АСТМАНЫ ҮЙ ЧАҢЫНДАГЫ КЕНЕЛЕР, ТҮТҮН, ЫШ ЖАРАТАТ

№796 2-8-февраль 2018-жыл

Бронхиалдык астма оорусу тууралуу маалыматты Улуттук кардиология жана дарылоо борборунун алдындагы консультативдик аллергия борборунун жетекчиси Салтанат Шабыкеева баяндайт.


АСТМА ДЕГЕН ЭМНЕ?
Бронхиалдык астма байыркы гректердин сөзү, бизче «оор дем алуу», «демигүү» дегенди билдирет. Аталган дарт дем алуу жолдорунун сезгенүүдөн, болгондо да аллергиялык сезгенүүдөн жаралган өнөкөт оорусу. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиришине караганда, дүйнөдө 235 миллион адам бронхиалдык астмадан жабыркайт.


ЭМНЕЛЕРДЕН КЕЛИП ЧЫГАТ?

  • Тукум куучулук. Ата-энеси бронхиалдык астма, ошондой эле аллергия менен ооруган балдарда астмага кабылуу коркунучу бар.
  • Чаңдар (Көчөдөгү жана үйдөгү. Үйдөгү чаңдагы кенелер).
  • Чөп, дарак, гүлдөрдүн чаңчалары жана алар пайда кылган аллергия.
  • Жаныбарлардын жүндөрү.
  • Көк басуу, грибоктор.
  • Зыяндуу заттар менен иштөө. Завод жана цехтерде уулуу заттар менен иштөө, ошондой ун, кум, газ, цемент сатып же ташып алектенүү.
  • Жашаган жердин экологиясы (өнөр жайлар жайгашкан шаардагылар айылдагылардан көп оорушат).
  • Дары-дармектер. Кээде сезгенүүгө каршы дарылар (аспирин) да астмага жеткирет.
  • Аллергиялык ринит (дарылабаса бронхиалдык астмага өтүп кетет).
  • Абанын булганышы.


АСТМАНЫН ТРИГГЕРЛЕРИ
Астма менен жабыркагандардын дем алуу жолдору өзүн дүүлүктүргөн заттарга абдан сезимтал келет. Астманын күчөп кетүүсүнө жана дем кыстыгууга жеткирген дүүлүктүргөн нерселер триггерлер деп аталат. Алар:

  • Түтүн, ыш, нымдуу аба ырайы
  • Стресс, суук, тамеки чегүү
  • Вирустуу инфекция
  • Айрым тамак-аштар, кескин жыттар (мисалы, духи)

Астма менен ооруган адам триггерлерге кез келгенде бронхторунун капталдарынын булчуңдары жыйрылат да, дем алуу жолу ичкерет. Ошол жердеги ткандар шишип, ал жерде былжыр жана какырык пайда болот жана көбөйөт. Бул дем алууну оорлотот жана астманы күчөтөт.


АСТМАНЫН БЕЛГИЛЕРИ

  • Ышкырган сымал дем алуу;
  • Дем кыстыгуу (муунууга чейин жетүү), адатта эртең менен же кечинде, дем алуунун кыйындыгы (бул көбүнчө оору өтүшүп кеткенде күтүлөт);
  • Жөтөл. Адатта эртең менен же кечинде күчөйт;
  • Көкүрөк кысылат;
  • Көкүрөктөгү кышылдоо;
  • Алсыздык, өзүн жакшы сезбөө;
  • Тахикардия (жүрөктүн согуу ылдамдыгынын бузулушу).
  • Жүрөктүн кагуусу мүнөтүнө 120-130га чейин жетип калат.
  • Баштын ооруусу, баштын айлануусу;
  • Аллергиялык реакцияга жакындык (ринит же мурундан суу куюлуу, атопиялык дерматит).


АСТМАНЫН КҮЧӨП КЕТКЕНДЕГИ БЕЛГИЛЕРИ

  • Алсыздык. Бир нерсени жасоодо дем кыстыгат, көкүрөктө кышылдоо жаралат;
  • Жөтөлдүн пайда болушу же күчөшү, какырыктын чыгышы;
  • Көкүрөгүнөн бир нерсе басып тургандай сезим, дем алуунун кыйындашы жана бронхторду кеңейтүүчү каражаттарды көбүрөөк колдоно баштоо.


ДИАГНОЗ

  • Врачтын текшерүүсү;
  • Өпкөңүздүн функциясын изилдөө үчүн спирометрия аппаратынан текшертүүсү мүмкүн жана башка;


ДАРЫЛОО
Бронхиалдык астма – бул өнөкөт оору, биротоло айыктырууга мүмкүн эмес. Бирок дарылоо менен анын аз кармоосуна жана ооруну өнүктүрбөй кармап турууга болот.

Дарылоодо колдонулат:

  • Диета
  • Дары-дармектер

1) Бронхолитиктер (бронходилататорлор). Булар бронхтогу спазмды басып, бронхту кеңейтүүчү каражаттар. Муунган учурларда гана колдонулат.
2) Ингаляциялык глюкокортикоиддер. Булар сезгенген бронхторду калыпка келтирүүгө багытталган күн сайын жана узакка колдонулуучу каражаттар.

Жана да...

1) Спелеотерапия (туздуу шахталар менен дарылоо), көнүгүүлөр, ийне менен дарылоо
2) Бийик тоо климаты менен дарылоо
3) Аллергиялык ринит оорусу барлар мурундун ичине тагылчу респираторду тагынуусу.


ДАРТТЫН АЛДЫН АЛУУ

  • Аллергия, атопиялык дерматит болсо ооруну өтүштүрбөй дарылануу;
  • Аллергиясы барлар аллергендер менен контактта болбоо (үй шыпырбоо, чаң күбүбөө, дарак, гүлдөр гүлдөп жатканда маска тагынуу, жаныбарларга жолобоо) кажет;
  • Үйдөгү эски пар жаздыктарды, төшөнчү, дивандарды ыргытуу жана үйдөгү чаңдарды аарчып туруу.


ҮЙ ЧАҢЫНДАГЫ КЕНЕЛЕР АСТМАГА ЖЕТКИРЕТ!
Үй чаңы көчө чаңына караганда 5-6 эсе кир жана анын курамында аллергендердин чоң тобу бар. Андай аллергендерге жаныбар, канаттуулардын пыр-сырлары, курт-кумурскалардын калдыктары, китеп, коробка, үй эмеректеринен бөлүнүп чыккан клейлер кирет. Антсе да чаңдын көп бөлүгүн чаң кенелери жана алар бөлүп чыгарган заттар түзөт. Негизи үй чаңында кененин 150дөн ашык түрү кездешет. Алар аба аркылуу организмибизге кирип аллергиянын, бронхиалдык астманын жаралышына түрткү болот. Кенелер көзгө көрүнбөйт, бирок керебет, төшөнчүлөрдө жашайт жана адамдын түлөп түшкөн терилери менен азыктанат. Тоок жана башка канаттуулардын жүнүнөн жасалган эски жаздыктардын 1 грамм чаңында 2000ден 15 000ге чейин (!) кене кездешет. Бул ден соолугубузга коркунуч келтирип, акырындап аллергиялык астмага чейин жеткирет.
Көчөдөгү чаңдар менен кошо үйгө чөп, дарак, гүлдөрдүн чаңчалары, жаныбарлардын пырлары киргенде аллергиялык астмага кабылуу коркунучу ого бетер жогорулайт.
Андыктан үйдү таза кармап, чаңдарды сүртүп, эски буюмдарды ыргытып, көчөдөн үйгө чаң кирбей тургандай кылып эшиктерди бекем жабуу зарыл. Аллергия же астманын белгиси билинсе дароо аллергологго кайрылып текшерилүү, дарылануу зарыл.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(7)
06.02.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм 2минден ашуун дегенге аябай тан калдым
07.02.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ сураныч 6 айлык балдарга кам коруу боюнча адистерден кенеш алып бериниздерчи?6 айлык кызым бар.кошумча тамак жебейт.кычкыл нерселерди дейт.ун менен куруттун аралашмасынан даярдалган тамакты ичет.коп ичсе зыян эмеспи?анан ичи дайыма жашыл болуп отот.сиздерден сураныч бала эмизген эне кандай тамактанышы керек билип бериниздерчи?копчулук эле жаш энелерге зарыл болсо керек
07.02.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыдамсыздык менен кутом.алдын ала рахмат
07.02.2018. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сакайуунун эч жолу жокпу ммм
08.02.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул оору мени да кыйнап жүрөт
11.02.2018. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии мени да сезонный алергия кыйнап келет,жаз келет дегенде аллергия болгонум эсиме тушуп конулум чогот
12.02.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаздыктардан коркуп калдым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо