БИР БҮРКҮМ. 4 МИҢДЕН АШУУН ЖАРАН ЖЕР КӨЧКҮ ТҮШҮҮ КОРКУНУЧУ БАР АЙМАКТА ЖАШАЙТ...

№800 2-март -8-март, 2018-ж.

  • Быйыл жазда БИШКЕК ШААРЫНА 2,8 гектар жерге 1 миллион 200 миң түп гүл отургузулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
  • ТАШКЕНТ-БАЛЫКЧЫ-ТАШКЕНТ темир жол каттамы 22-марттан баштап жумасына бир жолу жүрө баштайт. Билет баасы 2500дөн 6432 сомго чейин.
  • Өлкөдө 2016-жылы КУРГАК УЧУК менен ооруган 5 680 адам болсо, 2017-жылы 110 адамга азайган. Ал эми былтыр 404 мектеп окуучусу аталган илдет менен ооруп жатканы белгилүү болду.
  • КЫРГЫЗ ПАСПОРТУ визасыз режим рейтингинде 180 өлкөнүн ичинен 77-орунду алды. Ал эми лидерликти Сингапур менен Япония ээледи.
  • 2017-жылы өлкөдө 97 ӨСПҮРҮМ ӨЗҮН-ӨЗҮ ӨЛТҮРГӨН. Анын 69у эркек балдар, 28и кыздар. Мындай жолго баргандардын көпчүлүгүнүн ата-энелери чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттары. Аталган маалыматты Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
  • 28-февралда вице-премьер-министр САНЖАР МУКАНБЕТОВ Жогорку Кеңеште ант берди.
  • ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫНЫН 1 метр кубу март айында 14,29 сом болот. Бул баа февраль айында 14,34 сом болгон. Маалыматты «Газпром Кыргызстан» мекемесинен таратышты.
  • 4 миңден ашуун жаран ЖЕР КӨЧКҮ түшүү коркунучу бар аймакта жашап жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
  • 2018-жылы АЖЫЛЫК САПАРГА баруу үчүн катталгандардын саны 6 895 жаранга жетти. Эң көп арыз Ош облусунан келип түшсө, эң аз катталган жарандар Нарын облусуна туура келет. Маалыматты муфтияттан таратышты.
  • Өлкө жарандары 8-МАРТ майрамына карата 4 күн катары менен эс алат. Тагыраагы, 8-9-10-11-март күндөрү дем алыш күн деп жарыяланды.
  • 2017-жылы ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМГЕ айыпталып 422 адам соттолгон. Бул көрсөткүч 2010-жылы болгону 79 адам болгон, мындай кылмышка айыпталып соттолгондордун саны 7 жылда 5 эсе өскөн.
  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер апрелден тарта КЫРГЫЗ ТИЛИНЕН ТЕСТ тапшыра башташат. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо