ДЕПУТАТ КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВДИН СҮЙЛӨШҮҮСҮН «ТЫҢШАГАН» ДИКТОФОН ТАБЫЛДЫ

№797 9-15-февраль 2018-жыл

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев менен ИИМдин Күзөт башкармалыгынын мурунку башчысы Талантбек Исаев тамактанып отурган столдон алардын сүйлөшүүсү жаздырылып жаткан диктофон табылды. Окуя Бишкектеги "Обама" кафесинде болгон.
«Биз тамактанып бүтүп туралы деп жатканда столдун астына диктофон түшүп кетти. Муну ким уюштурганын так айтуу кыйын. Биз оппозициялык саясатчылар мындай нерсеге көнүп деле калдык. Бизди аңдыгандан көрө өлкөгө коркунуч алып келе турган башка күчтөр менен күрөшүшсө болмок»,- дейт Иманалиев.
Кафенин жетекчилиги диктофонду башка столдо отургандар койгонун айтып, имараттын ичиндеги видеобайкоонун тасмасын укук коргоо органдарына өткөрүп бергенин билдиришти. Окуя териштирилмекчи.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо