ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 12-марттан 18-мартка чейин

№801 9-март -15-март, 2018-ж.




КОЙ (21.03-20.04)
Каржы маcелелери жакшы чечилип жатканына карабастан аптанын акырында айрым каршылыктарга дуушар болосуз. Башкысы, ачууга алдырбаңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Өз нугуна түшүп келе жаткан иштерди токтотпостон андан ары улантыңыз. Жеке бюджетти көбөйтүү үчүн эң жакшы убак. Жума күндөн тарта жашыруун душмандардын кылтагынан сактаныңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Акча маселесин ойдогудай чечүү үчүн акыл калчап иш жүргүзсөңүз жыйынтыгы кубантат. Убакыттан уттурбаңыз. Жума күндөн баштап өнөктөштөр ортосунда түшүнбөстүк орун алат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Айрым өнөктөштөр жана көзөмөл органдары менен жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүзөсүз. Булар менен бүтүрчү иштерди бейшембиге чейин бүтүрүңүз. Андан ары пикир келишпестиктер күтүлөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жумуш, каржы маселелери жакшы чечилет. Ден соолукка кам көрүп медициналык кароодон өтүп коюңуз. Жуманын акыркы күндөрү бирөөлөр менен тирешип калуунун алдын алыңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Долбоорлор жана өнөктөштөр менен иштөөдө үйдөгүлөр менен кеңешиңиз.Жыйынтыгы жаман болбойт. Үйгө киреше кирет. Дем алышка жакын чыгым жана чырдын чыгышы күтүлөт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Үйдө да, иште да жумуштарды мыкты аткарасыз. Акчалуу болосуз. Активдүүлүктү токтотпоңуз. Аптанын акыр чендеринде жубайыңыз же башка бирөө менен пикир келишпестик жаралат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул аптада аманат буюм, акча жаатында сүйлөшүүлөрдү көп жүргүзөсүз. Керектүү документтер ийгиликтүү бүтөт. Балдарга, сүйүүгө,чыгармачылыкка да көңүл бурасыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Үй тиричилик, каржы жаатында алгылыктуу иштер жүрөт. Оптимисттик маанайда алга жыла бериңиз. Жума күндөн тарта балдарга жана чыгармачылыкка акча жумшоого аргасыз болосуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Байлыкты көбөйтүүнүн жана аны сактоонун мыкты идеялары сизде мол болот. Идеяларды кагазга жазып койсоңуз кийинчерээк кереги тиет. Үй-бүлөдө чыр чыгышынан сак болуңуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Ишиңиздин ийгиликтүү жүрүшүн кааласаңыз жалгыз, купуя аракеттерди көп жасаңыз. Жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Кайым айтышуулар болот, жагымсыз кабар угасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Көп кирешеге ээ болгуңуз келсе достор, өнөктөштөрменен көп байланышыңыз. Учурда алардын сизге болгон көз карашы жакшы. Бейшембиден тарта чыгымга учуроодон сак болуңуз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо