Гүлнара Сатарова, Марат Козукеевдин жубайы:«ЖАЗДА УУЛУБУЗДУ СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗУП, ЖУБАЙЫ КАТАРЫ МЕНИ ТУУГАНДАРЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫРМАК»

№795 26-январь -1-февраль, 2018-ж.

Каарманым 30 жашында кара кийип, бир баланы кучактап жесир калды. Бирде ыйлап, бирде өткөн күндөрдөгү бактылуу көз ирмемдерди эстеп жылмайып отурган Гүлнара айым чыгаан актёр Марат Козукеевдин жубайы. Ичинде арманы, күйүтү быкшып жаткан Гүлнара айым жолдошунун каза болгонуна дагы деле ишене албай, күнү-түнү күтүп жатканын айтат.

«МАРАТТЫ СТУДЕНТ КЫЗДАРДЫН БААРЫ ЖАКШЫ КӨРҮШЧҮ»
- Мен кичинекей кезимден эле актриса болгум келчү. Шайыр Касымалиева, Гүлайым Каниметова эжекелерибизди кумир тутуп, аткарган ролдоруна таасирленип чоңойдум. Аларды жакындан көргүм келип, биринчи жолу 11-классымда Кыргыз драма театрына «Узак сапардагы поезд» спектаклине келдим. Спектакль аябай жакты. Ошондон тарта «ушул жерде иштейм» дей баштадым. Андан кийин «Жолугушуу» деген спектаклге барып Мараттын ойногонун көрдүм. Ошондо эле менде актёр катары ага сый пайда болду. Мектепти аяктаган жылы Кыргыз драма театрынын алдындагы окуу жайга экзамен тапшырып, өтүп кеттим. Эмнегедир бизге аял киши мугалим болсо керек деп ойлоп жаткам, бирок Марат куратор болуп, актёрдук чеберчилик боюнча сабак бере баштады. Анда ал 35 жашта, келбеттүү, кыздардын баары ашык болуп жатып калдык. Биздин эле тайпа эмес, окуу жайдагы студент кыздардын баары жакшы көрүшчү. Бул киши сүйлөгөндө куюлуштуруп, айтайын дегенин жеткире айткан оратор, өз кесибинин чебери эле. Биз анын кураторлук кылган биринчи тайпасы болгондуктан, бизге өзгөчө мамиле кылчу. Маратты агай катары жакшы көрөмбү же сүйүүбү башында түшүнчү эмесмин.
Спектакль коёрдо агай мени чакырып «кел жаныма отур, сен да байкачы, кандай болуптур?» деп жанына отургузуп алчу. Негизи эле агайдын жакшы көргөн, ишенген 5-6 студенти бар эле, алардын катарына мен да кирчүмүн. 3-4-курстан сөз менен ачык айтышпаганыбыз менен, бири-бирибизди жактырып жатканыбызды сезе баштадык. Студент менен агайдын ортосундагы чекти буза алган жок окшойбуз. 4-курстан кийин дипломдук ишимди жактырып, мугалимдер театрга актриса кылып алып калышты. Иштей баштаганда Марат СМС жазып, телефон чала баштады. Китеп өтө көп окучу, ошондон жагып калган саптарды, ырларды жөнөтчү. Биринчи белеги китеп болду. Өзгөчө сөздөрдү жазып келип, аягына «сенин ызылдагың» деп коюптур. Бир заматта чаң-будуң чыгарып жиберген мүнөзүнөн улам театрда «ызылдак» деп коюшчу.

«АПАМ БАШЫНДА БИЗГЕ КАРШЫ БОЛДУ»
- 2012-жылы 31-декабрда Марат үйгө келип апамдан менин колумду сурады. Апам башында каршы болду. Макул болбой, үйгө киргизбей койсо, көчөдө карга 6 саат жатып алып, кетпей койду. Үйдө мен жаман болуп, улам сыртка чыгып карап коём. Акырында апам «Экөөң бири-бириңди жакшы көрөрүңөрдү түшүндүм. Мен макулмун, мындан ары жакшы болсун» деп батасын берди. Марат «бактылуу кылганга аракет кылам» деди. Алгач Айсалкын эжеге өзү барып уруксат сурады. Андан кийин экөөбүз чогуу барып сүйлөштүк. Эже экөө шариат жолу менен ажырашышты, экөөбүз күбөлөр менен мечитке барып, нике кыйып баш коштук. «Жактырбаган жар менен өмүр бою жашаганча, сүйгөнүң менен 5 жыл жашаган артык» деп коюшат го, ошонун сыңары биз 5 жыл бактылуу жашадык. Бир да жолу казан-аягыбыздын үнү катуу чыккан жок.

«ЭРКЕК ТӨРӨБӨСӨҢ КӨРӨСҮҢ» ДЕЙ БЕРЧҮ»
- Марат экөөбүз 2013-жылы 14-февралда баш коштук. Театрда 2 жыл иштедим, анан уулдуу болдук. Ошондон бери үйдө балам менен отурдум. Азыр Ибрагим 3 жашта. 2 кызы бар эмеспи, мен кош бойлуу болгондо «уулдуу болсом» деп аябай күттү. Төлгө кылып чүкө чогултту. «Назым түшүмө кирди, күрөң коляска белек кылды. Асел Турдалиева түшүмдө «уул болот» деди» деп күтүп жүрдү. УЗИге барган сайын «эркек төрөбөсөң көрөсүң» деп тамашалап муштумун көрсөтө берчү. Толгоо кечки 10до башталды, ошондо төрөтканага алып барган, мен төрөгүчө таңкы 4 жарымга чейин оорукананы тегеренип жүрдү. Өзү палатага кирип, баласын көрүп, анан үйгө кеткен эле. Ошол кезде 6 сааттык спектакль коём деп бир китеп окуп жүргөн. Ошондогу каармандын атынан уулунун ысымын Ибрагим койгон.

«УУЛУНУН АКТЁР БОЛУШУН АЯБАЙ КААЛАГАН»
- Экөөбүздүн үй-бүлө экенибизди жакын тааныштарыбыз билгени менен, ага-тууган билчү эмес, бетим ачыла элек эле. Ага кыжалат болуп, маселе деле кылган жокмун. Анткени ал иш дегенде, спектакль дегенде баарын унутчу. Биринин артынан экинчи спектаклди коюп, ооруп турса да «эс алайын, дарыланайын» деген ой жок болчу.
Ибрагим төрөлгөндө «Мен уулумдан эргүү алдым. Ишим да ойдогудай жүрүшүп жатат. Мен сага арнап ыр, пьеса жаза албайм, бирок сага белек кылып спектакль коём» деп катарынан 3-4 спектакль койду. Баары жакшы чыкты.
«Ушул жазда уулубузду сүннөткө отургузуп, чоң той берип, анан бетиңди ачып, туугандарым менен тааныштырам. Жакшылыктын эрте-кечи жок» деп жаткан. Тилекке каршы, ал максатыбызга жетпей калдык.
«Атам Жумабек Козукеев мыкты актёр болчу» деп атасы менен аябай сыймыктанчу. «Мен атамдын ишин уланттым, эми уулум менин ишимди улантат. Сен баланы куурчак театрга көп алып бар» дегендери азыр да кулагыма жаңырат. Мен «коё тур, азыр эмнени түшүнмөк эле?» деп алып барчу эмесмин.
Дүйнөдө Мараттай ата жок. Кыздарына, баласына аябай жоопкерчиликтүү мамиле кылды. Кечинде жумуштан келгенде Ибрагим түшүнбөсө деле манас айтып берип, кээде жомок айтчу. Баласы да түшүнгөндөй муюп угуп отуруп уктап калчу. «9-классты аяктасынчы, театрдын алдындагы окуу жайга өткөрөм, өзүм окутам» дейт эле. Марат тилегине жетпей кетти. Уулумдун ата жолун жолдошуна, атасындай мыкты актёр болушуна алымдын жетишинче салым кошом, татыктуу тарбиялайм. Бул менин Мараттын алдындагы милдетим деп билем.

«МАРАТТЫН КАЗА БОЛГОНУНА ИШЕНГИМ КЕЛБЕЙТ»
- Акыркы күндөрү жумушу аябай көп болду. «Боромбай бий тууралуу «Керээз» спектаклин коюп алсам, анан ооруканага жатам» деп жаткан. Кант диабетинен сырткары жүрөгү да ооруп жүргөн. Дарыгерлер «ооруканага жатыңыз» десе болбой, дары жаздырып алып ичип жүрө берчү.
Каза болор күнү кызы Акылайга кеткен. Уулумду кандай көрсөм, Мараттын кыздарын да ошондой көрөм. Айсалкын эже экөөбүз сен-мен дешип айтышмак түгүл, жаман карашкан эмеспиз. Эжени баламдын эки эжесинин апасы, кесиптешим катары сыйлайм.
Мен Мараттын каза болгонуна ишенгим келбейт. Акылым дагы, жүрөгүм дагы ал нерсени кабыл албай жатат. Гастролго кеткендей, эшик ачылып кирип келчүдөй эле сезилүүдө. Телефон шыңгыраса эле Мараттын үнү угулчудай болот. Азыр кеч киришин гана күтүп, түшүмө кирсе экен деп калдым. Кечээ түшүмдө «бири Акылайга, экинчиси Ибрагимге» деп эки колуна 2 оюнчук көтөрүп алыптыр. «Эртең келесизби?» десем «жок, келбейм, сен барасың да» деп чоң бассейнде сүзүп жүрөт. «Ии, мен барам да» деп коём. Күндө ыйлаганга бассейн кирдиби деп койдум.
Балам азыр атасынын каза болгонун түшүнө элек. «Атам качан келет?» деп сурай берет. Акыркы жолу да Мараттын бутуна жармашып алып «кетпе» деп ыйлаган эле. Күндө эртең менен жоолугумду салынып жатсам балам «апа, бүгүн ыйлабайсызбы?» деп сурап ого бетер ыйлатат.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(59)
30.01.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Биринчи аялы ал мененда жашайт мен мененда жашайт деди беле?жашырганда эмне артында уулу бар деди беле?кайсы аялдан экени маанилуу эмес деген болчу,биринчи аялы тушунуктуу экен,Кудай буйруса Бейишке чыгат эже?мейли уйлон жашка эмес жесир аялга?жетимдердин башын сылап ыйлатбай отсо ошол эркек аркы дуйносу учун Бейишке кирмек.
30.01.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+42
Айсалкын эже башка торобой калганына озун куноолуу сезип,макул болгондур токол алышына.А так озу кан жутуп,эрсиз калган экен да байкуш.Ушундай кыздар токол боло калып,эркек соройлорду оолуктуруп жатышат да.Эми силерге Сабыр.Бир жагынан байкенин артында туяк калганы жакшы болуптур.
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-30 14:49:59
30.01.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Беш жылда балалуу болсонда бетинди ачыктабаса...
30.01.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+44
Эки аял алгандар кобу журок оорулуу болуп калышат деп укканым бар эле...
30.01.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Откондо аялы айтып аткан биринчиси ажырашсак да менден кеткиси келбей келе берчу. Шылтоо таап келе берчу деп. Айсалкын эже жумушка дагы Бир журсо бул кыз Аны козго илбей тийип алганын эээ кудай ыйман Бер. ХХХХХХХ ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-01 09:47:53
30.01.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+44
Жактырбаган жубай менен омур бою жашаганча...мени менен 5 жыл жашаганв артык болду деп ото эле ашыра чааптыр... Гулгундой курагында баш кошкон жубайын жактырбайт деп айтууга кантип дити барды... Жактырбаса 2 кыз кайдан чыкты... Ал эми сиздин жаштыгынызга арбалган десем жанылбасам керек...
30.01.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Маркум Марат байкени омур бою Айсалкын эже аза кутуп,арбагын сыйлап отот.
А бул жаш неме эртен эле турмушка чыгып кетет
30.01.2018. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Ушундай токолодорго эч сыйым жок да! ХХХХХХ турбайсынбы! Беш жыл ачыктабай журуп быйыл ачыктамак беле?! Баарибир Айсалкын эженин жанында жаны узулуптур го! Сага окшогон ХХХХХХ кантип арбалды экен тоба!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-01-30 16:35:56
30.01.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Жашаганына коп отпой куйосун жоктоп, кара кийип, жаш бала менен артында окуруп калган жесир аялдын куйутун тушуно билбей олтуруп алып ойду тоону суйлогон башка адамга женил болсо керек!!!
Ооба, жаш кезинде уй булосун бузуптур, бирок эркек да оз насибин тыйса ортодо балдар кыйналбайт беле?!
Бул да Алла Тааланын мандайына жазган тагдыры, артында туяк калыптыр, Энесин жамандабай аларга кайрат айталы,
Аганын калтырган эмгегине таазим кылып эмгегин баалайлы...
30.01.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Эч Ким ойду тоону жазбай эле.. Ошончолук аза кутуп окуруп калса, тынч эле отура бербейт ьеле интервью берип озун рекламалабай!!! Анан да айткандарын окусаныз" жактырбаган адамын менен омур бою жашаганча, жактырганын менен 5 жыл жашап деп" ... Бул эмне деген?!!!! Акыркы ошол "жактырбаган" адамынын колунан узаптыр го Марат байке.... Не так ли??!!!! ХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-01 09:50:26
30.01.2018. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Pchelka85,tuura aitasin ...uwul sozdu beker aitkan...uialbai kantip chigip intervyu berdi eken..saga dele oor bolup atkandir...kizdar kozunordu achkila..ui buloosu barbi jokpu jakwilap teriwtirgile owogo jarawa kadam jasagila
30.01.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Карап турсан,ээринди да ишке жибергин келбей кетет,мындай кесиптештери азгырып турса.иштетпейин десен ачка калсан.негизгиси Уй булоолуу адамга сизимдерди козгой турган денгелге жетпеген аралык сакталыш кк.шариятыбызда да айтылган,аял эркек чогуу жалгыз калмак тургай,козуно козу чагылышпаш кк.Айка
30.01.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
ХХХХХХ ХХХХХХХ Анткени мен да бироонун келинчегимин, менин да балдарым бар.
"Токол" деген клеймо омур бою Чекелеринде жабышып журуп отот... Ага анча мынчалар Чычалабай эле коюшса болот.
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-01 09:51:49
30.01.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр заман кайда баратат жашына да улуунада Аллахым ынсап, ыйман берсин менин жолдошумду болсо белгилуу эле бир ырчы жигиттин кайненеси чайга эле чакыра берет жолдощум ак конул адамдар мн суйлошуп арыз мунун укканды билет аны алар " мен ага жагат окшойм" деген ойдо калышатда тун дебей кыйшандап чала берет келип дем салып берип кетчи жаман болуп атам деп кундузу кайда журду деп тан калам ананда кызыгы ошол ырчы жигит кызынын колун сурагандада дагы жолдошумду чакырып "ушул ырчы бал
momun74 түзөттү 2018-01-30 18:56:44
30.01.2018. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Озун айтыго дейм бул сулуу,суйбогон менен омур боюу жашаганча ,суйгон менен беш жыл бактылуу жашадым деп.
02.02.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
bema_bema,ооба мен да ошентип тушундум
30.01.2018. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Pchelka85, туура пикир сага 200% кошулам, бир жакшынакай жашап жаткан булоону бузуп тийип алган адам экен, Айсалкын эженин сабырдуулугуна соз жок, мен болгондо ХХХХХХХХХХХ Агай жапжакшынакай булоонуз бар экен, эмнеге мага "подкат" кылтасыз, Кудайдан коркпойсузбу десе болмок да. ХХХХХ ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-01 09:52:49
30.01.2018. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бу жаш кыз Берген интервюсуна Эми мин окунотго. Аялы бар эркек менен СМС жазышып телефон чалышып иииий ХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-31 10:09:22
31.01.2018. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озунду колго алып,балан учун жашашын керек,анын атасындай белгилуу актер болушуна жардам беришин керек. Баланын омуру узун болсун,каерде болсо апасы менен чогуу болсун
31.01.2018. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
"«Жактырбаган жар менен өмүр бою жашаганча, сүйгөнүң менен 5 жыл жашаган артык» деп коюшат го,"-ушул жерин туру эмес сүйлөп койуптур
31.01.2018. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
«Жактырбаган жар менен өмүр бою жашаганча, сүйгөнүң менен 5 жыл жашаган артык» дейт го,Не зарекайся! Жактырбаганын кайдан билип койду экен? 2 кызды кантип жаратты жактырбаса. уй-булолуу эркектин башын айландырып, ХХХХХХ ХХХХХХХ ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-01 09:53:31
31.01.2018. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Балана өмүр бакыт берсин өзүнө сабыр анан ыйман ынсап берсин. Бирөөнүн үй булоосун бузуп тийип эмне жакшылык көрдүн экен жаштайында 3 жашар балан мн бетин да ачылбай карага чулганып отуруп калыпсын. Эжени какшатып эки кызын тирүү жетимге айландырып суйгонун мн 5 жыл жашап эмне бакыт таптын экен. Эженин башына ыргыткан кайгын кайра айланып өзүңө келиптир. Беш жыл жашап бетин ачылбаган эми өлгөндөн кийин өзүнүн бетини өзүн ачыпсын.
31.01.2018. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Быйылкы 2017-18-жылдар озу "ТОКОЛ" жылы эле болду окшойт. Сайтты ачып кабар окусан эле жалан эле токол маселеси, токолдордун берген интервьюсу, токол катындын ызы-чуусу ж.б.у.с. Эркекти ушундай бийик даражага жеткирген анын токолу эмес, биринчи аялы болот. Анан кооп кеткенде экинчи аял кылып токол алышат кобу. Ошондуктан биринчи аялдарынан деле интервью алгылачы Супер-инфо, ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-01 09:55:04
01.02.2018. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Talgat89,
Гезиттин же порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо gazeta@super.kg, portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
31.01.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Айсалкын Эженин куйутуно куйут кошуп неге чыга калдын интервью берип, ал интервью берди,мен калдым дегениби. Айсалкын билген Маратты менда билем дегениби? Урук-туугандан жашырынып жашаштын өзү эле тозокго. Элдин,тууган-уруктун ак батасын алып ак той м-н баш кошуп жашаганга не жетсин. Кымырынып-кысынып уурданып жашаганча. Кудайга мин мертебе тообо! Кыздарга ыйман бере кор кудайым.
Shahrizaada түзөттү 2018-01-31 10:58:08
31.01.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Duinodo sen ele UUL torogondoi jaman maktanypsyngo baikuw,biroonun kuioosun koz artyp jurgon ХХХХХХ, agaidy jakwy korot bolchum deit uialbastan, 5 jyl jawyrynyp kantip jawadyn tuugandaryn taanybasan???Super infogo chykpaile koibopsun ozundu uiat kylyp,
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-31 11:40:25
31.01.2018. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Артынан туяк калтырганын еле болбосо ХХХХХХХ ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-31 12:08:32
31.01.2018. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ооохххооо,озун аябай эле пиарлап салыптыр го бул. Токол болуп жашаганча, Айсалкын эжедей беш жыл жашабайбы ,боорум ооруду.
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-01 09:35:37
01.02.2018. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакындарына сабыр берсин, баласы жакшы чонойсун ХХХХХХ ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-01 09:57:16
01.02.2018. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Gulasyl,туура ХХХХХХХХХХ Ортодо бала байкуш чайналат.
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-01 09:57:32
01.02.2018. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulasyl, nazgul90, Pchelka85, raxatka, love.me.again, -Sumitra-, Asyl10, aa93, Kirajsjk, Matahara1980,
Баарыңарга эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактап, анын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Порталдын эрежелерин сактагыла! Билдирүүлөр түзөтүлдү!
01.02.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биринчи аялы акылдуу экен, кыздары да тарбиялуу, башка болгондо туулган кунуно келмек турсун коргусуда келбейт болчу ойношунун баласын
02.02.2018. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Жаңылбас жаак мүдүрүлбөс туяк болбойт" дейт. Бул жалган жашоодо Аллахым хидаят бербесе жаңылгандан да жаман иш кылып коёбуз. Ошондуктан туугандар өзүбүздү идеалдуу сезбей контролдоп жүрөлү бирде болбосо бирде жаңылып калышыбыз мүмкүн
Nurmat92 түзөттү 2018-02-02 09:10:22
02.02.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеси болсо да улуу инсандан туяк калды. Келинди куноологондон эмне пайда? Бироонун тагдырын талкуулонун кереги жок.
02.02.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бети ачылбаган мындай токолдор толтура.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо