Эркиндиктин 50 кыры: ГРЕЙ МЫРЗАНЫН ТӨШӨК ОЮНДАРЫ АЗАЙДЫ

№799 23-февраль -1-март, 2018-ж.

Коомчулукта талкуу жараткан «Грей мырзанын 50 кыры» тасмасынын 3-бөлүгү тартылып, 7-февралдан баштап кинотеатрларда көрсөтүлө баштады. Бул окуядан Бишкек да четте калбады. «Эркиндиктин 50 кыры» деп аталган эротикалык бестселлердин уландысы тууралуу кызыктарды сунуштайбыз.

Жанры – Романтикалык драма
Режиссёру – Жеймс Фоули
Продюсери – Майкл Де Лука, Эрика Леонард Жеймс, Дэна Брунетти, Маркус Висиди
Сценарийдин автору – Ниалл Леонард
Башкы ролдордо – Дакота Жонсон, Жейми Дорнан, Ким Бейсингер, Ариэль Кеббел, Брэнт Догерти, Люк Граймс жана башкалар
Оператору – Жон Шварцман
Композитору – Дэнни Эльфман
Чыккан жылы – 2018-жыл
Бюджети – 55 миллион доллар


«КҮҮГҮМ» ЧЫГАРМАСЫНАН ТААСИРЛЕНГЕН ЭРИКА ЛЕОНАРД ЖЕЙМС
«Грейдин 50 кыры» чыгармасынын автору Эрика Леонард Жеймс жазуучу Стефани Майердин «Күүгүм» чыгармасынан таасирленип «Дүйнөнүн кожоюну» деген фанфик (кинодогу же чыгармадагы каарманына таасирленип жазылган дил баян) жазып коомчулукта дүң болгон. Эрика Жеймс берген маектеринин биринде «эгер Стефани Майердин чыгармасына фанфик жазбасам жинди болуп кетмекмин, чыгармадан алган таасирди бир жерде бөлүшүшүм керек эле» деп айтканы бар. Ысымы эл оозуна алынып калган Эрика Жеймс фанфиктерге болгон кызыгуусун кеңейтип «Күүгүмгө» тиешеси жок чыгарма жазгысы келет. Ошентип анын калеминен 2011-жылы «Грейдин 50 кыры» чыгармасы жаралган.


КРИСТИАН МЕНЕН АНАСТЕЙШАНЫН ҮЛПӨТ ТОЮ
Миллиардер Кристиан Грей менен сүйүктүүсү Анастейша Стил үйлөнүп бал айында жүргөн. Кокусунан Грейдин кеңсесине каракчы кирип, түгөйлөр бал айын үзгүлтүккө учуратып Сиэтл шаарына кайтканга мажбур болушат. Грейдин кеңсесине кирип компьютерден документтерди уурдаган адам видеокөзөмөлдөн Анастейшанын мурунку жетекчиси Жек Хайд экени билинет. Жек Хайд тасманын 3-бөлүгүндөгү негизги терс каарман. Ал Грейдин үйүнө жашынып кирип, Анастейшага бычак такап коркутуп, полиция кызматкерлери кармап кеткенде алардан да күрөөгө акча берип кутулат. Жек Хайд Грейдин карындашын уурдап кетип, 5 миллион доллар талап кылып Анастейшаны коркутат. Айтор, бир душман менен күрөшкөн жаңы үйлөнгөн түгөйлөрдүн укмуштуу окуялары тасмада кенен берилген. Тасманын сюжетин юмор, драма, романтика көбүрөөк түзгөн. Бул бөлүктө Грей мырзанын төшөк оюндарына азыраак орун берилгендей. Тасмада түгөйлөрдүн бири-бирине болгон таттуу мамилесин, ысык төшөк кумарын, Анастейшанын ылдамдыкты сүйөрүн, чачтарач болгонун, Грейдин мас абалын, кала берсе рояль ойноп, Пол Маккартнинин ырын созгонун көрөбүз.

ТАСМА 1 КҮНДӨ ӨЗҮН АКТАГАН

  • Фильмдин экинчи жана үчүнчү бөлүгү удаа тартылган.
  • «Эркиндиктин 50 кыры» 2016-жылдын февраль айынан июль айына чейин Париж, Ванкувер шаарларында тартылган.
  • Чыгарманын автору Эрика Леонард Жеймс тасма тартуу иштерин көзөмөлдөп туруу үчүн иш процессине баштан-аяк катыша турган адамды, тактап айтканда, күйөөсү Ниалл Леонардды тартуучу топко кошкон.
  • Чыгарманын автору башында Грейдин ролунда Роберт Паттинсонду көргүсү келген, бирок тартуучу топ Жейми Дорнанды тандашкан.
  • Фильм Франциянын Ницца шаарында теракт болгон убакта тартылган. Теракттан 84 адам каза болгон. Аза күтүү күнү тартуу иштери токтотулуп, эртеси уланган.
  • Төшөк оюндарында колдонулчу түрдүү ыкмаларды үйрөтүү үчүн да тасма жаратуучулар атайын адис жалдашып баш каармандарды окуткан.
  • «Эркиндиктин 50 кыры» тасмасынын бюджети 55 миллион долларды түзөт. Тасма сатыктагы биринчи күндө эле 60 миллион доллар таап, бюджетин жапканга жетишкен. Кошумчалай кетсек, "Грей мырзанын 50 кыры" тасмасы 570 миллион доллар, "Караңгылыктын 50 кыры" деп аталган экинчи бөлүгү 381 миллион доллар киреше топтой алган.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(26)
27.02.2018. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бети жок кино))
27.02.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Аа де ушундай беле бешене дечу беле
27.02.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
semizkyz,:)
27.02.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул кино аябай жагатта, мен суйгон филм.
27.02.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким корду ушул кинону ?
27.02.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
китеби кызыктуу. Грейдин ролун аткарган актер жакпай калды да. Китепте башкача суроттолгон.
27.02.2018. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызча котормосу сонунго 50кыры деп.саал саал күгүмүраактын 50кыры деседа жакшы болмок:):)
27.02.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бюджет ушунча элеби?анан эмнеге биздикилер дин бюджети айылда тартса деле 50-100мин $ дей беришет?!
27.02.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mela,миллион менен миндин айырмасы барго дейм.бул жерде $55миллион деп атат биз жердештерибиз $50мин деп атат окшойт
27.02.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
mela,миллион менен миндин айырмасы барго дейм.
27.02.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aika1626,көрдүм миллион экенин.Биздин рынокко 50мин $ деле чоң сумма . болбогон кино үчүн.
02.03.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mela,биздикилердики мин $ деп турса алардыкы миллион $...мин менен миллиондун айырмасын билесизби??
27.02.2018. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул кинонун озунун аты мине
27.02.2018. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tyny44,50 оттенок серого,болсо керек эле.
27.02.2018. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мммм..коргон эмесмин...корбойм дагы го....мен ужастарды жакшы кором...
27.02.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кинону кайактан таап Корсо болот,билгендер айтып койгулаa
28.02.2018. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун кино особо 2 си девушкам менен көргөм эми кинотеатрдан көрүп келебиз
28.02.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"50 оттенков серого" , "50 оттенков свободы" дегендерин кордум , бирок маанисин тушунбодум, женил желпи кино, тем более тарбиялык эч бир касиети жок.
sayana түзөттү 2018-02-28 14:38:16
28.02.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен "50 отткенков черного" сун көрдүүм)))
01.03.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эротик киного кантип кордуңор кыз келиндер
01.03.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
50оттенков кыргызаны ким корду?
01.03.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Намаз окуугула еротика коргончо
02.03.2018. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
50 оттенков серого 50 оттенков темнее 50 оттенклв свободы
02.03.2018. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Серого темнее свободы деген учоосу бар а черного дегени мындай эле
03.03.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
отправьте ссылку , пожалуйста
03.03.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Козунорду арам нерсе коргондон тыйгыла пенделер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо