Сооронбай Жээнбеков: «АЙМАКТАРГА ТЕГИЗ МАМИЛЕ ЖАСАЛУУГА ТИЙИШ»

№795 26-январь -1-февраль, 2018-ж.

Кайсы аймактан чиновник же депутат көп болсо, грант, насыя жана бюджеттик каражаттар ошол жакка агып кетпеши керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 23-январда аймактарды өнүктүрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы жыйынында айтты.
«Өлкөнү өнүктүрүү үчүн биринчи аймактарды өнүктүрүү керек. Аймактардын өнүгүшүндөгү тең салмактуулуктун жоктугу көп жылдардан бери жоюлбай жатат. Айрым аймактар өнүгүп, башкаларга көңүл бурулбай калууда. Каражат бар. Узак мөөнөттүү акчалар бар. Ошону беребиз. Бирок каалаганыңарга, жакыныңарга бере бербестен каражат керек болгон аймакка биздин уруксат менен гана бересиңер»,- деди өлкө башчы.
Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, парламенттин 6-чакырылышында Ош облусунан 34, Чүйдөн 32, Жалал-Абаддан 17, Нарындан 11 жана Таластан 8 депутат бар. Ысык-Көл жана Баткен облустарынан 6дан эл өкүлү шайланган. Ал эми 3 депутат чет өлкөдө төрөлгөн. Азыркы тапта өкмөт мүчөсү болуп иштеп жаткандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында туулган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо