БИР БҮРКҮМ. 2017-жылы Кыргызда 12 жаран жынысын өзгөрткөн...

№794 19 - 25-январь, 2018-ж.

  • Өлкөдө жыл сайын пенсионерлердин саны орточо 10-20 миңге өсүп турат. 2018-жылдын 1-январына карата алардын саны 630 миңди түздү. Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров учурда ЭҢ АЗ ПЕНСИЯ КӨЛӨМҮ 1800 СОМ деп билдирди.
  • «ТҮНДҮК ЭЛЕКТР» ишканасы 2017-жылы колдонулган 5,9 миллиард киловатт-саат (7,59 миллиард сом) электр энергиясынын 99,5 пайызынын акчасын жыйнап бүттү.
  • КЫТАЙ-КЫРГЫЗ-ӨЗБЕКСТАН темир жолун куруу боюнча каржылык сүйлөшүүлөр 2018-жылдын апрель айынан башталат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.
  • 2018-жылы 1-январдан тарта Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна ТООДО ЭС АЛЫП ЖҮРҮП ЖАРАКАТ АЛГАН 207 жаран кайрылган.
  • Жогорку Кеңештин экс-депутаты АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик фискалдык саясатынын базар экономикасынын шартындагы социалдык-экономикалык натыйжалуулугу" деген аталыштагы доктордук диссертация жазып, сапаты начар деген негиз менен иши жараксыз деп табылды.
  • 2017-жылы өкмөттүн аппаратына ЖАРАНДАРДАН 7 837 кайрылуу келип түшкөн.
  • КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК чек ара тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен ары-бери өткөндөрдүн саны эки эсе көбөйдү. Мисалы, Оштогу «Достук» бекетинен каттагандардын саны суткасына 7 миңге жетти. Мурда 2-3 миңди түзчү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.
  • АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮК алуу үчүн сынак тапшыруунун жүрүшүн онлайн – түз көрсөтүү режими киргизилди. Өлкөдө бир жылда орточо 100 миңге чукул айдоочулук күбөлүк берилет.
  • 2017-жылы Кыргыз өлкөсүндө 12 жаран өз каалоосу менен ЖЫНЫСЫН ӨЗГӨРТКӨН. Бул маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынан ырасташты.
  • Кыргыз жеринде 2017-жылдын январь-ноябрь айларында АЙЫЛ ЧАРБА азыктарын өндүрүү 2,4 пайызга өскөн.
  • Жалал-Абад облусунда 2017-жылы катталган КЫЛМЫШТАРДЫН 90,1 пайызынын бети ачылганы маалымдалды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо