Асел Чоткараева, актриса: «СҮЙҮҮМ ҮЧҮН КҮРӨШҮП ЖҮРҮП ТУРМУШКА ЧЫККАМ»

№797 9-15-февраль 2018-жыл

Жакында 14-февраль, ашыктар махабат майрамын белгилей турган күн. Сүйүү майрамын утурлай биз да сүйүү үчүн курмандыктарга барып, тоскоолдуктарга чыдап, акыры бактылуу бүлөлүү болгон каарманды издедик. “Министрдин кызынын махабаты”, “Дудук кыз” тасмаларында баш каармандын ролун аткарып, актриса катары таанылган Асел Чоткараеваны унута элек чыгарсыз. Мына ошол актриса менен бүгүн биз махабат, түгөйлөрдүн мамилеси темасында кенен маектештик.

– Асел, бүгүнкү маекти махабат темасында баштасамбы деп турам. 14-февраль – Сүйүү күнүн силердин үй-бүлө кандай белгилейт?
– Сүйүү – бул мага жаккан темалардын бири. Негизи бул майрамга азыр олуттуу карабайм. Окуучу, студент кезде, албетте, ким жигиттерден көп сүйүү катын алат деп кыздар менен жарышкан кызык болсо керек. Бирок бул убактылуу нерсе. Үй-бүлө куруп, балалуу болгондон кийин сүйүү арноону бир эле күнгө байлабаш керектигине көз жетти. Колдон келсе романтиканы майрамсыз деле бири-бирине арнап турган оң. Биз 14-февралды эстебейбиз, майрамдабайбыз деле. Балким, башка түгөйлөр үчүн бири-бирине көңүл буруу үчүн бул дата жакшы шылтоодур. Бирок биздин үй-бүлөдө күн сайын махабат майрамы (күлүп).

– Сүйүүсүнө жетпей, арман болуп калган махабат таттуу болот дешет, бул пикирге кошуласыңбы?
– Бири-бирин сүйгөн адам сөзсүз түрдө жетет. Эгер сүйүүсүнө жетпесе, ал сүйүү эмес, кумар. Мисалы, жолдошум экөөбүздү үлгү кылсам, биз сүйүү үчүн көп курмандыктарга барып, бирге болуу үчүн турмуштун көп тоскоолдуктарына чыдадык. Жолдошум менден 14 жаш улуу, ага турмушка чыгуума менин туугандарым, жолдошумдун туугандары да каршы чыгышкан. Ага карабай бири-бирибизди аябай катуу, ушунчалык бекем сүйдүк. Эки тараптын каршылыгына карабай мен жолдошум менен бирге болорумду билчүмүн. Үйдөгүлөргө да “мен турмушка чыксам бир гана Муратка чыгам, эгер ага бербесеңер, өмүр бою молдо кыз болуп күйөөгө чыкпай өтөм” дегем. Кинолордо турмушка чыкпай өмүрүн чиркөөгө кызмат кылууга арнаган “монашка” айымдар болот эмеспи. Ошолордой болом деп ойлогон окшойм (күлүп). Эгер сүйгөн адамыма турмушка чыкпай турган болсом, сүйүүнүн эшигин биротоло жабам дегем. Менимче, сүйүү деген ушундай болуш керек. Бирок сүйүү деп эле акылсыз жоруктарды жасаган болбойт. Көпчүлүк жаштар кумар менен сүйүүнү айырмалай алышпайт. Азыр көпчүлүк жаштар кумар менен эле үйлөнүп алып, тез эле ажырашып жатышпайбы. Мен жолдошум менен 4 жыл сүйлөшүп жүрүп, кумар эмес, чыныгы сүйүү экенине ынанып турмушка чыктым.

– Сүйүү үчүн көп курмандыктарга бардык деп айтып калдың, кандай кыйынчылыктар болду эле?
– Сүйүү деп мен эки тарап каршы чыгып турса да эч кимди уккан жокмун. Бул жөнөкөй угулганы менен, абдан кыйын нерсе. Эл эмне десе дей берсин, бирок жакындарың айткан ар бир сөз катуу тиет. Балким, үйдөгүлөр менден көптү күткөндүр. Өзү теңдүү жаш, кычыраган, чоң бир ишкерге турмушка чыгат деп ойлошсо керек. Менден 14 жаш улуу, 2 баласы бар мырзага апам мени ыраа көрбөдү окшойт. Акыры сүйүүм үчүн күрөшүп жатып жолдошума турмушка чыктым.
Дагы бир курмандык деп мен карьерамды эмес, үй-бүлөмдү тандаганымды айта алам. Анткени чыгармачыл адам үчүн бала менен үйдө отуруп калуу оор эле. Жаш кезде кино чөйрөсүндө жүрдүм, шоу-бизнеске да аралашып калдым, ошондон улам мен өзүм үчүн аял киши үйдө эле отурганы жакшы экен деген тыянакка келгем. Төрөп коюп эле гастролдоп же тартуу талаасында жүргүм келген жок. Эне болуп, баламдын тай-тай басканын, тили чыкканын, айтор, ар бир кылыгын көз жаздымда калтыргым келбеди.
Менин чоң, жетпей калган арманым – бул ырчы болбой калганым. Анткени ырчы болом деп Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык мектептин вокал бөлүмүн бүтүргөм. Жолдошум мени күндө вокалга алпарып, “сен ырдашың керек, талантың бар” деп жатса да, ошол убакта үй-бүлө менен карьераны чогуу алып кетүүгө көңүлүм чаппады. Көбү экөөнү чогуу алып кетсе болот дешет. Бирок баары бир бала бул нерседен жабыр тартат экен.

– “Жолдошум менден 14 жаш улуу” деп калдың, аны менен алгач мамиле түзүүдө жаш болсоң, чочулаган жоксуңбу?
– Негизи психологияда атасыз өскөн кыздар өзүнөн улуу мырзалардан камкордукту, коргоочуну көрүшөбү, айтор, өзүнөн бир топ жаш улуу мырзаларга ыкташат деп уктум. Мен кичинемде атам менен апам ажырашып кетишкен. Бойдок кезде өзүм теңдүү жигиттер менен сүйлөшкөн такыр кызык эмес болчу. Мени жакшы көрүп, сүйүүсүн арнап жатса деле аларды кичинекей баладай көрө берчүмүн. Жолдошумдун улуу экени өзүмө билинбейт деле, абдан мээримдүү, шайыр, бала кыял. Мени менен да, балдардын деңгээлине түшүп да ойной алат.
Мурунку никесинен уулу жана кызы бар. Балдары эс алуу күндөрү, каникулда биздикинде жүрүшөт. Жолдошум 4 баласынын бири-бири менен бир туугандай ынтымагын бекемдеп турган акылдуу жан. Ал мага караганда акылдуураак болгону үчүн 12 жылдан бери чогуу жашап келе жатсак керек. Анткени менин мүнөзүм оор, чарт-чурт болуп кетмей жайым бар.

– Силер үй-бүлөлүү болуп жашап калгандан кийин силердин чогуу болушуңарга кезинде каршы чыккан эки тарап менен мамилени жөнгө салуу кыйынга турдубу?
– Менин апам ошондо ызасына чыдабай мага катуу таарынган. Эне да, кандай болгон күндө да менин бактымды тилейт. Ушул маектен пайдаланып кезинде апамды таарынтып койгонум үчүн кечирим сурагым келет. Эгер менин кызым мен жасаган жоруктарды жасаса такыр эле өпкөсүн үзүп салсам керек эле (күлүп). Бирок мен эч нерсеге өкүнбөйм. Азыр бизде баары жакшы. Апам бактылуу жашап жатканыбызды көрүп көңүлү тынды. Ошондой эле кайненем менен да мамилебизди жөнгө салып алдык.
Кайненем (ред.: актриса Жамал Сейдакматова) негизи 5-6 жылдай мени такыр кабыл албай жүрдү, андан кийин үйгө келип-кетип сый бойдон жүрдүк. Азыр кайненем экөөбүздөн жакын курбу жок. Боюмда бар кезде биз менен чогуу жашап калды. Батирде жумуш деле жок да. Бирок кайненем таңкы беште туруп алып үй жыйнап, чаң сүртүп, тамак жасап кыймылдап жүрө берет. Мен турсам “госпожа, мен баарын даяр кылып койдум” десе мен да “тамак даяр болдубу?” деп тамашалап коём да. Айтор, биздин мамиле кайнене-келиндикиндей эмес. Ушундай даражалуу, даанышман адамдын жөнөкөйлүгүнө баа берем.
Бизге каршы болгонунун да жөнү болсо керек, анткени эки баласы менен мурунку жубайы экөө жарашып калар деген үмүттө болду окшойт. Эми тагдыр экен да. Адамдар биринчиси жакшы, экинчиси жаман болгону үчүн эмес, жөн гана бир нерсеге көз карашы төп келбей калса деле жашоо кыйындай берет.

«Чакан үй-бүлөбүз менен көпчүлүк убакта чогуу эс алабыз. Жолдошумдун мурунку никесиндеги балдары менен мамилем абдан жакшы».
Актриса«Министрдин кызынын махабаты» тасмасында Мадинанын ролу менен элге таанылган.


Лунара Бекиева
star@super.kg


Асел Чоткараева: "Өзүмдөн 14 жаш улуу адамга турмушка чыгуума баары каршы болушкан"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(29)
13.02.2018. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамал Сейжакматова эанагы кыска меираждуу видео роликте тыкыр кайнененин ролун ойногон го. Чыныгы турмушта кандай болдукен....
13.02.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы. Ийгилик. Бакыт.
13.02.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бактылуу болунуз. Ырчы болбой жакшы эле кылыпсыз. Баланын ар бир кылыгын коруп отуруу чон бакыт, билгендерге. Азыр не коп ырчы коп. Саны бар сапаты жок.
13.02.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+56
Бул эжени мен да катуу суйгом. Бишкекке жаны келгенде ош базар жактан коргом. Артынан эрчип барсам
Бир уйго кирип кетти. кете берип адашып кетипмин. Азыр ойлосом ктркга кирип кеткен экен. Бактылуу болунуз
13.02.2018. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Tyty1990,уйго кирип кеткен жерижакты азамат
13.02.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ким эле оз кызын озунон чон кишиге,экинси аял болуп турмушка чыкканга ыраазы болот экен?
13.02.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акыркы учурда жок эле болуп кеткен актриса уйдо бала багып жаткан экен да. Азаматсыз. Улгулуу уй булоолордон болгула.
13.02.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Уй-булоону тандаганына мыкты баа бердим.
13.02.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уй-булонуз менен бактылуу болунуз!
13.02.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болунуз
13.02.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Каштары жагат, стервиозный каштары бар го ар бир айткан созуно реакция кылып турган)
13.02.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат!Ачык,жасалмасы жок интервью!!!Чыдамдуулук менен жеңиптир баарын!Бактылуу бол!!!
13.02.2018. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да опкосун узуп салмакмын)))
SUPER.KG видео
14.02.2018. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо ХХХХХХХХ окшойт бактылуу болушсун
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-14 11:42:35
SUPER.KG видео
14.02.2018. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озу суйуусун жар салыптыр жалган суйлогондой эле сезилди
14.02.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
мен да суйгом Мадинаны озуму Жоробек элестетип...негизи татынакай кыз
14.02.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мадинаны омурум откончо унутпайм го.
Бактылуу болгула.
Ай Мадина...
14.02.2018. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырыс Жоомартовага копия го...
15.02.2018. 06:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
mela,мен кайненесине окшоштурдум,эгер келбети жагынан окшошуп кетсе жакшы тил табышат дешет,бири-бирин тушунуп,анткени жигиттер кыздардан апасынын мунозун издешет эмеспи...
15.02.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ekoon 2 balany oiloboston suiuwup katuu ketipsinirgo,baikuw birinchi ayalyna boorum achydy kim ajyrawkysy kelet 2 balasy mn,Kudai saktasyn saga okwop 2 balasyn bardy suigondon,saga okwogondor inerview berbei ele koigulachy jaw kyzdardy buzasynar,jawoodo jakwy iw kylgandai chydadyk deisingo,suluu ele juzun bar bolchu ozundun tenindi tapsan bolmok,azyr oto karyp ketipsin
15.02.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болгула жолдошу жаш корунот экен
15.02.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуз!!
16.02.2018. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
молодец мен бул айымды Мадина деп эле журуптурмун Асель экенин эми билдим акылдуу аял экен бактылуу бол!
16.02.2018. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз 6жыл сүйлөшүпда,биринчи турмушубуздан ажырап 2жолу аракет кылсакда жетпедикго,бул пешене тагдыр кудайым буйруганы болотда,кудайым бир болгон жазбаса миң аракет кылсаң да жетпейсиң. Так что бактылуу болуңуз.
16.02.2018. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
12 жыл чогуу болсо,эжешкабыз канчанчы жылкы?
17.02.2018. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Zarijun,1986-ж
17.02.2018. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх менда Мадинанын оордунда болгум келчү Жоробекти сүйүп
19.02.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошондон коро озунун тенин таап турмуш курбапсызда ХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-19 17:50:51
20.02.2018. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда суйом бул кызды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо