УЮЛДУК ТЕЛЕФОНГО БАЙЛАНЫШТУУ МАСЕЛЕЛЕР: ТОП-5

№794 19 - 25-январь, 2018-ж.

«Жаныңда дайыма эмне алып жүрөсүң?» деген суроого көпчүлүк «телефон» деп жооп берери анык. Телефонду сатып алууда, аны колдонууда кандай эрежелерди кармануу керек? Уюлдук телефон көтөргөндөр көбүнчө кандай маселелерге туш болушат? Суроолорубузга «ABC» тейлөө-борборунун адиси Бекболот Акимбеков жооп берди.

КУБАТЫ (ЗАРЯД) БАТ ТҮГӨНӨТ
Мындай болгондо батареясы иштен чыгып калган болот. Мунун 3 себеби бар:
1-себеби. Түнү менен кубаттандыргычка сайып коюшат. Телефон ашып кетсе 5 саат кубаттанышы керек, андан көп убакытка сайылып турса батареянын тез иштен чыгуусуна алып келет. Батарея шишип баштайт, телефон бат-бат эле өчүп калат.
2-себеби. Wi-fi`га караганда мобилдик интернетти колдонууда көп кубат сарпталат, бул албетте, батареяга таасир этет.
3-себеби. Автокубаттандыргычты көп колдонуу. Бул кубаттандыргычтар көбүнчө Кытайдан келет, сапатсыз. Айдоочулар унаасында аны колдонгондо бул телефондордун батареясына терс таасир берет, эрте жарактан чыгат. Болушунча мындай кубаттандыргычты колдонбош керек.

ТЕЛЕФОН ӨЧҮП КАЛДЫ
1-себеби. Сууга түштү. Телефон сууга түшкөндө эгер ажыратууга мүмкүн болсо батареясын, сим-карта, эс-тутум карта дегендердин баарын өз-өзүнчө бөлүү керек. Эгер аз өлчөмдөгү эле суу тийсе коомчулукта айтылып келгендей телефонду күрүчкө (нымды тартып алат) сала койсо болот. Бирок телефон сууга толугу менен чөгүп кеткен учурда бул ыкма жардам бербейт. Суу телефондун ичиндеги микросхемалардын кычкылдануусуна, күйүп кетүүсүнө алып келет. Андыктан дароо тейлөө-борборлоруна алып баруу керек.
2-себеби. Жерге түштү. Телефондордун системдик платасы (телефондогу бардык кызматтарды башкарган тетик) өтө назик болот. Катуу жерге кулаганда доо кетет да, телефон өчөт. Телефондо үч негизги микросхема бар: процессор, эс-тутум, кубаттагыч микросхемасы. Ушулардын бири эле иштен чыкса телефон өчүп калат. Буларды оңдоо адистердин гана колунан келет.

ДИСПЛЕЙ СЫНДЫ
Кымбат баалуу телефондордун дисплейи сынып калса, аны алмаштыруу да кымбатка турат, башкача айтканда, ошол телефондун жарым баасы болушу мүмкүн. Дисплей – бул көрсөтүүнүн, сенсор – башкаруунун милдетин аткарат. Мурдагы телефондордо ар бири өзүнчө жайгашса, азыркы телефондордо бул кызматтар бириккен да, дисплей жабыркаган учурда эки кызмат тең жарактан чыгып, ошого жараша аны оңдоо баасы да кымбат.

КУБАТТАНБАЙ ЖАТАТ
1-себеби. Кубаттандыргыч сайылчу уячага (гнездо) чаң, кир толуп, кубаттандыргычты сайганда тийишпей калат да, телефон кубат албайт.
2-себеби. Телефон кубаттанып жатканда жаш балдар барып кубаттандыргычтын шнурун ары-бери чойгулап ойношот. Же болбосо телефон чалуу келгенде сайылып турган жеринен барып сүйлөшөбүз, интернет чукулайбыз. Бул учурда уячадагы платада майда жаракалар кетет, контакттар тийишпей баштайт да, уяча жарактан чыгат. Андыктан телефон зарядда турганда тийбеш керек, телефон чалынганда биринчи кубаттандыргычтан ажыратып, анан сүйлөшүш керек. Жакшысы заряд алып жатканда телефонду өчүрүп коюу туура.

УГУЛБАЙ ЖАТАТ ЖЕ МЕНИ УКПАЙ ЖАТЫШАТ
1-себеби. Угуучу динамиктин ичинде коргоочу торчосу бар. Ошол жакка чаң толуп калат, аны тазалоо керек. Кадимки тиш жууган щётканы алып биринчи кургак сүртүп чыгасыз. Андан кийин щётканы спиртке бир аз малып алып, 2-3 мүнөт торчону катуу баспай, акырындык менен сүртүп тазалайсыз. Эгер тазалагандан кийин да үнү чыкпаса, анда адиске кайрылуу керек.
2-себеби. Микрофонго чаң, кир толуп калат да, үн угулбай калат. Аны кадимки ийне менен акырын чукуп тазалоо керек. Эгер жыйынтык чыкпаса, адиске кайрылыңыз. Сиздин телефондун микрофону иштебей калса сүйлөшүп жаткан адам сизди укпай калат. Сиз чалган абоненттин телефонунун динамиги иштебесе сиз укпай каласыз.

ТЕЛЕФОН САТЫП АЛУУДА ЭМНЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?
1. Телефон сатып алууда каражатка кароо керек. Кымбат телефон болобу, арзанбы заводдон чыгарылып жатканда иштөө мөөнөтү 1-1,5 жылга гана ылайыкталат. Кымбат алсам же белгилүү бренддин телефонун алсам көпкө жетет деген ой ката.
2. Телефонду кайсы максатта алып жатканыңызды билиңиз. Азыр каалоого жараша ар кандай кызмат аткарган телефондор бар. Мисалы, көп сүйлөшкөндөр үчүн өзүнчө, интернетте көп отурам дегендер үчүн өзүнчө, оюн ойнойм жана сүрөт, видео дегендер үчүн өзүнчө. Бул кызматтардын баары бир телефондо болгондо күч келет, тезирээк жарактан чыгат.
3. Телефон канчалык кымбат болсо, анын бузулган тетиктери да кымбат болот.
4. Азыр жасалма телефондор көп, аларды оригиналынан ажыратуу оор, бирок мүмкүн. iOS – жабык системине (Apple уюлдук телефондоруна орнотулат) караганда Android – ачык системиндеги (Самсунг) смартфондордун жасалмасын жасоо оңой делет. Android системиндеги смартфондордун жасалмасын кантип билүү керек?

а) Жасалма телефондордо бренддин атын туура жазышпайт, бир тамгадан болсо да ката болот.
б) Имей код. Кантип текшерүү керек? Батарейканын алдында чапталган кагаздагы имей кодун карап эстеп калыңыз да, телефонду кайра иштетип: Меню – Настройки – Об устройстве – Состояние – IMEI жөндөөлөрүн басыңыз. Эми экрандагы имей код менен кагаздагыны салыштырыңыз. Окшош болбосо, телефон жасалма.
в) Расмий каттоодон өткөн сатуу жайларынан алганыңыз оң, эгер маселе жаралса кардардык укугуңузду коргой аласыз.

5. Телефон аларда аны оңдоо баасын, тетиктери бар-жогун сурап алыңыз. Чет жерде жүргөн мигранттар ал жактан өзүнө, жакындарына телефон ала келишет. Ал телефондор бузулуп калса, Кыргызстандан тетик табылбай калат.


Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(28)
23.01.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эн соонун кенеш экен рахмат супер инфо
23.01.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
менин телефонумдун микрофону иштебей атат окшойт. меникин эле эч ким укпай наушник мн суйлошуп атам. микрофону кайсы жакта, айтып койгулачы. шаарга жетпей атам
23.01.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
love_you, телефонунуз Самсунг болсо, эн түбүндө зарядка сайгычы, наушник сайгыч анан дагы бир кичинекей тешик бар - ошол микрофону. Эгер Айфон болсо, үстү жагында наушник сайгычы анын жанында кичинекей тешик бар - ошол микрофону.

Altynym түзөттү 2018-01-23 13:58:45
23.01.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Altynym,рахмат
23.01.2018. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
айфон жонундода кенеш бергилечи
23.01.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
doni_kg9393, бул бардык маркадагы телефондорго колдонулчу кенештер го.
27.01.2018. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
doni_kg9393,Айфон негизи сулуу бирок музыка приложение кино жана башка нерселерди жукто ото коп убакытты талап кылат анткени ага бир гана компютердин жардамы менен жуктой аласын
Айклауд унутуп калсан айфондун кереги жок документи жок машинадай болуп калат бирок связга иштетсен болот билгеним ушул
29.01.2018. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
machobek17,кино жуктоо оной эле компьютерсиз а музыка жуктоо кыйын экен
23.01.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ал Эми такыр батерейкасы жок телефондорчу мисалы HTC деген фирманын бир моделинин такыр эле батерейкасы жок, азыркы акыркы чыгып жаткан телефондордун копчулугунун аркасы ачылбайт. Аларды кантип билсе болот тазабы жасалмабы.
23.01.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
телефондо заряд толгуча алып кайра койо берсе зыянбы?
23.01.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
manchik0595,толгуча алып, кайра коё берсе телефондун зарядкасы көпкө жетпей, бат түгөнө берет. Андан кийин көп зарядтай берсең батерейкасы шишип кетет.
23.01.2018. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапаты эн жакшы телефон бул айфон бирок аккумулятору слабый болот айылда жашагандарга андроид еле жакшы
Айфон 4 4s 5 5c лерди албай еле койгон он анан памяты 16гб дан аз болсо да болбойт
23.01.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менин телефонум RedMi ушул телефон жакшы Бат заярды толот бирок копко чейин жетет камерасы да жакшы тартат.интернетке да жакшы, эки телефон кылып которсо да (эки симкарта эки ватсап)болот, дагы коп жакшы жактары бар баасы да жакшы!
Guki түзөттү 2018-01-23 17:55:07
27.01.2018. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guki,оштон болбойсуңбу? redmi деген wifi күндө без пароль иштейт да
28.01.2018. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Liliia кандайча оштон болбойсунбу оштон болбойм Сен ката жазсам акырын эле тушундур ошту аралаштырбай xiaomi redmi деп google апчене жазсан оштон таап берет
Guki түзөттү 2018-01-28 21:04:38
28.01.2018. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guki,апеей туура эмес түшүндүң окшойт. мен ошто жашайм, күндө кечинде интернет иштеткенде Redmi деген WiFi ачык турат ошого Оштук болбойсуңбу деп сурап калдым телефонум Redmi дегениңен
28.01.2018. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Liliia,ооба туура эмес тушунуп алдым ош деп болунгон сыяктуу болуп кетти. Жок мен оштон болбойм.
Guki түзөттү 2018-01-28 23:56:22
23.01.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин телефонум эң жакшы иштейт Lenovo , колдонгонума 5 жыл болду. Катыганды билбейт, Зыңк боюнча иштеп жүрөт байкушум.
24.01.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники нокиа 1110 интернетке киргенде такыр катыбайт
24.01.2018. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экран катып калганы эмнеден
27.01.2018. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amina_kyzym,сброс кылып көргүлө
24.01.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
керемет коч. маша медведь дегендерди кандай кылып кочурсо болот телефонго ато кечке [moderated] дан коргонго мб жетпей калат экен айтып койгулачы сураныч
25.01.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amina_kyzym, Одноклассниктен кочурсо оной бирок браузер менен кириш керек chrome ден кирип
27.01.2018. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
amina_kyzym, Google дан tubemate деген приложение кочуруп установка кыласыз [moderated]ка окшош любой мультик клип кино бааааарын кочуруп алсаныз болот
machobek17 түзөттү 2018-01-27 01:37:40
29.01.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
machobek17,
Айфонго кочурсо болот бекен?
29.01.2018. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники Самсунг А3! Катыбай жакшы иштеп атат. Батерейкасын атайын адистер которуп берет экен. Баасы 1000 сомдун тегереги.
29.01.2018. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин телефонум 3 жыл болду.. аябай мыкты.. Самсунг пример
Заряд. Интернет. Чалуу. Баарысы 5
Экраны жарака кеткен.. бир жыл болду.. жаны алгандай иштеп жатат..
31.01.2018. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZTE кандай телефон?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо