«Түндүктүк келин» тасмасы аркылуу таанылган актриса Рахат Аксултанова «Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн бардык люктарын билем» дейт. Көпчүлүк айымдар техниканы жакшы түшүнүшпөйт эмеспи. 8 жылдан бери рулда жүргөн актриса машинанын эмнеси бузулганын айттырбай билип калыптыр.

Үлгүсү – Мерседес
-Бенц Е 320
Эң жогорку ылдамдыгы
– 260 чакырым-саат
Кыймылдаткычтын көлөмү
– 3200 см3
Түсү
– күмүш
Чыккан жылы
– 2003-жыл
Баасы
– 11 500 доллар
Чыгарган өлкө
– Германия
– Рахат, бизге темир тулпарыңды тааныштырып өтпөйсүңбү. Качантан бери сага кызмат кылып келатат?
– Мерседес-Бенц менин 4-унаам. Буга чейинки үчөө тең Тойота үлгүсүндө болчу. Аларды көпкө айдабай эле алмаштыргам. 3 жылдан бери Мерседеске сүйүүм күчтүү болуп жатат окшойт, азырынча башка унаалар көзүмө көрүнбөй эле.
– Канча жылдан бери рулдасың? Ылдамдыкты сүйүүчүлөрдүн катарындасыңбы же абайлап айдайсыңбы?
– 2010-жылы эң алгачкы унаам Тойота Виндомду жайында Ысык-Көлдө таежемдин чоң дүкөнүндө иштеп тапканыма апам акча кошуп сатып берген. Унаа алгыча 2 жыл мурда инструктор менен шаарга чыгып машина айдаганды жакшы эле үйрөнгөн болчумун. Көпкө рулга отурбай унута түшкөнмүнбү, биринчи жалгыз чыкканда аябай коркком. Андан бери тажрыйбалуу болуп калдым окшойт, баары эле
«жакшы, тыкан айдайсың» дешет. Бишкектеги борбордук көчөлөрдөгү люктардын баарын билем. Мурунку унааларымдын көлөмү чакан болгондуктан көп катуу айдай алчу эмесмин. Азыр кээде катуу айдаган учурлар болуп турат.
– Кыздар темир тулпардын кооздугуна басым жасашат. Сенчи?
– Буга чейинки, тагыраагы, 2-унаам Тойота Вилл болчу. Аябай кооз, өзгөчө машина. Мен сатып алганда
"шаарда 6га чукул эле ошондой унаа бар" дешкен. Унаа базардан көп унааларды көрүп, ошону жактырсам, атам дароо эле
«ал» деди. Кайра коркуп
«терезелери сынып калса кантем?» десем
«атам албай жатып бузулганын ойлобогун да» деп урушуп отуруп аны алып беришкен. Улам тажрыйба ашып, машина кандай жүргөндүгүнө, сапатына маани бере баштадым.
– Атактууларды МАИчилер токтоткондо таанып, коё беришет экен. Сенде да ошондой учурлар болгонбу?
– Машинанын сүрү болуп жатабы же чоңоюп жатамбы, акыркы жылдары эреже деле бузбай калдым. МАИчилерге такыр кармалбайм десем туура эмес болуп калат.
«Сен актриса турбайсыңбы» деп коё берген учур кездеше элек. Ар кандай МАИчилер туура келет. Жакында эле шаардын четине съёмкага баратсам МАИчилер токтотту. Эч кандай эрежени бузган эмесмин.
«Токтотконуңуздун себеби?» десем,
«коопсуздук курду тагынбаптырсың» дейт.
"Видеоңорду карап алгыла, тагынып келатам" десем,
«жаныңдагыныкы жок» дейт. Ал да тагынып отурган. Шылтоо таппай калганда
«силерди токтобой кетти деп алдыдан кабар беришти» дешти. Мындайлар да болот. Беш кол тең эмес, жакшылары да бар, албетте.
– Коомдук транспортко түшө элегиңе көп болдубу?
– Бир жолу курбум менен маршруттук таксиге түшүп калдык. Мен кирерим менен эки кишиге деп 20 сом берип койгом. Бир маалда айдоочу
«жол кирени берип коёсуңарбы?» дейт. Мен
«бербедимби» десем курбум күлүп тыйындарды берген.
«Жол кире кымбаттап калган турбайбы» деп калгам өзүмчө. Кийин кайра маршруттук таксиге түшүп
"жол кире канча?" десем айдоочу
«тоодон түштүңбү?» дегендей ушундай бир көздөрү менен карады
«10 сомдон, мурункудай эле» деп. Көрсө, кечки саат 9дан кийин 12 сом турбайбы. Кышында кар жаап калганда, музда машинамды айдабайм, коомдук унаа менен жүрөм.
– Бир күндө бензинге орточо канча акча коротосуң?
– Айдаганга жараша, күнүнө орточо 500 сом коросо керек. Негизи мен бир жолкусунда 1000 сомго куям. Кээде бир жумага жетет, кээде көп жумуш болсо эки күнгө жетип калышы мүмкүн.
– Жолдо, светофордо тийишип жүдөткөн айдоочу жигиттер кездешеби?
– Болот
(күлүп). Буга чейинки машинам өзгөчө болчу деп жатпаймынбы. Ошол учурда күндө эле кубалай беришчү. Эсимде, бир жолу апамды конокко алып кеткени үйгө баратсам БМВ артымдан түшүп алып, короого чейин келген. Апама
«даяр болуп калдыңызбы, чыга бериңиз» дедим. Тиги машина жан талашып карама-каршы багытка түшүп алып артымдан калбай келатат. Короого кирип токтосом айдоочу жигит да түшүп жаныма келатканда апам чыгып калган.
Бул машинам менен жайында терезелерди түшүрүп курбум менен бара жатсак, жаныбызга токтогон жигиттер салонго телефонун ыргытып коюп жатышпайбы. Аны көрүп курбум
«айда, Рахат, телефонун бербейбиз» деп көпкө шаар айланып жарышканбыз. Кийин май куюучу жайдан таанышып, телефондорун алып, анан кетишкен.
– Техникага ишенич жок, орто жолдо бузулуп калса себебин аныктай аласыңбы?
– 8 жылдан бери рулдамын, көп нерсени түшүнүп калдым. «Ходовка» жагын, аккумулятору отурдубу, жокпу билем. Машинам бузулса өзүм барып оңдотом, кызыгам, сурайм. Оңдоткону алып барсаң
«аны алып кел, муну алып кел» дешет. Аларга жалгыз чуркайсың, барып күтүп турасың. Ошондой учурда кыз экениңди, жалгыз экениңди сезесиң.
– Атактуулар машинаны статус катары да минишет. Сен ошол пикирге кошуласыңбы?
– Мен актрисамын, мындай машина айдашым керек дебейм. Жок нерсе жаман, болгон нерсеге каниет кылыш керек. Мен статуска карабайм. Мерседес көп бензин ичет, акча жокто токтоп туруп калат. Ошондо көбү
«экономдуу, аз бензин коротконун эле албайсыңбы» дешет. Мен көлөмү чоңго көнүп алдым окшойт, мен үчүн көлөмү чоң болсо да ушул марка ыңгайлуу, жагат.
– Дөөтү колдосун!
Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg
Жакшы маек болуптур ийгилик иштерине