ЭЛЧИ КЫЛЫЧБЕК СУЛТАН ТҮШТҮК КОРЕЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ ИШЕНИМ ГРАМОТАСЫН ТАПШЫРДЫ

№796 2-8-февраль 2018-жыл

Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султан аталган өлкөнүн президенти Мун Жэ Инге Ишеним грамотасын тапшырды. Аталган өлкөдөгү Кыргыз элчилигинин билдиришинче, иш-чара 31-январда «Чоң Ва Дэ» хан сарайында өттү.
Кылычбек Султан менен Түштүк Кореянын лидери эки өлкөнүн кызматташуусунун негизги багыттарын талкуулашты. «Кыргыз жери ажайып кооз жаратылышы менен даңкталат. Жылдан жылга Кореядан Кыргыз өлкөсүнө баргандардын саны көбөйүп жатат. Бул эки тараптуу кызматташтыктын өсүшүнүн дагы бир жагымдуу көрсөткүчү»,- деди Мун Жэ Ин. Ошондой эле 80 жыл мурун Орто Азия аймагына мажбурлап көчүрүлгөн этникалык корейлерди кыргыз эли жылуу кабыл алганына ыраазы экенин баса белгиледи. Ал эми Кылычбек Султан Кыргыз өлкөсүнүн тышкы саясатында Түштүк Кореянын орду чоң экенин айтып, мамлекеттер ортосундагы кызматташууну жогорку деңгээлге жеткирүү ниети бар экенин билдирди.
Эскерте кетсек, Кылычбек Султан 2017-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо