СИЗДИН ЧЫНЫГЫ ЖАШЫҢЫЗ КАНЧАДА? БИОЛОГИЯЛЫК КУРАГЫҢЫЗДЫ БИЛИП АЛЫҢЫЗ

№798 16-22-февраль 2018-жыл

Окумуштуулардын изилдөөсүндө адамдын хронологиялык курагы биологиялык курагына көпчүлүк учурда дал келбейт. Паспорттогу хронологиялык курагыңыз 50 болсо, организмдин ички системинин иштөөсүнө ылайык биологиялык курагыңыз 30 жашта болушу мүмкүн же тескерисинче. Биологиялык курак – бул организмдин абалы, органдардын ар биринин саламаттыгы. Төмөндө тест сунуштайбыз, аларды аткаруу менен биокурагыңызды биле аласыз.

НЕРВ СИСТЕМИНИН БИОКУРАГЫ
Муну аныктоо үчүн сизге жардамчы керек. Жардамчыңыз 50 сантиметрлик сызгычты тигинен кармайт, 0 цифрасы төмөн карашы керек. Сиздин колуңуз сызгычтан 10 сантиметр ылдый жайгашат да, сызгычты коё бергенде сөөмөй жана бармак менен кармап калышыңыз зарыл.

а) 20 сантиметрге чейин кармасаңыз – 20 жаш;
б) 30 сантиметрге чейин – 30 жаш;
в) 35 сантиметрге чейин – 40 жаш;
г) 40 сантиметрге чейин – 50 жаш;
д) 45 сантиметрге чейин – 60 жаш;
е) Кармай албай калсаңыз – 70 жаштан жогору.






ЖҮРӨК-КАН ТАМЫРДЫН БИОКУРАГЫ
Жай отуруп билегиңизди кармап 1 мүнөт тамырыңыздын кагышын эсептеп, жыйынтыкты жазып коюңуз. Андан кийин 10 жолу бат-бат отуруп-турган соң кайра 1 мүнөт тамырыңыздын кагышын эсептеңиз. Биринчи жыйынтык менен кийинки көрсөткүчтү салыштырабыз.

1) Эгер тамырыңыздын кагышы 10го чейинки көрсөткүчтө айырмаланса, сиздин жүрөк-кан тамырыңыздын биокурагы – 20 жашта;
2) 10-20га айырмаланса – 30 жаш;
3) 20-30га айырмаланса – 40 жаш;
4) 30-40ка айырмаланса – 50 жаш;
5) 40тан жогору же сиз 10 жолу отуруп-тура албасаңыз – 60 жаштан жогору.




БАЙЛАМТА-ТАРАМЫШТАРДЫН БИОКУРАГЫ
Акырындык менен эңкейип, тизеңизди бүкпөй туруп эки алаканыңыз менен жерге жеткенге аракет кылыңыз.

1) Эки алаканыңыз толугу менен жерге тийсе – байламталарыңыз 20 жашта;
2) Алаканыңыз жетпей, колдоруңуздун учу гана тийсе – 30 жашта;
3) Колуңуз кызыл ашыктын томугуна чейин жетсе – 40 жашта;
4) Колдоруңуз тизеңизден ылдый түшсө – 50 жашта;
5) Тизеңизге чейин жетсе – 60 жаштан жогору.





МУУНДАРДЫН БИОКУРАГЫ
Эки колуңузду бирин белиңиз тараптан, экинчисин далы тараптан артка алып, эки колуңузду бириктиресиз.

1) Колдоруңуз оңой эле «бекип” калса – муундарыңыз 20 жашта;
2) Манжаларыңыз бири-бирине кичине тийишип, бирок бекибесе – 30 жаш;
3) Колдоруңуз жакындап, бирок тийишпесе – 40 жаш;
4) Колдоруңуз артка алынып, бирок бири-биринен алыс болсо – 50 жаш;
5) Колуңузду артка кылганда ооруп же такыр эле артка кайрылбаса – 60 жаштан жогору.





ОРГАНДАРДЫН ШАЙКЕШТИГИ ЖЕ КООРДИНАЦИЯЛЫК БИОКУРАК
Координация – организмде органдардын бири-бирине ылайык өсүшү, иштеши. Көзүңүздү жумасыз. Бир бутуңузду жерден 10 сантиметр жогору көтөрөсүз. Ушул абалда канча убакыт кармаларыңызды эсептеңиз.

1) 30 секунд же андан көп турсаңыз – 20 жаш;
2) 21-25 секунд – 30 жаш;
3) 16-20 секунд – 40 жаш;
4) 10-15 секунд – 50 жаш;
5) 10 секунддан азыраак кармалсаңыз – 60 жаштан жогору.




БУЛЧУҢДАРДЫН БИОКУРАГЫ
Жерге чалкаңыздан жатасыз, тизени өйдө көтөрүп эки бутуңузду бүгүп алсаңыз болот. Эми далыңызды гана жерден көтөрүп, белиңиз жерде болушу шарт. Колуңузду бооруңузга алып же манжаларыңызды кайчылаштырып кежигеңизди кармап алсаңыз болот. Далыңызды канча жолу көтөрө аласыз?

а) 40 жолу – булчуң күчүңүз 20 жашта;
б) 35 жолу – 30 жаш;
в) 28 жолу – 40 жаш;
г) 23 жолу – 50 жаш;
д) 15 жолу – 60 жаш;
е) 12ге жетпей калсаңыз – 65тен жогору.

 

 

Тесттеги көнүгүүлөр ошол учурдагы эмоционалдык абалыңызга жараша жыйынтык көрсөтүшү мүмкүн. Жыйынтыгына канааттанбай калсаңыз, спорт менен машыгып, организм менен гармонияда болуңуз. Андан кийин өзүңүз каалаган жыйынтыкка жете аласыз.

«ТУУРА ТАМАКТАНГАН АДАМ ЖАШ БОЛОТ»
Тамак-аш технологу, сапаттуу тамак-аш боюнча адис Айгүл Имерова биокуракка туура тамактануунун тийгизген таасири тууралуу буларга токтолду:
– Биз жеген тамак адамга күч-кубат берүүчү кызматты аткарышы керек. Бирок азыркы учурда химиялык жол менен өндүрүлгөн азыктардын көбөйүшү ден соолукка терс таасир тийгизүүдө. Андай азыкты организм сиңирүү үчүн кошумча күч кетет, уйкубуз келип, ныксырап, шалдырап калабыз. Жаратылышы, таза аба, суусу бар Кыргызстанда нукура азыктарды өндүрүүгө бардык шарттар бар. Табигый нукура азык жеген адам өзүн сергек сезип, күч, акыл жөндөмдүүлүгү күчөйт, ар кандай оорулардан алыс болот, демек, биологиялык курагы жаш болот.

«БИОЛОГИЯЛЫК КУРАГЫҢЫЗДЫ ЖАШАРТКЫҢЫЗ КЕЛСЕ, СПОРТ МЕНЕН МАШЫГЫҢЫЗ»
Мирбек Буларкиев, машыктыруучу:
– Жогорудагы көнүгүүлөр спортто ички көнүгүүлөр деп аталат. Ички көнүгүүлөрдө алгач жан дүйнөнү тазалаш керек, организм менен гармонияда болууну үйрөнүү зарыл. Ички көнүгүүлөрдө организмди жашартуучу гормондор бөлүнүп чыгат. Адам хронологиялык курагына карабай тың, сергек жүрөт. Спорт менен машыгуу эч качан зыян алып келбейт. Андыктан биологиялык курагыңызды жашарткыңыз келсе, спорт менен машыгыңыз.


Асыл Орозбекова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(24)
20.02.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы
20.02.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы
20.02.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Хронологиялык жашым 33тө биологиялык жашым ар түрдүү экен)кээ биринде 20 а кай биринде 30
20.02.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булчуңдарымдын биокурагы 50 менен 60 ортосу экен. Тез спорт менен машыгып 20 кылышым керек
20.02.2018. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ункуйуп телефон,комп менен олтурсак, хронологиялык жашыбыз 25де болсо да, биологиялык жашыбыз 45ке келип калат.
20.02.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Мен эсептесем 60тан ашып пенсия ала баштаганыма 2 жыл болуптур
20.02.2018. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tyty1е990,
20.02.2018. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tyty1990,ха ха ха озу жашынар канчада
22.02.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ne.vajno,28болуш керек
20.02.2018. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tyty1990, хи хи хи
20.02.2018. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзүм жаш болсом да катттып калыпмын гоо))) ар кимисинде ар кандай биологиялык куракта экенмин... бирок уят элее)))
20.02.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Конугуулордун жыйынтыгына таянсак, биологиялык курак 20 жашта экен ))
20.02.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курсактуу адамдар пенсияда экен
20.02.2018. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ото жаш экенмин
21.02.2018. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каяктагы болбогон нерселер)
21.02.2018. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм жакшы экен. Текшерип коруш керек экен.
21.02.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хронологиялык жашым 21 де биологиялык жашым 20 дан 30 га чейин корсотту,демек спорт менен машыгып,туура тамактанышым керек экен
21.02.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оооу спорт менен алектениш керек экен
21.02.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болбогон нерсе
22.02.2018. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен почти баарында эле 20 жаш болдум го, өзүм 30 дан ашкан жашым
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-22 13:04:57
22.02.2018. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтсам зээриктим , текшерип коргонго кызыкпадым ....
23.02.2018. 07:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э ХХХХХХХХХХХХХХ когуло
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-23 10:55:40
23.02.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kgz87,
Этика нормаларын сактаңыз! Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! 10 күн БАНга!
24.02.2018. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кызыгып текшерип көрдүм.. биологиялык жашым менен хронологиялык жашым баардык көнүгүүлөрдө дал келди.. Бирок жашартканга аракет кылалы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо