-
ӨЗБЕКСТАНДЫН Улуттук коопсуздук кызматын 23 жыл жетектеген Рустам Иноятов аталган иштен бошотулуп, президент Шавкат Мирзийоевге кеңешчи болду.
-
Чүй облусунун Аламүдүн районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болжолдуу 19 миллион сомго бааланган 18 килограмм 925 грамм салмактагы спайс БАҢГИЗАТЫ менен кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда.
-
Ушул жылдын 9-25-февраль аралыгында Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүүчү XXIII КЫШКЫ ОЛИМПИАДА оюндарына Кыргыз өлкөсүнөн 2 спортчу барат. Алар: Евгений Тимофеев (лыжа менен тоодон тоскоолдуктарды аралап түшүү), Тариэл Жаркымбаев (лыжа менен жарышуу).
-
Кыргыз өлкөсүндө иштөө үчүн чет өлкөлүктөргө бөлүнгөн 14 миң квотанын 70 пайызы КЫТАЙЛАРГА берилген. Бул тууралуу мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Медетбек Айдаралиев билдирди.
-
Улуттук энергохолдингдин башчысы АЙБЕК КАЛИЕВ 39 миң сом айлык аларын айтты. Ал эми Бишкектин Жылуулук электр борборунун башчысы (ЖЭБ) 27 миң сомдук маянага иштейт.
-
2017-жылы өлкөдө 941 миң 271 ПАСПОРТ берилген. 2016-жылы бул көрсөткүч 582,9 миңди түзгөн. Аталган маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
-
Республика боюнча 2018-жылдан тарта 270 жарандан баланын төрөлгөндүгү үчүн СҮЙҮНЧҮ ПУЛ алуу тууралуу арыз Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине келип түштү. Маалыматка караганда, акчалар 15-февралдан кийин берилип баштайт.
-
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна январь айында тоодо ЖЫЛГАЯК тээп жаракат алып 389 адам кайрылган. Анын 55и ооруканага жаткырылды.
-
Учурда өлкөдө 80 миң мугалим иштейт. Билим берүү жана илим министрлигинин билдиришинче, дагы 752 МУГАЛИМ ЖЕТИШСИЗ.
-
БАЛЫКЧЫ-КОРУМДУ жолун реконструкциялоону аягына чыгаруу үчүн 2 миллиард сом керек болот. Учурда акчанын жоктугунан жумуш токтоп турат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.
-
Жогорку Кеңештин депутаты КАМЧЫБЕК ЖОЛДОШБАЕВ парламент жыйынында «кээ бир депутаттардын коомдук транспортто жүргөнүн көрүп уялам» деди.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg