Жеңишбек Айтиев, ырчы, тамада: «УУЛУМДУ ӨЛТҮРГӨН БАЛАНЫН АТАСЫ ҮЙҮМӨ БАСТЫРЫП КИРГЕНДЕ ЧЫР ЧЫГЫП КЕТТИ»

№794 19 - 25-январь, 2018-ж.

2018-жылдын 12-январь күнү куудул, белгилүү тамада жана ырчы Жеңишбек Айтиевди Ош шаардык соту бейбаштыкка айыптап, шарттуу түрдө 1 жылга жазага тартты. Буга эмне себеп болду? Суроого төмөндөн жооп издеп көрөлү.

ЭСКЕ САЛСАК...
Эсиңиздерде болсо, 2016-жылдын 21-октябрында Ош шаарынын Гостелло көчөсүндөгү 1-Б үйүнүн алдында Жеңишбек Айтиевдин тун уулу, 12 жаштагы Туратбек Акпаралиевди 22 жаштагы кошунасы Нуржигит Анарбаев бир нече ирет бычак менен сайгылап салган. Жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Тергөө учурунда кылмышка шектүү «кошунамдын баласы тамагыма уу кошкону келатканда алдынан чыгып бычактап салдым» деп бул кадамга эмне себептен баргандыгы тууралуу көрсөтмө берген. Ал эми ошол учурда кылмышка шектүүнүн атасы уулунун психикалык оору менен жабыркай турганын айтып чыккан. Бирок Нуржигит Анарбаевдин акыл-эси жайында деп табылып, Ош шаардык соту аны өмүр бою эркинен ажыраткан.
Жогорудагы окуядан улам Жеңишбек мырза менен анын уулун өлтүргөн жарандын атасы Калмамат Анарбаевдин ортосунда өткөн жылдын октябрь айында чыр чыгып, аягы сотко чейин жеткен.

«БАЛДАРЫМ ЧЫРКЫРАП ЫЙЛАГАНДА ЧЫДАБАЙ КЕТТИМ»
Окуя тууралуу Жеңишбек Айтиевдин өз оозунан угалы деп ага байланышканыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди:
-2017-жылдын 1-октябрь күнү уулум Туратбекти өлтүргөн зөөкүрдүн атасы Калмамат Анарбаев аялынын айылдаштарын ээрчитип үйгө келип алыптыр. Ата журту, туугандары акылдуу окшойт, келбептир. Арасында Алайдагы мечиттердин бириндеги 1 имам бар. Уулумдун жылдыгына даярданып жатканбыз. Аялыма «кетип калышсын, ачуу үстүндө бир нерсе болуп кетпесин» дедим. Аялым аларга «Жеңишбектин маанайы жок, кетип калыңыздар. Сүйлөшө турган болсоңор жылдыктан кийин деле сүйлөшүңүздөр, азыр сүйлөшкүсү келбей жатат» деп 3 жолу эскертти. Алар «биз кетпейбиз, кирип сүйлөшөбүз» деп буттарын эшикке коюп алыптыр. Келинчегимдин күчү жетпей, тигилер түртүп эшикти ачып киришти. Балдарым да чыркырап ыйлап жибергенинен чыдабай кетип экинчи келбесин деп коркутуп коюу максатында Калмаматтын алаканына бычак шилтеп жибердим. Ал кыйкырган бойдон качып кеткен. Кошуналар да ошол маалда чыгышып, «Жеңишбектин кандай абалда жүргөнүн көрүп турасың, эмне келип жатасың?» дешип, Калмаматты уят сөздөр менен сөгүп, кууп жиберишкен. Башка эч нерсе болгон эмес. Эгерде мен анын ордунда болсом, колумду жулуп салса дагы «эх, аке, күйүтүң бар да» деп кайра кечирим сурап кетип калмакмын. Ал болсо барып арыз жазыптыр. Ооруканага деле жаткан жок, жеңил жараат алыптыр. Кудайдан коркпогон адам болсо ушул экен да. Жанагы алып келген имамы деле «сабыр кыл, сенин колуң канаса Жеңишбектин жүрөгү канап турат» деп айтышы керек эле.
Уулумду жоготкондон баштап ал өзүнүн уулун "акыл-эси жайында эмес" деп жазасын жеңилдетүүнүн камын көрдү. Буга чейин ал зөөкүр Орусияда иштеп жүргөн. Ойлонгон киши үчүн ал жакка деле кем акылдарды киргизбесе керек? Уулумду жоготкон окуядан кийин ал кошунамды көргөндө кыжырым келе берет. Балдарым да аны көргөндө тим эле чыркырап ыйлашат. Кандай десем, жүрөктү сыгат да. Көрүнбөй калса да билинбейт эле. Кыскасы, менин жүрөгүм ыйлап жатканда атайын көзүмө көрүнүп, жиниме тийип жатты. Акылдуу болсо эбак көчүп кетиши керек эле.

«МЕН ЗӨӨКҮР ЭМЕСМИН, ЖАМАНДЫГЫМ ДЕЛЕ ЖОК»
-Сотто, Калмаматтын айтымында, ошол күнү менден кечирим сураганы келишкен экен. Бирок берки жанындагы адамдар, имам деле экөөнүн ортосунда чоң нерсе болуп жатса, азыр эмне чыгып кетет деп ойлонушу керек да. Эми эшигинин кармоочу сынып калса да мени сындырды деп сотто мага жалаа жаап жатат. Бети кантип чыдады билбейм. Мен анын эшигинин кармоочун көргөн деле эмесмин. Эшик эмес, оюма эч нерсе келбей турган мезгил. «Үйүмдү сатып кетишим керек эле. Мени коркутуп жатат, мен үйүмө келе албай жүрөм» деп көрсөтмө берип жатат. Мунун баары жалган. Үйүнө келип эле, беймарал жүрөт. Тирүүлүктүн иши токтобойт экен, 5 баланы багыш керек. Уулумдун кыркылыгы өткөндөн кийин жүрөгүмдү сыгып отура бербестен алаксыйын деп гастролго чыгып кеткем. Ошондон кийин да көп эле жолу гастролго кетип жатканда кошуналарыма «мен мынча күнгө кетип жатам, Калмамат үйүн сатсын же жүктөрүн алып көчүп кетсин» деп атайын айтып кетем. Себеби аны көрүп балдарым ыйлаганда мен чыдабай калам. Милдет эмес, бирок Кудайдын ыраазычылыгы үчүн керек болсо аларга тойдон келе жатып «ооз тийип коюңуз» деп баштыктарымды таштап өтчү элем. Үйүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатканда уста көрдү кылып тамак-аш көтөрүп алып барчу элем. Мен зөөкүр эмесмин, жамандыгым деле жок. Тиги дүйнөнү, балдарымды ойлойм. Эң негизгиси, Калмамат мага көрүнбөй эле коюшу керек. Ага айтарым, бул дүйнө менен эле чектелип калбайбыз, аркы дүйнөдөн эсептешчү күн келет.
Сот «жабырлануучу жеңил жаракат алган» деп мени 1 жылга шарттуу кести. Менин жактоочум деле «Жеңишбектин үйүнө бастырып киришти» дегендерди айтты, ал жактары да эске алынды окшойт. Сотторго эч кандай дооматым жок. Алар мыйзамдын чегинде иш алып барышты.

«АЙЫПТАЛУУЧУГА 1 ЖЫЛДЫК СЫНАК МӨӨНӨТҮ БЕЛГИЛЕНГЕН»
Ош облустук сотунун басма сөз кызматкери Бекзат Осмонкулов окуя тууралуу буларга токтолду:
-2018-жылдын 12-январь күнү Ош шаардык соту айыпталуучу Жеңишбек Айтиевди Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту (курал колдонуу же курал-жарак, болбосо курал катары пайдалануучу нерселерди колдоном деп коркутуу менен коштолгон бейбаштык) менен күнөөлүү деп таап, аны 4 жылга күчөтүлгөн тартипте абакка камоо өкүмүн чыгарган. Бирок ушул эле кодекстин 63-беренесинин (шарттуу кесүү) негизинде жеңилдиктер каралып, жаза шарттуу деп алмашып, 1 жылдык сынак мөөнөтү белгиленген. Ага ылайык, айыпталуучу жазаларды аткаруу инспекциясынын макулдугусуз 1 жыл аралыгында жашаган жерин өзгөртпөөсү, мезгил-мезгили менен каттоодон өтүп туруусу милдеттендирилген. Эгерде сот жүктөгөн милдеттерди так, убагында аткарса өкүм аткарылбайт. Ал эми жабырлануучу тарап айыпталуучунун үйүнө бастырып кирүүсү боюнча тергөө учурунда каралыш керек эле. Эгерде андай болгону анык болсо, айыпталуучу тиешелүү органдарга, прокуратурага кайрылышы керек.
Жеңишбек Айтиевдин алгач уулун жоготуп, эми өзү да жоопко тартылганын адилетсиздик деп баалагандар аз эмес. Бир топ маданият өкүлдөрү Жеңишбек мырзаны колдоп, кошунасы Калмамат Анарбаевдин дарегине сын айтып социалдык тармактардан жазып чыгышты.

"Туратбегимди жоготкондон бери кошунамды көргөндө кыжырым келе берет. Балдарым да аны көргөндө тим эле чыркырап ыйлашат".


Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(38)
23.01.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Женишбек байке дагы сабырдуулук менен жениптир.Анын ордуна башка бироо болгондо ХХХХХХХХХХХ ошол кишини.Кудайым бар,жазасын алат. Сизге Кудайым куч кубат берсин.Сабыр
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-23 10:02:54
23.01.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
сабыр берсин
23.01.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Оо кудай!өзүң сактай көр!бизде да бала бар,туура тарбиялоого өзүң жардам бер! Тообо кылдым!
23.01.2018. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Негизи баласын жоготкон атаны туура тушунуу керек,куйуту болот да иливой ата-эненин.Ичи ачышат дегендей.Тушунуу менен мамиле кылбайбы тиги киши да,тообо эй.Иши кылып эки тарапка тен сабыр тилейм.Бироо баласын жоготту,бироо баласынын азабын тартып олтурат.Эх...
23.01.2018. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жанагы ХХХХХХХХХ ХХХХХХХХХХХх керек!
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-23 10:34:12
23.01.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Албетте бала жоготуу оной бекен. Мен Женишбекти тушунуп турам. Жанагы кошунасы кочуп кетсе болмок. Аны корбосо да бир аз ойлонбой депрессиядан чыкмак беле. Баланын куйуту оной бекен. Кудай башка салбасын. Ошончо аруу тилек менен чонойтуп алса Аны бир зоокур олтуруп салса...(((
HanTegin түзөттү 2018-01-23 10:32:41
23.01.2018. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Омур бою ажыратылып жакшы болуптур, байкеге сабыр тилейбиз, бизде да кошунанын баласын, кошуна бала олтуруп койгон, уй булоосу башка жака кочуп кеткен, тигилер да уйун сатып кочуп кетсе болмок.
25.01.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Paprikafm, Ошону бакпай эле. Таш баранга салыш керек эле прямой эфирден көргөзүп.
23.01.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эки ата энеге эле кыйын. Балам дедиртпесин. Бириники аркы дүйнөгө кетсе, бириники өмүр бою түрмөдө. Сабыр берсин.
23.01.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кошунасы атайын ушундай иштерге барып жатса керек,Озу жамандын ою жаман дегендей!!!Женишбек акеге уй-булосуно сабыр берсин аллахым.
24.01.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nuri1988Elim2010,мен да ушундай ойдо калдым,атайылап кыжырына тийип жатабы.
23.01.2018. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай бар баарын коруп турат сабыр берсин
23.01.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кандай шайыр жургон инсан эле, баланын куйуту жаман да, бечара. Кудайым сабыр берсин сиздерге.
23.01.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баланын куйуту онойго турбайт да.сот адилет болуш керек.!
23.01.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Женишбек мырза Аллах Таала сизге, уй булонузго сабыр берсин. Илгертен айтышатко там алсан 1-кошуна танда деп. Кошунаныз ото начар адам окшойт, билип туруп куйутунузду ушуну кылса, соз жок. Бирок Кудай бар, эч качан сынбаныз. Баары жакшы болот, балким азыр эмес,буйруса бир кун...
24.01.2018. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаман иш болду сабыр кылыныз Женишбек байке
24.01.2018. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Женишбек байке жакшыле айтыптыр чыгып кетсин деп ал Калмамат кошунасы бастырып келгени эмнеси. эмнени суйлошмок эле эми. сабыр берсин
24.01.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудайым сабр берсин Жениш байкеге
24.01.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кеткен келет-Кетменделген келбейт дешетко.Атасы чуркап соттордун оздоруна май салып койсо,бир-эки жылда амнистияга илинет.Женищбеке сабыр тилейбиз.Ото окунучтуу.
24.01.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сабыр берсин! Калмаматтын кайра Бет тырмаарлык кылып жатканы эмнеси, уятсыз, Кудай кечирбесин сени!
24.01.2018. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калган балдарыныздын омурун берсин бул да сизге бир сыноо болуптур
25.01.2018. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калмамат кудай жазаанды берсин
25.01.2018. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Женишбек аке Алайдын кайсыл имамы экен? Айтым коюнчу личкага. Андай бузуку имамды биздин эл оной эле жолго салып коет. Алай элинде бузукулар аз болчу эле оной эле тарбиялап коебуз. Сизге сабыр. Канга кан кылышынар керек эле жаш чырпык жок болду. Бейишин берсин калган балдарыныздын омуру узуун болсун уй булонузго бакыт ишинизге ийгилик ака.
26.01.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Benazir08,
Мага да кызык болуп жатат. Алайдын кайсыл айылынын имамы экен. Билсең айтып койчу кайсыл айылдын имамы.
25.01.2018. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ардайым балаңызга дуа кылам. Эмнегедир эч эсимен кетпейт (
25.01.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабырдуулук берсин кудайым эне атадан баланы айрыбасын.
25.01.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал Калмамат деген ХХХХХХ ХХХХХХ Жениш байке, сизге сабыр. Абалынызга биякта туруп ыйлагым келди
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-25 14:37:55
25.01.2018. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женишбек байкеге сабыр!Бирок,ал олтургон бала деле татыктуу жазасын алыптыр.Эмнеге кочуп кет деп талап кыласыз?Кочуп кет деп айтыш оной,бирок иш жузундо материалдык жана моралдык жактан эн эле оор.Канкор жазасын алгандан кийин анын атасына асыла бергениниз болбойт!Ошондой эле ал айылда жашаш сизге кыйын болуп атса озунуз ойлонуп корбойсузбу кочушту?!
27.01.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
barakcha,Жомок айтпачы...! Кылмыштуу семия бети болсо оздору кочуп кетиши керек кайсы бети мн дагыда Женишбеке сасед бп жашайт?
27.01.2018. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Elitta,Кылмышты Калмамат жасаган жок,баласы жасады.И ошого жараша татыктуу жазасын алыптыр!Жон эле дардандай бергендин кереги жок!Кочуп кет дешке акысы жок!Баардык нерсени бир гана сабыр менен жениш керек!
28.01.2018. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elitta,Анда Калмамат менен Женишбектин ортосуна от жаккандын ордуна ынтымакка чакырбайсынарбы?Экоо куйуттун айынан бири-бирин сайып,бироо о дуйного а бироо турмого отуруп калса силерге жакшыбы?Ошондуктан сабырдуу болуш керек!Кекти Кудайым каапырга берген.Кекчил болбош керек!
28.01.2018. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barakcha,
озу бир был ичинде жашаган жерин алмаштырбоо деген соттун чечими бар да
25.01.2018. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калмамат кандай Адам. Андан алган уулунун тарбиясын элестетип койдум. Сабыр тилейм баарына
27.01.2018. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сабырдуу болунуз!Женишбек байке и жене!((( Сиздердин башынарга тушкон кайгыны душманыма каалабайм !Ооо кудайым мындай кайгы эч кимдин башына тушпосун! Кудайым балдарыбызга узак омур берсин !амин !
27.01.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым сабыр берсин...
28.01.2018. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш наристесинен айрылып олтурса, дагы бастырып кирсе. Баланын куйутун салбасын эч кимге. Соттор качан адилет чечим чыгарат?
29.01.2018. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочуп кетип кал башка жакка, туугандарынын жанына.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо