БИР БҮРКҮМ. БИШКЕК ЖЭБинин ДИРЕКТОРУ АЛМАШТЫ...

№797 9-15-февраль 2018-жыл

  • Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз өлкөсүнүн Орусияга болгон 240 МИЛЛИОН ДОЛЛАР карызын кечүү жөнүндө мыйзамга кол койду.
  • Бишкектеги «Мамлекеттик тарых музейи» президенттин жарлыгына ылайык, «УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ» деп өзгөртүлдү.
  • Бишкектин Жылуулук электр борборундагы АВАРИЯДАН улам үйлөр талаптагыдай жылытылбагандыктан 27-январдан 2-февралга чейинки күндөргө жарандар жылуулук үчүн акча төлөөдөн бошотулат.
  • Жогорку Кеңештин депутаттары ОСМОНБЕК АРТЫКБАЕВ (КСДП), ТААЛАЙБЕК МАСАБИРОВ жана АЛМАЗБЕК БААТЫРБЕКОВ («Кыргызстан») 9-февралда АКШнын президенти ДОНАЛЬД ТРАМПТЫН атайын сый тамагына катышат.
  • Республика боюнча 7 миңден ашуун жаран КУРГАК УЧУК менен ооруйт.
  • БИШКЕК ЖЭБинин ДИРЕКТОРУ Нурлан Өмүркул уулу кызматтан бошотулуп, ордуна Андрей Воропаев дайындалды. Воропаев ЖЭБди 2013-2017-жылдары да башкарган.
  • Мамлекеттен ИПОТЕКАЛЫК НАСЫЯ ала турган жарандардын өлкөдө турак жайы болбошу керек. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан кабарлашты.
  • 2018-жылдын январь айында өлкө боюнча 1 миллиард 886 миллион 747 миң киловатт-саат ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ пайдаланылган. Бул былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу 123 миллион 349 миң киловатт-саатка көп.
  • 2016-жылы өлкөдө АРАКЕЧТИККЕ эркектер аялдарга караганда 7 эсе көп чалдыккан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
  • 2018-жылга карата мамлекеттик БЮДЖЕТТИН ТАРТЫШТЫГЫ 20,2 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
  • Жарандар жаңы төрөлгөн балага берилчү СҮЙҮНЧҮ ПУЛДУ 10-февралдан тарта ала башташат.
  • Өлкө аймагында КҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫН баасы 4-6 пайызга чейин кымбаттайт. Буга дүйнөлүк базардагы мунайдын баасынын кымбатташы себеп болууда.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо