ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 22-январдан 28-январга чейин

№794 19 - 25-январь, 2018-ж.



КОЙ (21.03-20.04)
Өткөн күндөрдөгү ийгиликтердин жемишин терип алууну дагы да токтотпоңуз. Бирок аптанын акырында айрым каршылыктарга дуушар болосуз. Өзүмчүлдүктү ооздуктаңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Ишембиге чейин жүрүп жаткан алгылыктуу жумушуңуздан алагды болбоңуз. Дем алыш күндөрү ушак менен душмандардан сак болуңуз. Сапар, күтүлбөгөн көйгөйлөр күтүлүүдө.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жуманын соңуна чейин жумуш, каржы жаатын ойдогудай алып кетесиз. Зыяндуу адаттардан да кутулуп үлгүрүңүз. Ыңгайлуу мезгил. Ишемби, жекшемби күндөрү курбу, кесиптештер менен аяр мамиледе болуңуз. Акча жаатында чыр чыгышы мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Өнөктөштөр менен иштешүү, чыгармачылык дагы да жаман болбойт. Изденүү менен иш алып барсаңыз жыйынтыгы кубандырат. Кыйкымчылдыкты ооздуктабасаңыз, дем алыш күндөрү айрым мамилелерди бузуп аласыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жумуш, үй-бүлө, туугандар маселеси жакшы чечилет. Үй эмеректерин ишембиге чейин алганыңыз оң. Жекшемби күнү жумуш, көзөмөл органдарына байланыштуу адамдар менен этият мамиле жасаңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жакын санаалаш адамдар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Көңүл эргиткен спорттук көнүгүүлөрдү жасаңыз. Оң натыйжасын берет. Дем алыш күндөрү балдарыңыздын керектөөлөрүнө акча сарптайсыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сиз үчүн бул аптада да өткөн аптанын ийгиликтери уланат. Дем алыш күндөрү үй-бүлө мүчөлөрү же келген конок менен түшүнбөстүк жаралат. Анын келиши максатка ылайыксыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Азыркы жүрүп жаткан негизги иштериңизге кошумча документ иштерин да унутта калтырбай чогуу ала кетиңиз. Жыйынтыгы жаман болбойт. Дем алыш күндөрү жагымсыз кабар угасыз. Жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда сак болуңуз. Кооптуу мезгил.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Акчаны көбөйтүү аракетиңизди токтотпоңуз. Киреше кирүүчү убак. Пландардын орундалышы үчүн бир сырдуулук, өз алдынча аракет жасоо сунушталат. Дем алыш күнү күтүүсүз чыгымдар же акча көйгөйү жаралат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жеке ой-тилек максаттарыңыз сиз ойлогондой орундалат. Аларды максималдуу ишке ашыруу үчүн жакын санаалаштардын жардамына таяныңыз. Ишемби, жекшембиде күтүлбөгөн маселеге дуушар болосуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жетекчилик, жогорку рангдагы адамдар менен дагы да болсо жашыруун иш-аракеттерди жакшы алып барасыз. Алардын ишеничине киресиз. Аптанын аяк чендеринде документтерге сак болуңуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Ишембиге чейин ишканалар, курбу, башка жактык өнөктөштөр менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Көзөмөл органдарына кайрылуу үчүн да ыңгайлуу мезгил.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо