РЫСКЕЛДИ МОМБЕКОВ «ШЫКМАМАТОВ АДИЛЕТСИЗ СОТТОЛДУ» ДЕЙТ

№795 26-январь -1-февраль, 2018-ж.

Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков Кыргыз сотторуна эл ишенбей калганын айтып чыкты. Депутат бул пикирди парламентте Сотторду тандоо кеңешине талапкерлер каралып жатканда билдирди. "Кезинде Аскар Акаев "сотторго 80 пайыз эл ишенбейт экен" деп чок тебелеген тооктой чочуган. Азыр сотторго карапайым калктын 90 пайызы ишенбейт десем аша чапкандык болбойт. Бизге түшкөн кайрылуулардын 90 пайызы соттун чечимдерине болгон нааразычылыктар. Карап көргүлө, 10 миллион жеген аткаминерге 1,5 миллион айып салынып, эч нерсе жебеген Алмамбет Шыкмаматовго 5 миллион айып салынып жатса, каяктагы адилеттүүлүктү айтабыз?»,- деди эл өкүлү.
Айта кетсек, «Ата Мекен» фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго Башкы прокуратура 2017-жылдын февраль айында «коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал «2011-жылы Эсептөө палатасында аудитор болуп иштеп турганда кызматтык унааларды сатып алуу боюнча тендерде мыйзам бузуп, мамлекетке 3000 доллардын тегерегинде зыян келтирилген» деп айыпталган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Алмамбет Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айып салган. Учурда аталган иш Бишкек шаардык сотунда каралууда.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо