ҮЙ ЖАНЫБАРЛАРЫ КАЙСЫ ООРУЛАРДАН АЙЫГУУГА САЛЫМ КОШОТ?

№797 9-15-февраль 2018-жыл

Жаныбарлар, мисалы, ат, мышык, ит, дельфин, канаттуулар, балык, аары, сүлүк жана башкалар түрдүү оорулардан айыгууга салым кошору мурунтан белгилүү. Бул жолу мышык, ат, ит менен дарылоону сунуштайбыз. Алардын ооруларга тийгизген таасирин билип, мүмкүн, сиз да колдонуп көрөрсүз.


ИППОТЕРАПИЯ ЖЕ АТ МИНГИЗИП БАСТЫРУУ МЕНЕН ДАРЫЛОО
Ат менен дарылоо тууралуу маалыматты иппотерапевт жана балдар психологу Галина Захарова баяндайт:
– Иппотерапия менен иппотерапевт же атайын курсту бүткөн инструктор алектенет. Иппотерапия өз ичине медицина, психология жана педагогиканы камтыган көп функционалдуу калыпка келтирүүчү дарылоо. Дарылык физикалык көнүгүүлөрдүн формасы катары да каралат.
Талап боюнча ат жоош, таза багылган, ветеринардын көзөмөлүндө турган оорусу жок ат болушу зарыл. Ат минип бастырганда адам тынымсыз термелет. Бул бардык булчуңдарга таасир этип, татаал кыймылдарды жасоого аргасыз кылат. Адам атты башкаруу үчүн бир эле мезгилде 2 колу, 2 буту менен кыймылдарды жасап, ошол эле кезде тең салмагын сактоого аргасыз болот. Аттын денесинин табы 37-38 градус болгондуктан, ат минген адамдын бутунун булчуңдары жылыйт жана массаждалат. Кыймылдан улам организмдеги зат жана кан алмашуу жакшырат. Андыктан иппотерапия кыймыл-аракетти жакшыртып, өнүктүрөт, айлана-чөйрөнү таанып-билүүнү, акыл-эсти, ой жүгүртүүнү өстүрөт жана башка. Төмөнкү ооруларда сунушталат: аутизм, балдардын шал оорусу (ДЦП), акыл-эстин өспөй калышы, инсульт, артрит, склероз, сколиоз, дененин бир бөлүгүнүн кыймылдабай калышы (жарым шалдык абал), кекечтенүү. Кыймыл-аракетти жакшыртып, булчуңдарды өстүрүп баруу менен өзүн тейлей албаган адамды айрым иштерди өз алдынча жасай алууга чейин жеткирүүгө болот. Ат мингизип бастыруу менен дарылоодо жаш курак ылганбайт. Эгер адамдын аттын жүнүнөн аллергиясы болсо иппотерапия болбойт. Өзүн же балдарын ат менен дарылатууну каалагандар врачтын уруксаты менен келүүсү керек.
Психикалык жактан жабыркагандар ат мингенде «мен башкаларга караганда өйдөдө отурам. Ат минүү жана башкаруу менин да колумдан келет» деп өзүн ишенимдүү сезип башташат. Бул болсо айыгууга карай жол.
Бизге иппотерапияга жогоруда айтылган оорулар менен ооругандар келишет. Улуулары да, кичүүлөрү да бар. Аларды айыктыруу кыйын, бирок жылыштар болот. Бир аптада 3 ирет келишет. Жылыш эртерээк болуусун каалагандар дарылоонун мөөнөтүн үзбөй келүүлөрү зарыл. Өз алдынча отура албай келгендердин арасында отурганды үйрөнүп калгандары бар. Оорунун айынан мурун денесин түз кармай албай кыйшаңдап басса, эми түз басып, ал тургай велосипед тебүүгө жарап калгандары кездешет. Чыр-чатактан улам депрессияга кабылган балдардын арасында депрессиядан чыгып, жакшы окуп, жаңы досторду таап кеткендери көп.
Ат минүүдө адам жаман ойлордон алаксыйт, көңүлү куунак тартат, жакшы ойлорго жетеленет. Андыктан оорубаса деле иштен чарчап жүргөндөргө, депрессиядагы адамдарга да сунушталат.


КАНИСТЕРАПИЯ ЖЕ ИТ МЕНЕН ДАРЫЛОО
Окумуштуулар: «Иттерди сылап-сыйпоодо, алар менен сүйлөшүп, ойноодо, сейилдөөдө, аларга тамак берип кам көрүүдө оорулууларда, майыптарда, дегеле соо адамдарда деле стресс төмөндөйт. Артериалдык кан басым, кан айлануу жана тамак-ашты сиңирүү калыптанып, көңүл ачылат. Шал оорусу менен ооругандардын кыймыл-аракети жакшырат. Невралгия менен остеохондроздо оорутуу басылат, сезгенүү кетет, жаралар эрте айыгат»,- дешет. Айрым изилдөөчүлөр болсо «иттер – биоэнергетиктер. Алар ооруган органдан чыгып жаткан терс энергияны так аныктап жана үрүп белги беришет» деп белгилешет.
Канистерапия аутизм жана Даун синдромунан жабыркагандарга да сунушталат.



ФЕЛИНОТЕРАПИЯ ЖЕ МЫШЫК МЕНЕН ДАРЫЛОО
Статистикага таянсак, үйүндө мышык бакпагандар баккандарга караганда врачтарга 5 эсе көп каттайт экен. Мышыктар невроз, депрессия, жүрөк-кан тамыр, муун, дем алуу, ашказан-ичеги, омуртка, ички бездер ооруларын айыктырууда колдонулат. Мышыктын эркелеп кырылдаган үнү үн терапиясы болуп саналат. Андай үн сынган сөөктүн бүтүүсүн тездетет. Артрит, кызыл жүгүрүк, остеохондроз оорусунда ооруну басаңдатат.
«Мышыктар да биоэнергетиктер. Алар адамдын ооруган жерин таап, ошол жерге жабышып жатуу, жылытуу, тамандары менен тырмалоо же жалагылоо аркылуу ооруну азайтып, бат сакаюуга салым кошот» дешет окумуштуулар. «Мышыктар кожоюнунун жүрөк оорусунун кармай турган учурун баамдап, анын буту-колуна сүйкөнө берүү менен ишарат берет. Андайда кожоюну дарысын ичип алышы зарыл» деген илимпоздор да бар.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(10)
13.02.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ат менен дарылануунун пайдасы кобуроок окшойт ээ
13.02.2018. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мышыктын пайдасын коп укканмын мен.
14.02.2018. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
сонун гооо. Билбепмин
14.02.2018. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй жаныбарларын аябай жакшы кором. Айрыкча күчүктөр мыймыйлыр бөжөктөр кандай соонун.
14.02.2018. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошон үчүн ак кулактар ит, мышык багышат экен да, көчөдө аларды эркелетишип көп жүргөнүн көрүп калам.
15.02.2018. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах кечирсин мени канчалаган мышык олтурдум эх жаштык
15.02.2018. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй эч нерсеге даары эмес бекен э
15.02.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң еле популярдуу эшек жокго
16.02.2018. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хадистерде айтылат ко Мухаммед с.а.в.(ага салаваттар болсун) пайгамбарыбыздын кийип жүргөн күрмөсүнө бир мышык жатып уктап калганда, пайгамбарыбыз мышыкты ойготпостон, мышык жаткан жерди кесип алып кийген.
19.02.2018. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мышык кимге керек? Бекер эле берем Бишкек Токтогул Ивановка көчөлөрүнун кесилишинде жакта жашайм керек болсо алып кеткиле.
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-19 09:14:08
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо