АЛА-БУКАДА ӨЗБЕК ЧЕК АРАЧЫСЫ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫНА ОК АТТЫ

№796 2-8-февраль 2018-жыл

27-январда Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айыл өкмөтүнүн Ажек аймагында 1979-жылы туулган Асан Үсөнбаевди Өзбекстандын чек арачылары атып, Өзбекстанга алып кирип кетишкени маалым болду. Кыргыздын Чек ара кызматы «Үсөнбаев чек арага жакын жерде мал карап жүрүп, Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен» деп билдирүү таратты. «Окуя түндө болгондуктан өзбек чек арачылары жарандын кайсы өлкөнүн жараны экенин аныктай албаган. Аны кармоого аракет кылганда жаран Кыргыз өлкөсү тарапка качкан. Эскертүү иретинде асманга ок атылганда токтобогону үчүн ага карай ок атууга мажбур болушкан. Жаракат алган жаран Өзбекстандын Наманган облусунун Чуст райондук ооруканасына жеткирилген»,- деп билдирди чек ара кызматы.
Кыргыз жараны 4 күндөн кийин 31-январда кайтарылды. Аны Оштогу «Достук» өткөрүү пунктунан туугандары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кыргыз чек арачылары тосуп алышты. Учурда жаракат алган жаран Бишкек шаарында ооруканада, абалы канааттандырарлык деп айтылды.
Ажек аймагынын тургундары окуя болгон жер дайыма эле Кыргыз жери болуп келгендигин, окуя чек ара тилкесинен бир топ ичкериде орун алгандыгын айтып, жергиликтүү бийликтин «өзбек жерине өтүп кеткени үчүн атышкан» деп маалымат таратканына нааразычылык билдиришүүдө.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо