АЙЫМДАРГА КОШУМЧА КАРАЖАТ ТАБУУ ҮЧҮН ИДЕЯЛАР

№797 9-15-февраль 2018-жыл


Жашоо үчүн акча керектигин эч ким тана албас. Эгер сиз аз суммадагы акча менен чакан бизнес баштоого болбойт десеңиз, жаңылышасыз. Төмөндө үйүндө жумушу жок отурган кыз-келиндерге бизнес-идеяларды сунуштамакчыбыз.

АЛГАЧКЫ КАДАМ

1. Алгач жашаган аймагыңызга изилдөө жүргүзүңүз. Учурда рынокто эмне актуалдуу, кайсы товарга суроо-талап көп экенин билиңиз.
2. Актуалдуу товар сиз жашаган аймакка кайдан келерин: шаар, райондун борборунан же товар чыгарган компания дүкөндөргө жеткирип береби, ошого жараша товар баасын аныктаңыз.
3. Ал товарды саткан атаандаштардын санын тактаңыз. Товарга коюлган бааларды салыштырып чыгыңыз. Эгер атаандаштык көп болсо, товарга коюлган баа арзан болуп, сиз жаңы баштаган иштен пайда таппай калышыңыз мүмкүн.


№1 ТАМАК-АШ
Кыргызда той-аш көп. Демек, боорсок, булочка, печенье, саңза, торт, чүчпара жана башка тамак-ашка буюртма алып, бышырып сатсаңыз болот. Алгач үйдөгү ун, май жана башка азыктардан жасап турсаңыз, кийин кардарыңыз көбөйгөндө бул чыгымыңыздын ордун жаап, бизнес үчүн өзүнчө каражат бөлө баштайсыз.

Ишке ашыруу:

  • Даамдуу, сапаттуу, таза жасалышы шарт.
  • Баасы. Сунуштаган товарыңызга кеткен чыгымдар: азык-түлүк баалары, кызмат көрсөтүү, электр жарыгы же отун-суунун баарын эсептеп, ошого жараша баа коёсуз. Негизи сиз жасаган азыктын баасы дүкөндөрдөгү баадан арзан, ошол эле учурда өзүңүзгө пайда алып келе тургандай болсун. Ал үчүн азык-түлүктөрдү арзан саткан булак табышыңыз керек.
  • Баалар баракчасы. Чекене 1 килограммдын баасы, дүңүнөн 10 килограммдан ашса кандай жеңилдиктер каралгандыгы, азык канча убакытта даяр болору, азыктын кандай түрлөрүн сунуштай аларыңызды так көрсөтүңүз.
  • Таратуу. Алгач кошуна, дос, туугандардан жарнамалоо үчүн жардам сураңыз. Экинчи тарап – интернет. Бардык социалдык тармактарга товарыңыздын сапаттуу, табитти ача турган сүрөттөрүн жүктөңүз. Кызмат көрсөтүү боюнча маалымат, кызыктуу пост жазыңыз. Маалыматтарды, сүрөттөрдү улам жаңылап турушуңуз керек.


№2 СУЛУУЛУК КЫЗМАТЫ
Азыр айыл аймагында деле маникюр, кошумча тырмак чаптатуу, шеллак өңдүү сулуулук кызматтарынан пайдалангысы келген кыз-келиндер көп.

Ишке ашыруу:

  • Кызыгуу, жөндөм, талант керек. 3-4 ай атайын курстан окуп үйрөнүңүз. Ошону менен токтоп калбай, интернеттен онлайн сабактарды карап туруңуз, акыркы модадан дайыма кабардар болуңуз.
  • Өзүңүзгө эң керектүү гана аспаптарды, каражаттарды сатып алыңыз. Эгер ишиңиз жүрүшпөй калса, ашыкчаларын сата албай убара болосуз же арзан баага кетет.

№3 НAND MADE
Тигүүчү, саймачы, түймөчүлүк шыгы барларга сунуш. Үйүңүздө тигүүчү машина болгону жакшы. Сезонго жараша: суук мезгилге жылуу кийим-кече, жылуу аба ырайында жеңилин токусаңыз болот. Андан сырткары шейшеп тигип сатыңыз, жер төшөк кураңыз, бижутерия жасаңыз жана башка.

Ишке ашыруу:

  • Керектүү каражатты арзан алган булак табыңыз.
  • Интернеттен курстарды караңыз, жөндөмүңүздү өстүрүңүз, тажрыйба топтоңуз.
  • Баасы, жайылтуу, таратуу жолдору жогорку мисалдардай.


КӨЧӨТ ӨСТҮРҮҮ
Сиз жашаган аймакта кайсы жашылча жакшы өскөнүнө жараша уругун сатып алыңыз. Сезонго ылайык: капуста, помидор, бадыраң, калемпир жана башкалардын көчөтүн өстүрүп сатыңыз.

Ишке ашыруу:

  • Кайсы жашылчанын сорту актуалдуу, сапаттуу экенин билиңиз.
  • Өзүңүз айдаган жашылчалардын уругун сатыңыз же ишенимдүү адамдан алыңыз. Сиз көбөйтүп сатканда башка сорт болуп калып кардарлардын ишеничинен чыгып калбаңыз.
  • Адистен кайсы өсүмдүккө кандай кам көрүү, жер семирткич керек экенин билүү кажет.


Кийинки сандарыбызда көбүрөөк каражатка кандай бизнес баштаса болору тууралуу кененирээк токтолмокчубуз.


Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(48)
13.02.2018. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Суппер)) мен парикмахермин.
13.02.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Bobina,мен да #парикмахер
13.02.2018. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мотивация суппер
13.02.2018. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Мен беш жыл окугам кийим тигуу боюнча,бир тигуучу машинам жок,уйдо эч нерсе тиге албайм,куйоом кийинип ал деген акчаны топтоп отуруп,15мин болуп калды,кыялымдагы тигуучу машина 22мин сом экен,эми уйдо балам мн отурганча интернет аркылуу иштеп атам,пайдама 2мин чыгып калды+3мин айлык,дагы жакшы иштеп мартта каалаган тигуучу машинамды алам деп турам,кудайым буйруса
melante түзөттү 2018-02-13 09:37:34
13.02.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
melante,кудайым буйрусун
13.02.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
melante,тапканыныз жакшылыктарга буйрусун. Аллахым берекесин берсин.
17.02.2018. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asman...,рахмаат
13.02.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
melante, эн сонун. Баланы да озунуз карап, озунузго керектелуучу каражатты да озунуз таап жатыпсыз. Ишинизге ийгилик
17.02.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
omka100514,рахмат,ооба уйдо отуруп бала мн башка жакта иштей албайсын да,
14.02.2018. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
melante,интернет аркылуу кантип тапса болот экен мен да балдарым мн уйдомун)))
17.02.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aitowa11,даяр онлайн системадагы сабактар,бар экен,ошону коруп эле иштей бересин
16.02.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
melante,тилегинизге жетиниз
13.02.2018. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тигуучу машинам бар. Бирок кийим тикпейм. Тошоп, шейшеп тигем. Женилирээк жамак жумак кыла берем. Бирок кийим парда тиккенге атайын тикмечилик курска лкуп койсомбу дедимле...акча баарына керек. Бала менен отурганда эон отурбай акча тапсак жакшы да
13.02.2018. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Админ, кочот остуруу боюнча жаакшы кенеш таап бериниздерчи
13.02.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адамдарда жашоосун кызыктуу кылчу хобби дейбизби же кол өнөрчүлүкпү болот го ошол жашоомун бир бөлүгү тигүүчүлүк .Жогорудагы окурман айткандай мен да бут машина алдым 14миңге уктасам түшүмөн кетпейт ойгонсом оюман кетпей акыры жеттим.оймо төшөк курак тикмекчи болуп инеттен оймо тартмакчы болуп такыр колуман келбей койду,Бишкекте болсоңор оймонун түрү керек ким мн байланышсам болот акчасын деле салат элем.Бирок алдап кетмей жок өзүм тыйындан сом кылып жыйнап атам достор.
13.02.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nevestkaa, Саламатсызбы? Ошол оймолорду алыстан эмес жашаган жериңиздеги эле базардан, кошуна колоңдон тапсаңыз болот. Чийип алуу жеңил болуу үчүн калька колдонсоңуз болот.
13.02.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayzhamal0617,мен крда эмесмин Россиянын шаарындамын чекеде.
14.02.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nevestkaa,кандай оймолор керек менин эжем куракчы,турдуу оймолорду салып жууркан тошок тигет.
13.02.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен салаттардын турлорун тааныштар, суранса бекер эле жасап берем.Тааныш адамдардан акча сураштан деле уяласын)))
Карвингке аябай кызыгам, уйронуп алсам, повар на выезд болуп кызмат корсоткум келет.Менде да идея бар, озумдун жасагандарымды интернет аркылуу жарнамалап, албетте мээнет кылып жасаган нерселериме эмгек акысы болушун каалаймын.
13.02.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менин коптоон берки идеям ,кекс жасап сатуу билбейм кантип ишке ашырышты .
13.02.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
aianaaiana,мен да кекс,торт, жасап сатып кордум боло турган эле жумуш экен. Бирок балам ыйлаак болгондуктан анан миксер,блендер ушул сыяктуу буюмдарым жок токтоп калды. Эми баламды бир аз чонойтуп алып билек туруп ишке киришем деп турам. Тыйындап акча жыйып жатам кыялымдагы буюмдарды сатып алсам деп.
13.02.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Негизи мага ушинтип уйдо иштеп акча тапканды эп кором. Балдарымдын жанында кочого чыкпай дегендей.
13.02.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asman...,мени менен да болушо кетчи,сыр болбосо ,каяка откоруш керек ,эмне кылыш керек дегендей.
14.02.2018. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Asman...,эн туура жумуш субота воскресение балдарды ким карайт карасада кандай карайт дебей ар куну уйдо отуруп алып иштешет сонунда менда иштейм жумасына жок дегенде 3000мин болсо 5 6 мин сом табам цехтен койнок алып келип уйдо тигем да алып барып берем кыйналбайм уйум жыйылат тамак даяр балдарды бакчага жеткирем тошокто кайненем бар аны карайм кошумча акчада табам
13.02.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен фаберликте иштеп кордум эле заказ чогулта албадым балам менен. Иши кылса мага ылайыктуу жумуш эмес экенла.
13.02.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага эн керектуу макала экен
13.02.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен шапка, шарф токуйм, түрдүү бижутериялар жасайм)
17.02.2018. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Datkaiymka, Сенин колун АЛТЫНГО
13.02.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менде тиге турган машина бар бирок тикпей эле журом заказ жок январ айынан бери
Anarushka түзөттү 2018-02-13 21:49:35
13.02.2018. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен план кылып жургон бизнес да жазылыптыр. Кудай буйруса жакын арада пландарымды ишке ашыра баштайм го...
14.02.2018. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жакшы кенеш экен мен да булочка кекс саткым келет жакшы жасайм баштайын десем балам кичинекей
14.02.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен да уйдо 1 жаштагы бала мн (бусинка)мончоктон ваза,тарелка,Фруктовница сыяктуу буюмдарды жасайм,устуно 200-300 кошом эн эле коп дегенде,бирок жасащы жасап алып кантип сатышты билбей отурам,вацаптан бардык жакындарыма коргозуп 1-2 ден кетип жатат, кызыгып коргусу келгендерге вацап 0706588840
14.02.2018. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин колумдан торт, булочка, кекс жасаш келет, заказ берсе жасап бермекмин
14.02.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
А мен уй саап курут мн май кылам:) Сатбайм, келген конокторго берип, озубуз жегенден ашбайт деле.
14.02.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
VIK,эн жакшы жумуш экен канча адамдын конулун которуп экообуз тууган болуп алсакпы курутту жакшы коробуз
15.02.2018. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
momun74,эмнеге болбосун, болот!:) Келиниз коноко:)
15.02.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
VIK,рахмат куда кааласа
14.02.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А мен жаны келин болуп келгенде англис тилинин курсун ачып алгам. Кошунанын балдары келип окучу уйдон эле. Жакшы болчу. Жыргап 10 мин сом таап алчумун 1 айда.
14.02.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Laguna2017,анан
14.02.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
А мен нижний бельё алып келип кошуналарга саттым баласы менен уйдо отурган келиндер алды балдарына,куйоолоруно,даже кайненесине же кайненеси келинине алып беришти иши кылып сатып атам бирок айыл жеринде кобунчосу карызга алат экен,карызга берип коююп отурам.
14.02.2018. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечке эле ушул кызды чыгара бересиңер би?!Башка жокпу?
17.02.2018. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mela,oiiiiii boooo bul kyz legendarnaya da))))svyaz kuchtuuu)))))
15.02.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн керектуу нерселерди чыгарыпсынар.Дагы да сонун идеяларды кутобуз Супер инфо.
15.02.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Браслет жасап,магазинге коюп койгонбуз (авысын кассир болуп иштейт).Заказ да беришет.Жоктон коро жогору дегендей
17.02.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aselina_kg,+бастым эле
18.02.2018. 06:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hand made -Кол эмгек
Пайдалуу макала экен
19.02.2018. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы кенештер суперге рахмат.Мен да бала менен уйдомун.кенири иштеткенге акча керек болуп калганда ар кандай ойлор келет.Парда тигип бычууну билем.Ошону амалга ашырсамбы деп калдым.А машина болсо калоо келсе эле даяр болот.Ойлонуп корот окшойм.
20.02.2018. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Prenses мумкун болсо кенениреек айтып бересинерби.кантип кошулат же кантип жонотот дегендей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо