ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН КЫЗМАТКЕРИ 30 МИҢ ДОЛЛАР УУРДООГО ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

№798 16-22-февраль 2018-жыл

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров парламент бюджетинен 30 миң доллар (2 миллион сомдон ашык) өзүнө ыйгарып алууга шектелип кармалып, 2 айга камакка алынды.
30 миң доллар Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка берилүүчү акча болгон. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын Айтматов атындагы сыйлыгы Кыргыз өлкөсүнүн сунушу менен 2012-жылы уюштурулган. Ага ылайык, жыл сайын маданият, илим, адабият жана искусствого кошкон олуттуу салымы үчүн 1 адамга Чыңгыз Айтматов атындагы медаль, атайын күбөлүк жана 30 миң доллар тапшырылып келет. 4 жылдан бери тапшырылып келе жаткан сыйлык 2017-жылы эч кимге ыйгарылган эмес.
30 миң долларды ыйгарып алууга бөлүм башчыдан башка адамдар да аралашкан болуусу мүмкүн деген пикирлер айтылып жатат. Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков
30 миң долларды парламент бюджетинен бөлдүрүү боюнча катка Эл аралык иштер комитетинин ал кездеги төрагасы Аскарбек Шадиевдин колу коюлганын ЖМКларга билдирди. Бул окуяга байланыштуу толук маалыматтар тергөө бүткөндөн кийин айтылат.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо