаалардын экологияга зыяны аздыгын эске алуу зарыл дейт. «Учурда автоунаалар көбөйдү. Алар газ менен жүрсө экологияга зыяны азыраак болот. Бул үчүн автоунаасын газга өткөргөн айдоочуларга жеңилдиктерди беришибиз керек. Мындай кадам башка айдоочуларга стимул болмок»,- дейт Карашев. Андан сырткары депутат айтылган сунуш-пикирлерге өкмөттөн жооп болбой жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары өлкөнүн ири шаарларында аба кескин булганып жатканын адистер тынбай айтып жатышат. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын абасына зыяндуу заттардын 70 пайызы автоунаалардан чыгат. Мындан улам борбор калаанын ар бурчуна 2018-жылы абанын тазалыгын эсептөөчү атайын жабдууларды орнотуу пландалган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо