САПАР ИСАКОВ «ТАЗА КООМДУ» ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМДА ЖАРНАМАЛАДЫ

№795 26-январь -1-февраль, 2018-ж.

Кыргыз өлкөсүндө бийликтин демократиялуу жол менен алмашуусуна шарт түзүлгөн. Бул маалыматты премьер-министр Сапар Исаков Швейцариянын Давос шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагындагы талкуулардын биринде айтты. Исаков өлкөдө жасалып жаткан реформаларды атап, «Акылдуу шаар» долбоору тууралуу да маалымат берди.
Премьер-министр форум алкагында Армения жана Грузиянын премьер-министрлери менен жолугушууларды өткөрдү. Грузиянын премьери Георгий Квирикашвили менен «Таза коом» долбоорун талкуулап, Кыргыз тарап Грузия менен тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди. «Биз Грузиядагы реформалардын жыйынтыктарын билебиз. Сиздер топтогон тажрыйба биз үчүн абдан маанилүү. Биз сиздердин өлкө менен өз ара пайдалуу кызматташуунун мыкты келечегин көрүп жатабыз»,- деди өкмөт башчы. Андан сырткары эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) башкы катчысы Фан Лю менен жолугушуу болуп, кызматташуу багыттары талкууланды. «Биз эл аралык авиакомпаниялар үчүн рынокту ачууга мүмкүндүк берүүгө багытталган реформаларга умтулуудабыз. Биз мунун татаалдыгын түшүнөбүз, бирок чечкиндүү туруудабыз»,- деди Исаков. Фан Лю болсо тажрыйба алмашууга жана эксперттик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Форумдун алкагында Сапар Исаков «Fly Dubai», «Emirates Airline», «Дэсун», «Sahara Group» өңдүү ири компания, уюмдардын башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз өлкөсүнө инвестиция салууну сунуштады. Форумга катышкан Кыргыз делегациясынын маалыматына караганда, «Таза коом» долбоору инвесторлордун кызыгуусун арттырууда. Белгилей кетсек, Швейцарияда өтүүчү «Давос» форумуна Кыргыз өлкөсү 1998-жылдан бери биринчи жолу катышты. Исаковду аталган форумга 5 адам коштоп барды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо